Оштогу жолугушууда этникалык кыргыздар көйгөйлөрүн айтышты (сүрөт)

Оштогу жолугушууда этникалык кыргыздар көйгөйлөрүн айтышты (сүрөт)

Бүгүн, 27-сентябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош облусу жана Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушту. Анда этникалык кыргыздар бир нече меселе менен кайрылганын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.


Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана тургундар катышууда.


Жолугушууда Мургабдан (Тажикстан) болорун айткан Талант Миңбаев этникалык кыргыздар үчүн маркумдардын сөөгүн көмүү үчүн жер керек болуп жатканын айтты. Анын айтымында, Ош шаарында батирде жашайт.


Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов жооп берди. «Сиз этникалык кыргыздарга Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылынан [Кара-Суу району] жер бөлүнүп берилмей болгон деп жатасыз. Бул боюнча айыл өкмөт башчыны чакырып, сүйлөшөлү. Ал эми экинчи маселеңиз боюнча, Тажикстандан келген студенттер Кыргызстандагы студенттердей эле контракт төлөсүн деп жатасыз. Кыргызстанда жергиликтүү студенттерге контракт башка, чет өлкөлүк студенттерге башка төлөм бар. Бул маселе боюнча ЖОЖдордун ректорлоруна, Билим беруу министрлигине сунуш менен кайрылабыз», - деди ал.


Абдилмамат Тайманкулов кайрылман күбөлүгүн алганын, ага жер берүү үчүн Нариман айыл өкмөтүнүн токтому чыгып, бирок мамлекеттик акты бериле элек экенин билдирди.

«Бизге жер бөлүнүп, токтомдор чыккан. Архитектуралык жер чийимдери бар. Бирок «Кадастр» мамлекеттик ишканасы айыл өкмөттүн уруксаты керек деп, акты (кызыл китеп) бербей жатат. Анткени биз кечигип келип калганбыз. Айыл өкмөт башчы алмашып кетиптир», - деди ал.


Этникалык кыргыз Шарапат Умарова паспорт маселеси боюнча кайрылды.

«Тажикстандын жараны болом. Паспортум жок, ооруканадан акча сурап жатышат. Биринчи балам операция жолу менен төрөлөт деп чарчап калган. 4 жылдан бери паспорт ала албай жатам», - деди ал.


Акыйкатчы институнунан өкүл аталган маселе 1,5 айдын ичинде чечиле турганын айтты.


Ошондой эле Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну Карина Нисанбаева паспорт ала электигин айтты. «Апам Россиянын жараны. Ош шаарына көчүп келгенбиз. Мен Ошто туулгам. Туулгандыгым тууралуу күбөлүгүм бар. Бирок паспорт алайын десем беришпейт. «Апаңа, андан кийин сага паспорт жасайбыз» дешет. Мен турмушка чыккам. Балам бар, балама кантип туулгандыгы тууралуу күбөлүк алам? Аны мектепке окутуш керек», - деди ал.

 

oshtogu-zholugushuuda-etnikalyk-kyrgyzdar 1 oshtogu-zholugushuuda-etnikalyk-kyrgyzdar 3

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены