Милициябы же формачан бандитпи?

Милициябы же формачан бандитпи?

Мындан бир нече күн мурда Бишкектин милициялары Тажикстандан жакында келген жээним Имамалини талап-тоношкону мени катуу кыжаалат кылды. Алардын кезектеги талоонуна кабылган Имамали буларды айтып берди: «Энесай конушунун тушундагы чоң жолдо маршрутка күтүп турсам машинеде алты милиция келип калды. Аларды көрүп чочуп кетип, чакырганда дароо алдыларына барганым жок. Алар менин жаныма келип:

 

- Каякка барасың? – деп сурашты.

- Васильевкага, - деп жооп бердим.

- А-а, тажиктердин айылына барам де.

 

Эмне үчүн чакырганда келбейсиң?! - бирөө опузалай баштады.

Анан менин бөйрөгүмө бир муштап: - Тез машинеге отур! – деп буйурду. Жолдо баратканда мен сүйлөйүн деп оозумду ачкан сайын «сүйлөбө!» деп уруп сүйлөтө коюшпады. Бир кезде машине жолдон четтеп, талаага бет алды. Эч ким көрбөй турган ээн талаага жеткенде сумкамды аңтарышты, сумкадагы намаздык китептерди көрүп:

- Силер, тажиктер, намазды да окуйсуңар, башка иштерди да жасай бересиңер! - деп шылдың кылышты.

 

Кийин өзүмдү бүт тинтип чыгышып, чөнтөктөгү болгон акчамды жана телефонумдан флешкартаны алып коюшту.

- Мен мыйзамды бузбасам, эч күнөө кылбасам, неге мындай кыласыңар, эки айга чейин убактылуу каттоодоп өтпөй жүрүүгө укугум бар, - дедим (негизи алар менин документтеримди сураган да жок). Баягы мени нукуган неменин катуу жини келип, эки-үч жолу муштап жиберди. Ал мас болчу. Ал кийин да бир топко чейин мени ургулап, «сен тажиксиң», «силер баарыңар тажиксиңер» деген сыяктуу ар кандай сөздөрдү айтып маскаралады. Телефон чалып алайын десем чалдырышкан жок. Чөнтөгүмдөгү бар акчаны (300 сом) алгандан кийин телефонуңду дүкөнгө барымтага коюп, 1000 сом акча алып бересиң деп кыйнашты. Биз сени кое бербейбиз деп коркутушту. Алар мага кадимки бандиттердей мамиле кылышты».

 

Тобо! Таламандын тал түшүндө биз коопсуздугубузду сактайт деп ишенип жүргөн адамдар өздөрү тоноп жатса, өздөрү ур-токмокко алса, эмне деген заманга келип такалдык? Эң башкы милдети элди каракчылыктан, ар кандай зордук-зомбулуктан коргоо болуп эсептелген ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрү карапайым адамдарды карактап жана зомбулук көрсөтүп жатканын кандай түшүнсөк болот? Өкүнүчтүүсү, бул бир жолку көрүнүш эмес.

 

Тажикстандан же Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар биздин милициялар тарабынан канча жолу тонолгондугуна күбө болгом. Мен мурда жердештериме силер өз укугуңарды билбегендиктен дайыма милицияларга жем болуп жүрөсүңөр деп көп айтаар элем. Бул окуядан кийин не дээримди да билбей калдым. Анткени эгер милиция сени менен мыйзамдын тилинде же адам катары сүйлөшпөсө, сенин сөзүңдү укпаса, тескерисинче, адегенде эле колуңду кайырып машинеге салып, бандитчесинен мамиле кылса, сенин өз укуктарыңды билгениңден не пайда? Деги жалпы мамлекеттин, элдин, улуттун коопсуздугу ишенип тапшырылган ички иштер органдарына мындай адамдар каяктан келип жатат? Мындай ашкере жоопкерчиликтүү кызматка алып жатканда алардын адеп-ахлагы, психикасы, жүрүм-туруму текшерилеби?

 

Же айрымдардын таяке-байкеси жогорку кызматта иштесе эле болдубу? Жээним Имамалини кордогон ошол алты милиционердин ичинен Адам укуктарынын жалпы декларациясын жөн койгондо да Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды, бери дегенде милициянын милдеттерин түзүгүрөөк билген, жоопкерчилик эмне экендигин түшүнгөн бирөө болгондо мындайга барышпайт эле да. Ал эми милиция кызматкеринин кызмат учурунда мас жүргөнү эмне деген шумдук, мындай кишиге ишенип курал бергенге болобу?

 

Минтип мас жүрүп бир күнү бирөөнү атып салбайт деп ким кепилдик бере алат? Жашырганда не, «биздин милиция бизди коргобой», ачык эле тоноп, кордоп жатат. Айрыкча чет жактан көчүп келген жаштардан опузалап акча өндүрүү, кээде жогорудагыдай күч колдонуп талап-тоноо салтка айланып баратат. Ички иштер органдарына элдин ишениминин кетип жатканы, алардын элге мокочо көрүнгөнү мына ушундан болууда.

 

Эгер милиция кызматкерлерин жумушка алып жатканда жарандардын укугун сыйлоо, аларды коркутуп-үркүтпөй адамча мамиле кылуу, б.а. маданияттуу болуу ар бирине катуу милдеттендирилсе, адеп-ахлактын бул ченемдерин бузгандар сөзсүз жазаланса, же жумуштан бошотулса, ошондо тартип болушу ыктымал. Албетте, эң биринчи кезекте мындай жат көрүнүш менен жалпы коомчулук, эл өзү күрөшпөсө, жылыш болоруна ынануу кыйын.

 

Айрыкча алардын тузагына чалынып жаткан этникалык кыргыздардын укуктук маданиятын жогорулатып, аларды талап-тоногон, кемсинткен милиция кызматкерлерин «изин суутпай» кармоого (кайсы РИИБга карай тургандыгын билүү, таанып калуу же машинесинин номурун жаттап алуу, телефонго сүрөткө, видеого тартып алуу ж.б.у.с.) аракет кылуу абзел. Анан эң мурда ички иштер органдарынын социалдык көйгөйлөрү чечилиши зарыл. Алардын абалы «айлыгыңар аз, калганын талоончулук менен толуктап алгыла» деп чоң жолго чыгарып койгондой таасир калтырат.

 

БИШКЕК

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены