Мургабдыктар кыргыз жылкысына кызыгууда

Мургабдыктар кыргыз жылкысына кызыгууда

Тажикстандын Мургаб жергесин байырлаган кыргыздар жергиликтүү шартка чыдамдуу келген жылкы санын көбөйтүп, аны менен кошо экотуризмди өнүктүрүүгө белсенүүдө. Бул жолу ат жабдыктары боюнча кол өнөрчүлүктү жандантуу максаты менен Бишкекке келишкен мургабдыктар "Азаттыкта” да конок болушту. Алардын бири Курбанбай Раимжанов Мургабдагы элдин жашоо шарты, тиричилиги жөнүндө кеп салып берди.

 

- Курбанбай мырза, сиздер Кыргызстанга ат оюндары боюнча көп каттайсыздар. Бул жолу кандай жаңылык менен келдиңиздер?

 

- "Кыргыз аты” уюму 2007-жылдан бери биз менен иштешип келе жатат. Бул жолу алар менен ат өстүрүү, экотуризмди өнүктүрүү жана ат жабдыктарын жасоо кол өнөрчүлүгүн жандантуу деген үч долбоорду ишке ашыралы деп жатабыз. Долбоордун алкагында биз Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусубуздун борбору Хорог шаарында, Ош шаарында болдук. Эми Бишкекке келдик, мындан ары Дүйшөмбү шаарына барып, анан кайтмакчыбыз.

 

- Мындан үч жыл мурун биздин кабарчыбыз Мургабга барып, ал жерде жүзгө чукул кыргыз аты бар экендигин, алар түтөккө көп чыдабай тургандыгын айтып келген. Азыр кантип жатасыздар?

 

- Азыр биздин тоолуу райондордо кыргыз жылкысын өстүрүү ыңгайлуу экен. Эгер биз экотуризмди өнүктүрө турган болсок, бизге абдан чыдамкай аттар керек. Ошондон улам быйыл "Кыргыз аты” уюму бизге Нарындан төрт бээ, бир айгырды алпарды.

 

- Эми мургабдыктардын турмуш-тиричилиги жөнүндө сүйлөшөлү, бул тоолуу аймакта канча калк жашайт?

 

- Калктын саны он төрт миң киши. Алардын он эки миңи – кыргыздар. Кыргыздар көп болгондуктан 7 айыл өкмөтү бар. Райондун акими да кыргыз жигит.

 

- Жергиликтүү эл эмне менен алектенет. Жылкы багат экенсиздер, дагы кандай тиричилик кыласыздар?

 

- Негизи биз мал чарбасы менен алекпиз. Топоз, кой багабыз. Түйшүктүү болсо да топоз багуу бизге ыңгайлуу.

 

- Жер айдап, бир нерсе сээп, түшүм жыйнайсыздарбы?

 

- Жок. Бизде эч нерсе айдалбайт дагы, бышпайт дагы.

 

- Анда эч кандай чөп-чар өстүрбөсөңүздөр кандай тамак-аш жейсиздер, же күнүгө эле эт сала бересиздерби?

 

- Биздин жеген тамагыбыз эт болсо дагы жазында биз Ош же Хорог шаарынан ташылып келген өсүмдүктөрдү алабыз. Картошка, сабиз, жашылчаларды башка жактан сатып алабыз. Андан улам базар бизде өтө кымбат келет. Картошканын баасы сом менен алганда 45 сомго чейин чыгып кетет. Ошентсе да сатып алып жейбиз.

 

- Демек сиздер Кыргызстанга келгенде көп нерсе жаңылык болуп көрүнсө керек?

 

- Сөзсүз, көп нерсе жаңылык көрүнөт. Мында келгенде бизде тарыхый мекенибизге келгендей башкача сезимдер пайда болот экен. Бу шаардагы жашоо-тиричилик биздин жашоодон өтө эле айырмаланып турат. Бизде мисалы свет, электр энергиясы жок. Бул жактагы ушул нерселер жакшы көрүнөт. Бирок шаарда жакпаган да нерселер бар. Өтө эле орусташып кеткендей туюлат. Ал эмес сүйлөгөн сөздөрүнүн жарымы кыргызча, жарымы орусча болуп жатпайбы.

 

- Мургабда кызга калың өтө көп берилет деп калышат. Бирок акыркы жылдары бир чектөөлөр киргизилген экен. Жыйынтыгы кандай болуп жатат?

 

- Биздин республиканын президенти Эмомали Рахмондун жарлыгынын негизинде ушундай чектөөлөр киргизилип, бул деле өзүнүн жемишин берип жатат деп ойлоймун. Ашыкча эле кетирилчү чыгымдар азыр жоюлуп, бир нукка түшүп калды. Өзүбүздүн улуттук салт-санаага туура келбеген баягы ЗАГСтарга чыгуу, кечелерди, банкеттерди уюштуруу деген сыяктуу нерселерди пайдаланып келгенбиз. Ошолор азыр такыр эле жоюлду деп айтсам болот. Азыр той, мааракелерди өткөрүүнүн жол-жоболору иштелип чыккан. Ошолор менен өткөрөбүз.

 

- Жергиликтүү тажик калкы менен кыз алышып-беришип, куда күтүп дегендей байланыштар болобу?

 

- Мургабда тажиктер менен кыз алып-берген байланыштар жок. Бирок өзүнүн эле айылынан эле кыздарды ала бербей, башка айылдардан да баш кошуп, куда-сөөк күткөндөр бар. Ал гана эмес, Кыргызстандан келип үйлөнүп жаткандар, Кыргызстандан бизге турмушка чыккандар да бар.

 

- Кыз ала качуу адаты сиздерде да барбы?

 

- Бар. Бирок президенттин жарлыгы бар. Ага ылайык, кыз ала качууга дагы чектөөлөр коюлган. Мисалы кызды ала качып кетсе, алпарып эле нике кыярдан мурда биринчи кыздын ата-энеси, туугандары келип, кызбала менен сүйлөшүп, чындап эле көңүлү менен барганы аныкталса, анда никесин кыйып калтырып кетишет. Андай болбосо мыйзам чегинде жооп берип калышат.

 

- Жаштар эмне менен алектенет, чет жактарга чыгышабы? Кайда барып окушат?

 

- Кыргызстанда, Орусияда окугандар бар. Окуусун бүтүп, кайра келип иштегендер бар. Алар негизинен билим берүү, медицина жаатында иштешет. Өкмөттүк мекемелерде иштешет.

 

- Мектепке барган балдар кайсы тилде билим алышат, окуу куралдары жетиштүүбү?

 

- Райондо он төрт мектеп бар, анын он үчү кыргыз тилинде окуйт. Райондун борборунда бир эле тажик мектеби бар. Окуу куралдары чындыгында жетишпейт. Биз Кыргызстандын билим берүү министрлигинин программасы менен даярдалган китептерди окуйбуз. Алар болсо Тажикстандын кээ бир программаларына төп келбей калганда кыйынчылык жаралат. Мындай абалдан райондук билим берүү бөлүмдөрү аларды кайра иштеп чыгып, анан сабактар өтүлөт. Ар бир айылда азыр чакан ооруканалар ачылып, чет өлкөлүк уюмдар аркылуу семинарлар өткөрүлүп, доктурлар даярдалып жатат. Билим берүү жаатында көп проблема бар болгону менен баягы союз ураган учурга салыштырмалуу жакшырып калды.

 

- Саясатка кызыгасыздарбы, Кыргызстандагы акыркы окуяларга көз чаптырып дегендей?..

 

- Кыргызстандагы болуп жаткан кубанычтуу окуялар бизди дагы кубандырат. Көйгөйлүү проблемалар болсо да биз ошончолук кайгырабыз. Тынчтык, элбизде биримдик болсо экен дейбиз. Уруш, чыр-чатактар токтоп, биримдикке келип, кыргыз элибиз тынч жашаса бизге деле жакшы эмеспи.

 

17/01/2012

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены