Мургабчы скульптор (фото)

Мургабчы скульптор (фото)

Сары-кол өрөөнүнүн Мургаб шаарчасынын тургуну Абдимамат Зайнидинов гипс (алебастр) материалдарынан түрдөгөн жаныбарлардын, куштардын скульптураларын жасайт. Абдимамат жасаган скульптуралар Таджикистанга эле эмес, чет өлкөлөргө чейин сатылууда. Көлөмүнө жараша 500 сомониден, 2 миң сомониге чейин сатып алынууда. Буюумдарды кооздоого жубайы жана балдары да жардам беришет. Ошондой эле өкмөт менен биригиликте азыр Сары-кол өрөөнүнүн кулжасынын эстелигин Мургабка тургузуу чоң проектин үстүндө иштөөдө

 

Уста Абдимамат өзү болбой калып биз анын акаси Султанали менен байланыштык.

 

 

“Биз жети бир тууганбыз. Абдимамат 1984 жылы Мургабта төрөлгөн, үч уул бир кыздын атасы. Устачылык биринчи сабактарын Мургабчы уста Файзулобеков Амирбек деген кишиден алып, 4-5 класында биринчи өзү пластилинден жолборс жасаган андан кийин раматылык атабыз чоподон жасатып көрдү, бирок ал да болбой гипс (алебастр) өттү. Негизи биз баардыгыбыз эле кичинеден устабыз, бул укамдан мурун Айдарали деген укам биринчи жасай баштаган. Ушул Айдарали укамдан Абдимамат үйрөнүп азыр акасидан да мыкты скульптор жана сүрөтчү. Убагында Абдимамат Ош шаарына барып Ош ГУ ( ИЗО) тапшырып Ош жанжалына байланыштуу окуун бүтүрө албай калган”. – деди ал.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены