Мекендештер: Бишкекте жумушсуз жүргөн Асанды Дубайга жетелеген бир кат (сүрөт)

Мекендештер: Бишкекте жумушсуз жүргөн Асанды Дубайга жетелеген бир кат (сүрөт)

Асан Парманов 3 жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында сүрөтчү болуп эмгектенип келет. Ал Бишкек шаарында бош жүргөн маалда таанышынан кат келип, Дубайга учканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.


Каарманыбыз Тажикстанда 1993-жылы төрөлгөн.


«Үч жылдан ашык убакыттан бери Бириккен Араб Эмираттарында жашап жана эмгектенип келем. Мындан 3 жыл мурун Кыргызстанда жумушсуз отуруп калдым. Ага чейин Мургаб районундагы Көөнө-Коргон айылындагы мектепти аяктап, Бишкектеги Кыргыз-түрк «Манас» университетинен көркөм өнөр факультетинде билим алдым. Бош убактымда анча-мынча фрилансер (эркин сүрөтчү) болуп иштеп жаттым. Ошондой күндөрдүн биринде бир таанышымдан кат келди. Анда Дубайда бир компанияга сүрөтчү керек болуп жатканы жазылыптыр. Дароо эле керектүү документтеримди жөнөттүм. Тез эле кабыл алышып, бир жумадан кийин виза ачылды. Учакка билет дагы даярдап коюшуптур. Бул жакта атайын график менен иштебейм. Буйрутма түшсө күнү-түнү иштөөгө туура келет. Кээде бош отуруп калам.


Атактуу инсандар өздөрү деле буйрутма бербейт. Бирок аларга белек кылабыз дегендер же болбосо ошолорду кумир туткандар буйрутма беришет. Бош убактымда музыка угуп, китеп окуганды жакшы көрөм. Келечекте өнөрүм аркылуу искусствого салым кошсом дейм. Үлгүлүү үй-бүлө курсам деген да тилегим бар», - деди ал.


Мекендешибиз англиялык кардары менен болгон окуясын унутпайт.


«Бир окуя эстен кетпейт. Англиядан бир кардар буйрутма берди. Анын сүрөтүн тартып бүтүп, Англияга жибергенбиз. Бир күнү почтадан баягы кардар тарткан сүрөтүмдү жибериптир. Көрсө сүрөткө кол койбой калыптырмын. Ага кол коюп, кайра Англияга салып жибердим. Кичинекей нерсе дагы чоң роль ойнойт эмеспи. Бир гана кол коюу үчүн бир топ убара тартканыбыз эсимде», - деди ал.


Асан мырза Дубай тууралуу буларга токтолду.


«Дубай технологиялык жана архитектуралык жактан жакшы жетишкендиктерге жеткендиги үчүн бул жакта иштөө мен үчүн абдан кызыктуу болду. Албетте, бул жерде бир топ улуттун өкүлдөрү жашайт. БАЭнин элин «локал» деп коюшат экен. Бизче айтканда «жергиликтүү» же орусча «местный» дегенди билдирет. Ошол жергиликтүү эл абдан меймандос келишет экен. Тамактары өзгөчө даамдуу. Анан дагы бүркүт менен аӊ уулоо маданияты биздикине окшош деп ойлойм. Учурда бизде карантин бүттү. Мекемелер кадимкидей иштеп жатат. Бирок кайра илдет башталып кетпеши үчүн алдын ала иш-чаралар аткарылып жатат», - деди ал.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены