Нарында үйдү белекке алган памирлик Абдыбаиттин үй-бүлөсүнүн жашоосу (видео/сүрөт)

Нарында үйдү белекке алган памирлик Абдыбаиттин үй-бүлөсүнүн жашоосу (видео/сүрөт)

2017-жылдын 13-октябрында Кыргызстанга Ооганстан мамлекетинен үй-бүлөсү менен келген Абдилбаит Жээнбек уулунун жашоосу Нарын шаарында кандай өтүп жатат? Андан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабар алды.

 

2017-жылдын 8-ноябрь күнү мурунку президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген Абдыбаит Жээнбек уулунун үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан 1 млн 180 миң сомдук 6 бөлмөлүү үйдү эмеректери менен чогуу белекке берген болчу.

 

Ага чейин А.Жээнбек уулу Кыргызстанда 21-октябрда төрөлгөн уулуна Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарган эле. Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

 

Абдилбаит Жээнбек уулунун айтымында, учурда анын үйүндө эки үй-бүлө, тактап айтканда өзүнүн жана Памирден чогуу келген кудасы Нурулхак Абубакир уулунун үй-бүлөсү жашап жатат.

 

«Азыр үйдө жалпы 14 киши жашап жатабыз. Кудам Нурулхак үй-бүлөсү менен бирге биздин үйдө жашап жатышат. Күйөө балам менен кызым кесиптик билим берүү лицейинде окуп, ошол жерде жашап жатышат. Эс алуу күндөрү биздин үйгө келишет. Калган балдарым мектепке барып окуп жатышат, алгач аларды окууга жеткирип турсам, азыр өздөрү барып калышты. Бир балам бала бакчага барып жатты эле, азыр үйдө өзүбүздүн колубузда. Өткөн жылы төрөлгөн кичүү уулум Алмазбек 4 жарым айга чукулдап калды, ал дагы буюрса жакшы чоңоюп келе жатат», - деди ал.

 

pamirlik-abdybaittin-i-b-l-s-n-n-zhashoosu 2 pamirlik-abdybaittin-i-b-l-s-n-n-zhashoosu 3 pamirlik-abdybaittin-i-b-l-s-n-n-zhashoosu 4
pamirlik-abdybaittin-i-b-l-s-n-n-zhashoosu 5 pamirlik-abdybaittin-i-b-l-s-n-n-zhashoosu 6 pamirlik-abdybaittin-i-b-l-s-n-n-zhashoosu 7

 

Абдилбаит Жээнбек уулу үйдө бош отургандыктан мал багууну көздөп жаткандыгын билдирди.

 

«Азыр үйдө элемин, эшикке чыгам, короо тазалайм. Нарынга кар аз жаайт экен. Памирде көп жаап, шамал болуп турат. Тамды жаңы сатып бергенде көмүрү менен кошо даярдап беришти эле. Азыр көмүр түгөнүп, мүшөктөп сатып алып жатабыз. Үй тиричилигине ылайыктуу мал баксам жакшы болмок, бирок азыр кыш болгондуктан тоютту жайында арзан учурда топтош керек. Үй бардык талапка жооп берет, корообуз кенен экен. Мал бакканга ыңгайлуу», - деди А.Жээнбек уулу.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены