Нурбилим

Нурбилим

Жаз келип, сыртта көкпөм жыты жагымдуулугун тартуулап турган чак.

Андыктан баарыңыздарды жаз майрамы менен куттуктайбыз !

Адам уулунун арышы түгөнбөй түбөлүгү түз боло берсин !

 

"Ар бирибиз аткарган ишибизде, жашаган үйүбүздө, отурукташкан көчөбүздө жана айыл, шаар аймагыбызда бири-бирибизге сый, урмат менен мамиле күтүп, үлгү болууга кадам таштасак бул адамдын инсандыгы, адамдын адамдык сапаты эмеспи. Ал эми адамды адам кылган бул анын эмгеги жана билим. Андыктан, биз да ушул билим алып, эмгектенүүгө далалат жасагандарды өз окурманыбыз катары кабыл алуунун аракетинде канат серпип, басылмабыздын экинчи санын сизге сунуштап отурабыз. Баарыныздардын үй-бүлөгө, көчөгө, айыл жана шаар аймагыңызга жана бүтүндөй кыргыз элине, Кыргызстанга сабаттуулук жана тынчтык каалап сиздер үчүн маалымат булагы болууга каруубуз казык, билимибиз азык болмокчу. Сиздин, журналыбыздын экинчи санын колуңузга кармап, барактап отурганыңызга кубанычтабыз!"

 

Абубакир Маматумаров, журналдын ээси жана башкы редактору

 

 

Урматтуу туугандар жердешибиздин Нурбилим журналы менен таанышып, жазылуу менен окуп туруңуздар.

Журнал абдан маанилүү материалдар менен камтылган.

Жазылуу баасы- 1 айга - 85 сом, 3 айга - 255 сом, 6 айга - 480 сом....

 

P.S: Жалал-Абад шаарынын тургуну журналист жана журналдын башкы редактору Абубакир Маматумаров Тажикстандын Мургаб районундагы Көөнө-Коргон айылынын кулуну.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены