Ооганстан кыргыздардын паспорт алуу маселесин чечти

Ооганстан кыргыздардын паспорт алуу маселесин чечти

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, Афганистандын Президенти Ашраф Гани менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында CASA-1000 долборуна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинин алкагында өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга паспорт берүү көйгөйүн чечүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Афганистандын бийлигине 2016-жылдын октябрында оогандык кыргыздарга гуманитардык жардам жүгүн жеткирүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз тарап CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашырууга ар тараптуу кызыктар экендигин ырастады. Аталган долбоорду ишке ашыруу аркылуу Афганистан аймактык энергосистемага кошуларына ишенимин билдирди.

Афганистандын Президенти Ашраф Гани CASA-1000 долбоорунун катышуучу өлкөлөр менен энергетика тармагында жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө анын ичинде "Таза Коом" долбоорунун алкагында кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

"Биз тарап Кыргызстандын аталган долборду ишке ишке киргизүү боюнча демилегесине чын ниеттен колдоо көрсөтөт ", - деп белгиледи Афганистандын өкмөт башчысы.

Ошондой эле Ашраф Гани билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады. Анын ичинде афган студенттеринин Кыргызстандын жогорку окуу жайларында түрдүү адистиктер боюнча билим алуусун билдирди.

Афганистандын Президенти белгилегендей, CASA-1000, Digital CASA сыяктуу эле газ жана темир жол тармагында аймактык долбоорлордун ишке ашырылышы менен өлкөлөр ортосундагы өз ара товар алмашуунун көбөйтүү мүмкүнчүлүгү артарын белгиледи.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков учурдан пайдаланып, Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашрафа Ганини Кыргызстанда 2017-жылдын 25-августунда өтүүчү ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк II форумга катышууну кабыл алууга чыкырды.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены