Ошто Мургаб районунан көчүп келген 6 үй-бүлө гараждарда күн кечирүүдө (Видео-Фоторепортаж)

Ошто Мургаб районунан көчүп келген 6 үй-бүлө гараждарда күн кечирүүдө (Видео-Фоторепортаж)

Ош шаарындагы Алай көчөсүндө жайгашкан гараждарда 6 үй бүлө жашап жатышат. Алар Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келишкен. Бул жерге эң алгачкылары мындан 14 жыл мурда көчүп келгиндиктерин айтышса, калгандары 2004-жылы келишкен.

 

"Үй жайыбыз жоктугунан улам ушул муздак дубалдарда күн кечирип, аргасыздан жашап жатабыз. 54 жаштамын. Оштогу борбордук базарда араба түртүп жан багам. Кээде катуу ооруп, жумушка да чыга албай калам. Күнүмдүк тапкан акчам азык түлүктөн артпайт" дейт мургабдык кыргыз Дүйшөбай Кудайбердиев.

 

 

Дүйшөбай Кудайбердиев менен бир гаражда жашаган 32 жаштагы Кожоакмат Токтоматов Мургабда жашоо оордугунан улам жумуш издеп Ош шаарына келгендигин айтат.

 

Ал эми 48 жаштагы Кошбүбү Өзүбекова Тажикстандын Мургаб районундагы Раң Көл аймагынан 2000-жылдары Оштун Кара Суу аймагына көчүп келген.

 

"Оор турмуштун айынан жолдошум ооруга чалдыгып каза болду. Анын артынан кызым да каза болуп, эки жакын адамымды жоготуп отуруп калдым. Учурда Оштогу нан бышыруучу цехтин короосун тазалап, бир күндө 100 150 сом акча табам. Жалгыз балам бар. Өтө оор шартта жашап жатабыз. Жергиликтүү бийлик же мүмкүнчүлүгү бар жарандар болсо жарам колун сунса жакшы болмок" дейт Кошбүбү Өзүбекова.

 

1
2
3
4
5
6
7
8
9
9 1
9 2
9 3
9 4
9 5
9 6
9 7
9 8

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены