Ош: Гаражда жашаган Мургабдык кыргыздарга жер берилет

Ош: Гаражда жашаган Мургабдык кыргыздарга жер берилет

Ушул күндөрү Тажикстандын Мургаб районунан келген этникалык кыргыздар Ош шаарындагы эски гараждарда жашап жатышат. Алардын алды мындан 14 жыл мурун келишкен. Шаарда 40 жыл мурун курулуп, азыр колдонулбай калган гараждарда 5 үй-бүлө күн кечирүүдө. Ош шаардык мэриясы бул этникалык кыргыздарга шаар аймагынан жер берүү маселеси чечилгенин айтууда.

 

Алгач Мургабдан келген кыргыздардын астынан сыз, үстүнөн тамчы өткөн гаражда жашап жатышканын эч ким билген эмес. Качан гана маалымат каражаттарында байма-бай айтылып баштаганда, шаар жетекчилери булардан кабар ала баштаган. 2000-жылдан бери бул жерди байырлаган Кошбү Өзбекованы Мургабдын 45 градуска чейин жеткен суугу, шарты жок оор турмушу Ош шаарына келип жашоого мажбур кылган. Келгенине 14 жыл болсо да, жарытылуу жашоого жетпей, тапканын күнүмдүк оокатка жумшап келатат.

 

Угуу


 

-Үйүбүз жок кыйналганбыз. Иним келип гаражга жарык коюп берген. Караңгыда жашап жаттык. Тамчы аккан күндөрү жумушка барып жер төлөдөгү жылуу өтүүчү түтүктөрдө жатчубуз. Ал жакта кыйынчылык. Суук, баары чөл, эч нерсе өспөйт, оорусаң эч ким дарылабайт. Эмнеси болсо да бул жакта кыргызым бар деп келдик.

 

Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жашаган 40 миңден ашуун кыргыздардын баары эле оор турмушта жашабайт. Көпчүлүгү мал жандык кармап, оокатына тың жашайт. Бул жакка келгендер ал жактагы турмуштун кыйынчылыгынан башы чыкпай, жакшы жашоо издеп келгендер. Жашы 36га барып калган Кожакмат Токтоматов үйлөнө элек. Ал Мургабдан Ош шаарына мындан 10 жыл мурун келип, иштебеген жумушу, барбаган жери калган эмес. Ал ортодо Казакстандын тамеки эккен талааларына да барып иштеп, бул жактан алып барган кыргыз кишиге бешене тер менен тапкан эмгек акысын алдырып, араңдан зорго өзү кайтып келген. Кожакматтын азыр кандай жашап жатканын өз оозунан угалы.

 

-Азыр кайсы жумуш болсо да кыла беребиз. Он жылдан бери ар жакта иштедим. Колумдан шыбак, бетон куюу келет. Жумуш кылдырып, акчасын бербей койгон учурлар болгон. Бир киши малын каратып, балам өтүп кетти деп акчасын бербей койгон.

 

Бул жерде жашап жатышкан этникалык кыргыздар базарларда, курулуштарда иштешет. Эркектерди кээде үйүндөгү жумуштарын бүтүрүү үчүн алып кетишет. Бул жерде жашагандардын баары Кыргызстандын жарандыгын алышып, Ош шаарында каттоодо турушат. Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов 28 Мургабдык кыргыздар жер алуу үчүн арыз беришкенин, аларга жер берүү үчүн токтом жакында чыгарын айтты.

 

-Биз кайрылмандарга өзгөчө кам көрүшүбүз керек. Ош шаардык мэриясына 28 адам кайрылган. Алардын иш кагаздарынын баарын комиссия текшерип, чечим кабыл алганбыз. Биз аларга жер гана бере алабыз. Үй берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнкү күндө токтом чыгуунун алдында турат. Жакынкы күндөрү 28 адамдын ар бири жер алат.

 

Күнүнө беш маал намаз окуган 53 жаштагы Дүйшөбай Кудайбердиев базарда араба түртөт. Анын тиричилиги арабага байланган. Үстүнөн тамчы өткөн үйүн эки бөлүп, бир бөлмөсүндө өзү бир бөлмөсүндө Кожакмат жашайт. Ал боордош кыргыз элинен мынтип жардам сурайт.

 

-Кыргызстанга боордошубуз деп Тажикстандан келгенбиз. Бизге жардам берип үй, жер берсеңиздер жакшы болот. Жердештерибиз менен гараж үйдө жашайбыз. Ичи суук асты-үстү бетондолгон.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены