Памир кыргыздарына кезектеги гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Памир кыргыздарына кезектеги гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Атайын топ кечээ Ош шаарынан оор жүк ташуучу 9 автоунаа менен чыккан.

 

Атайын топ Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жүк салынган бир нече автоунаа менен чыгып кетти. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

 

Жүк кечээ, 1-октябрда эртең менен Ош шаарынан жөнөтүлгөн. Колоннада оор жүк ташуучу 9, күйүүчү май ташуучу бир, Тез жардам кызматынын бир автоунаасы бар. Маалыматта Оштон аттангандар 17:50дө Алай районунун Сары-Таш чек ара заставасына жетип, түнөп, бүгүн саат 07:45де андан ары жолун улаганы айтылат.

 

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде сегиз айыл, 208 кожолук бар, анда 1200дүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирдеги алты айылда 825 адам күн кечирип келет.

 

Буга чейин Кыргызстандан Памирге төрт жолу экспедиция жиберилип, гуманитардык жардамдар жөнөтүлгөн.

 

Ал эми былтыр 21-декабрында Мамлекеттик миграция кызматынын чакыруусу менен Кыргызстанга Афганистандан делегация келип, памирлик кыргыздардын балдары үчүн Кыргызстандагы окуу шартын жакшыртуу маселеси талкууланган.

 

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын апрель-май айларынан тарта Улуу жана Кичи Памирде жашаган, тактап айтсак, Афганистандын Бадахшан аймагындагы жети жаштан 30 жашка чейинки 30 адамды Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүрүп жаткандыгын билдирген.

 

Андан көп өтпөй эле Афганистандан келген кыргыздар Нарын облусунун беш районуна жайгаштырылмай болгондугун өкмөттүн аталган облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов билдирген. Бирок азырынча бул аракеттер ишке аша эле.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены