Кытайлык кыргыздардын "Талма бийи"

Кытайлык кыргыздардын "Талма бийи"

Кыргыздын байыркы «талма бийи» тууралуу уккандар бар, көргөндөр калбаса керек. Бүбү-бакшылар оору-сыркоону үстүңкү дүйнөдөн арбактардын дабасын алып келип дарылаган бул ыкма Кыргызстанда жок болуп кеткен. Бирок «талма бий» бүгүн Кытайдын Кызыл-суу областынын тоолуу кыштактарынын биринде сакталып калган.

 

Тегирметидеги Талма бий "оюну"

«Оюн коюлат экен» деген кабар тарагандан көп өтпөй, боз үйгө эл чогула баштады. Тоо койнундагы айылда бүгүн сыркоо адамдар бакшыдан дарыланышат. Бир учу очоктун ордунда кагылган казыкка, экинчи учу боз үйдүн чамгарагына байланган аркандын өйдөрөөк жеринде ак туу илинип турат. Эл тынчыганда Абдыкадыр бакшы сыркоо болуп келген эки келин менен эки жигитти арканды айлантып, бастыра баштады. Бакшынын добушу улам катуулап, бирде кышылдап, бирде улуп-уңшуп жатты. Аны ээрчиген оорулар тууну айлана беришти. Зикир чалган бакшынын көзү аңтарылып, денеси калтырап чыкты. Бир маалда аркан менен чамгаракка чыгып барып, башын ылдый салаңдатып, асылып калды. Бир канча убакыттан кийин кайра түшүп келди да, сыркоолорду улам Талма бийде бакшы боз үйдүн чамгарагына чыгып, "үстүңкү" дүйнөдөн эм алып келет. бирден жулкуп, жерге жыгып, далысын буту менен таптап, камчысы менен чаап жатты. Бакшынын үнү улам жайлап, бир кезде жерге отура кетти. Жандырылган шамды оозуна салып, кайра чыгарды. Тердеп-кургап чыккан бакшынын маңдайын шакирттери сүлгү менен сүртүп, бирөө Курандан сүрө окуп кирди. Талма бий эки саат дегенде барып бүттү. Кытайдын Кызыл-Суу автоном областындагы Тегирмети айлы Кыргызстандын чек арасынан болгону 30 чакырым түштүктө, бирок чоң жолдон алыс, аска-зоолуу тоолордун арасында орун алган.

 

Kitai kirg Tal bii 2Алыскы айыл

Чек ара тилкеси деп, кытай бийликтери адатта айылга чет элдиктерди киргизбейт. Ошондуктан алыскы Бейжиндеги Улуттук Академиядан атайын уруксат алып, коопсуздук кызматкеринин коштоосунда келген европалык эки окумуштууну айылдыктар кучак жайып каршы алды. Анын үстүнө коноктор кыргызча сүйлөшөт экен. Даут Кара Шомфай – кызылсуулук бакшы тууралуу даректүү тасма тарткан венгриялык кыргыз таануучу:

 

Давид Шомфай:

Мурун Кыргызстанда да угуп жүргөмүн, «кыргызда талма бий болгон» деп сакалдуу кишилер айтышчу. Бакшы арбактарды чакырып, ары-бери секирет, боз үйдө айланып жүрүп, бир кезде боз үйдүн түндүгүнө чыгып кетет деп айтышкан. Бул кандай болот деп элестете да алган эмесмин. Кара Шомфайдын кыска метраждуу документалдуу тасмасы «Үстүңкү дүйнөгө сапар» деп аталат жана ал венгр тилинде Венгрияда көрсөтүлгөн. Окумуштуунун айтымында, арбакка сыйынган элдерде бүбү-бакшылар көбүнесе психикалык дарттарды дарылашат.

 

Давид Шомфай:

Кыргыздар «жинди болуп кетти деп айтышат, жин перилер адамдын ичине кирип алып, мээсин айлантат, ошол үчүн адам жинди болуп кетет. Күнү бүгүнгө чейин психологиялык ооруларды доктуралар жакшы даарылай албайт. Кыргыздар мындай жагдайда кишини бүбү-бакшыга жиберген. Бакшы оюн (дарылоо сеансы) жасап коёт, психологиялык жактан ооруган адам жеңилденип, дароо жакшы болуп калат. Абдыкадыр бакшы оорулуудан жинди чыгарып жаткан учуру Аккан арыктан суу агат деген чын белем, коммунизм кыйрагандан кийин, Кыргызстанда өздүк салттар менен кошо, бүбү-бакшылык да жанданды. Бул көрүнүш кыргызга тектеш сибир элдеринде да орун алып келет. Ал эми Кытайдагы Тегирмети айылы бийик тоолуу аймакта болгондуктан, акыркы 5-10 жылды кошпогондо, турмуш ыргагы тээ илгерки замандардан бери дээрлик өзгөргөн эмес.

 

Kitai kirg Tal bii 3Көк кочкор - касиеттүү адамдын колдоочусу

Жайы-кышы мөңгү баска тоолордун арасында туулуп өскөн Абдыкадыр бакшы сыркоолорду 17 жашынан дарылай баштаган. Эми бой жетип келаткан балага бир ирет кандайдыр добуш угулуп, ошонун көрсөтмөсү менен өлүп калды деп, жерге бергени жаткан баланы тирилтип алат:

 

Абдыкадыр бакшы:

Кой кайтарып келатсам, кулагыма абаз угулуп калды. «Курмандын баласы ооруп калды! Ошол баланы чечинтип атканда барып каласың. Мына ушул сүрөнү айтып, сүф» десең оңолот» деди. Ошол сүрөнү үйрөтүп койду, ошону менен жүрүп отуруп, Ноо деген жерге келсем, үч аял баланы чечинтип жатыптыр. Өлдү деп чечинтип атыптыр! Эшиктен кирип, баланы кармап, «сүф» дедим. Карасам, баланын ичи өтүп, өх деп көзүн ачты. Абдыкадыр аксакал дароо эле бакшы болуп кеткен эмес. Жаш баланы «тирилткен» бул окуядан бир канча жыл мурдараак анын көзүнө көк кочкор көрүнө баштаган, Көрсө ал көрүнчү - касиеттүү адамды колдоогон арбак болгон экен:

 


Абдыкадыр бакшы:

11 жашымда ушул ишке дуушар болдум. Кой багат Койду тилдесем, кочкор адамчасынан «Эй, токто!» деди. Абдыкадыр бакшы элем, бир күнү кой айдап чыксам, тескейде козу маарады. Тигил-бул жакты карасам, койдун ичинде көк кочкор пайда болуп калыптыр, мен тааныган кочкор эмес. Жайытка жакындап калганда тууган бир кой үйдү көздөй качып калды. «Кош!» десем болбой качканда, койду тилдеп сөктүм. Тилдесем, баягы кочкор (адамчасынан) «Эй, токто!» деди. Мен коркуп, унчукпай калдым. Кечинде койду айдап алып, үйгө келдим. Абдыкадырдан башка эч ким көрбөгөн көк кочкор койдун арасында 3 жыл жүрүп, бир күнү адамга айланып, чыга келет. Ошондо койчу баланын чындап төбө чачы тик туруп, эс-учун жоготуп коет:

 

 

 

Абдыкадыр бакшы:

Кочкор короого кошо келди. Энем билээр бекен десем, энем билген жок, атам билээр бекен десем, атам билген жок. Ошол күндөрү көөнүмө аш барбай калды. Энем «эмне болду?» деди, «эчтеке болгон жок» дедим. Козуну салдык, мал-баранды салып, жымыктырдык, үйгө кирип жаттык. (Кочкор) үч жыл малдын арасында жүрүп калды. Инсан билбеди, үч жылга чейин эч кимге айтпадым. Төртүнчү жыл болот дегенде мен 15ке кирдим. Ошондо бул кочкор адам болуп көрүнүп калды. Адам болуп көрүнгөндө, чыгып келе жатсам, бир топ адам намаз окуп атыптыр. Карасам алты адам турган экен, (көрүнчү) келип эле ошол катарга туруп калды. Мен да намаз окуп (жаткам), коркконуман эстен танып, жыгылдым.

 

Kitai kirg Tal bii 4Бакшылык - байыркыдан калган аманат

Сибирдин, Американын түпкүлүктүү элдеринде бүбү-бакшылар же шамандар дүйнөнү өйдөңкү, ортоңку жана төмөнкү деп үчкө бөлүшөт. Биз, адамдар, ортоңку дүйнөдө жашайбыз. Шамандар мына ушул үч дүйнөнү байланыштырып туруучу касиетке ээ. Талма бийде катышуучулар шам кармап, тууну айланып басышат. Даут Шомфайдын айтымында, Абдыкадырдын бакшылыгы да кыргыздын үч дүйнө ишенимине негизделген:

 

Даут Шомфай:

Бакшы ооруп аткан, жин-шайтан кыйнаган же жинди болуп кеткен адамдарды бийге чакырып, тууну айлантып, аларды чапкылайт, камчы менен ургулайт, кээде жерге түшүрүп үстүнөн таптап, жин шайтанды чыгарабыз деп, ичиндеги жаман нерселерди кубалайт, бир убакта (жин-шайтан) чыгып кетет. Байыркы кыргыздардын ишениминде астынкы дүйнө, үстүнкү жана ортоңку деген үч дүйнө болгон. Ортоңку дүйнө - биздин дүйнө. Үстүнкү дүйнөгө транска түшкөн шамандын жаны сапар кылып, ошол жактан адамдарды дарылай турган "эм”, билим алып келет. Бакшынын жаны боз үйдүн түндүгүнөн чыгып кетет.

"Бакшынын жаны түндүктөн чыгып, үстүңкү дүйнөдөн эм, даба алып келет". Даут Шомфай

Боз үй - көк асмандын - Теңирдин символу. Үстүңкү дүйнөгө барып, кайра келгенде (бакшы) адамдарды дароо дарылап, эмдей баштайт. Биз ошондой талма бийди көрөбүз деп, үч уктасак да түшүбүздө жок (эле). Мындай бий жалгыз ошол Кызыл Суунун кыргыздарында сакталып келген. Анткени, Кызыл Суунун кыргыздары тоодо жашап, кытайлар аларга (көп) тийишкен эмес. Туу айланып, талма бий жасап, боз үйдүн түндүгүнө чыгып кетүү кыргыздарда гана бар. Окумуштуунун айтымында, бир да мечити болбогон Тегирмети айлынын

 

Kitai kirg Tal bii 5Чынгыз Айтматов Будапештте Даут Кара Шомфай менен, 2006-жыл. бакшысы, 60 жаштагы Абдыкадырды карасуулук кыргыздар ызааттап, сыйлашат:

 

Давид Шомфай:

Ал кишини аябай сыйлашат, Артышта (облас борбору) сурасаң деле ал кишинин аябай аты чыккан, бүт Кызыл-Суунун кыргыздары ал кишини сыйлап, эгер бирөө ооруп калса ошол кишиге жиберет экен. Даут Кара Шомфай кесиптеши Михаил Хоппал менен Тегирменти айлында тарткан даректүү тасма Кыргызстанда али көрсөтүлө элек. Аны 2006-жылы Чынгыз Айтматов Венгриянын баш калаасында болгондо, «70ке чыкканда талма бийди Будапешттен көрдүм» деп катуу ыраазы болгон экен.

 

 

Kitai kirg Tal bii 6

Тегирмети айлы кытайча уйгур диалектинде Tugumaitixiang деп аталат, бул картадан көрүңүз.

 

 

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены