Кызыл-Рабат жамааты 2016-2020 ж 5 жылдык иш чаранын негизинде өнүгүү жолунда баратат

Кызыл-Рабат жамааты 2016-2020 ж 5 жылдык иш чаранын негизинде өнүгүү жолунда баратат

Улут Ажосу, Президентибиз Эмомали Рахмондун көрөгөч саясаты менен Тажикстан Республикасы эгемендүүлүктү алуу менен 26 жыл ичиндеги жетишкендиктер Кызыл-Рабат жамаатында арбын.

 

Алгач СССР тараган мезгилди эскерсем, менчиктештирүү саясаты менен бардык турмушка керектүү ишканалардын имараттары сатылып, бузулуп, жашоо токтой тургандай болгон эле.

 

Ошол жоготуулардын ордун толуктоо менен бир топ көйгөйлөрдүн орду 26 жыл ичиенде толукталды. Атап айтсам, байланыш түйүнү жокко эсе болуп элде бир канча мүшкүлчүлүк бар эле.

 

1. Мегафон компаниясына кайрылуу менен күн чырактын ток берүүсүн сунуштоо менен байланыш түйүнү чечилип, элибиз бүткүл дүйнө менен байланышууда.

 

2. Таза суу маселеси көйгөйлүү маселе болуп турганда MSDSP жана АКТЕД уюмдарынын жардамы менен бир канча кудуктар курулду.

 

3. Жашообуз мал чарбасы болгондуктан Аксуу АФХсынын ишин жандандырууда 2014-2017 үч жылдык программа негиз болуп, жайыттарды туура пайдалануу законунун негизинде бир канча малдын саны өсүүдө жана өнүгүүдө.

 

4. Билим берүү тармагында Шаймак айылында №11-жащы мектептин курулуусу Тажикстан Республикасындагы Япония элчилигинин көрсөткөн жардамы менен бүткөрүлсө, мамлекеттин каржылоосу менен №2 Токтогул атындагы мектебинин интернатынын чатыры жаңыланып, мектептин 50 жылдык юбилейи белгиленип, бүтүрүүчүлөрдүн сунушу менен окуу куралдары белеке тапшырылды жана ар бир айылда мектепке чейинки класстар ачылды.

 

kyzyl-rabat-zhamaaty-2016-2020 2
Чеш-Төбө участкасындагы Ылысууда Козубеков Кубандын демилгеси менен курулган санатория

 

5. Президентибиз, Улут ажосу Эмомали Рахмондун жогорку окууга жайгаштырууда берген квоталардын негизинде бир нече студентткер бүтүп келсе, бир канчасы бүгүнкү күнү окуп, кадр маселеси чечилүүдө.

 

6. Областтын төрагасынын Кызыл-Рабат жамаатында эл менен жолугушуусу болуу менен бир топ маселелер чечилди. Шаймак айылында маданий үйү копиталдык ремонттон өткөрүлдү. Токтомуш айылынын маданий үйүнө отургучтар алынып, библиотека имараты курулду жана жаштардын демилгеси менен бардык аппаратуралар алынды.

 

7. Жаштарыбызды жумуш менен камсыздоодо бир канча иш орундары ачылып иштөө менен улан кыздар мамлекеттик тилде, кол өнөрчүлүктө (сварщик, швея) боюнча курстарды толук окуп, ишканаларды ачууга камынууда. Көлмө лагеринде терминал курулуу менен бир канча иш орундары түзүлүүдө.

 

8. Дүйнө жүзүн коркуткан терроризм, экстремизмге жол койбоо үчүн Тажик-Авган-Кытай мамлекеттеринен түзүлгөн штаб курулуп, чек ара коопсуздугунан тынч жашоо бекемделди.

 

9. Аксуу дарыясынан мал чарбасы менен алектенгендер өтүү үчүн Шаймак участкасы менен Токтомуш участакасына 2 көпүрө Евросоюсздун каржылоосу менен АКТЕД уюму аркылуу бүткөрүлүп ишке берилди. Райондун төрагасынын көзөмөлдөөсү менен тез жардам автоунаасы сатылып алынды.

 

10. Тажикстан Республикасындагы Япония элчилигинин каржылоосу менен жакынкы учурда Токтомуш айылдык оорукана жаңынан курулуп ишке берилди.

 

11. Чеш-Төбө участкасында Жарты-Гүмбөздөгү Ылысууга Козубеков Кубандын демилгеси менен санатория курулуп ишке берилди. 2016-2020-жылдагы 5 жылдык ишчарада 40тан ашуун проектилер курулса, көйгөйлүү маселелер чечилмекчи. Бүгүнкү күндө жол жана электроэнергия маселеси каралууда. Мамлекеттик резервден тамак аш продукциялар арзан баада камсыздалууда жана ишкер жаштарыбыз камсыздоодо.

 

Аксуу элинин атынан Аллага шүгүр айтуу менен Президентибиз Улут ажосу Эмомали Рахмонго, областын төрагасы Шодихон Жамшедке, Мургаб районунун төрагасы Жоошбаев Мурзабайга рахмат айтып ыраазычылык билдирем.

 

Осмнонбаев Д

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены