Памир кыргыздары көчмөндөр оюндарында (видео)

Памир кыргыздары көчмөндөр оюндарында (видео)

3-сентябрь Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, концерт жана жарыктардан турган атайын шоу, андан кийин оюнга келген өлкөлөрдүн командалары эл алдынан өтүшү менен башталды.

 

Эл алдынан Мургаб районунан келген Памир кыргыздарынан турган Таджикстан Республикасынын командасы да өтүштү. Памир кыргыздары Таджикстан Республикасынын атынан гана эмес бүткүл дүйнөлүк этникалык кыргыздардын атынан көчмөндөр оюндарына катышып отурушаттар десек жаңылышбайбыз.

 

Айтып кетсек 2014 жылы I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Мургаб районудан келген Памир кыргыздарынан турган Тажикстан командасы ордо оюнунан үчүнчү орунду алып коло медалына ээ болушкан.

 

Murgab kochmondor 2 Murgab kochmondor 3

 

 

 

II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин созулат жана улуттук спорт оюндарынын 23 түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн 1000ден ашык спортчулар катышат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены