Кытайлык кыргыздар

Кытайлык кыргыздар

Кытайлык кыргыз дегенде эле, көз алдыбызга, кызыл жүздүү, нукура кыргызча сүйлөгөн, айтоор кымыз жыттанган кыргызды элестетүүгө болот. Коомдун, замандын өзгөрүшү, технологиянын укмуштуудай өсүп-өнүгүп, айыл чарбасынын дүркүрөшү кытайлык кыргыздардын кытай эллине жакындап аргындашуусуна алып келди. Бирок, ошентсе да Манасты туу тутушуп, кыргыздын салт санаасын таза сактоого аракет кылышат. Бүгүн биз улутташтар программасында кытайлык кыргыздардын салт санаасынынын айрым маанилүү жактары менен сиздерди тааныштырганга аракет кылабыз. Кыргыз жеринен оолактап, башка жерди мекендеп калган боордошторубуз, кыргыз деген атын затын жоготпостон, каада салт урпа адаттарыбызды бекем сактап келет.

 

Кытайда кыргыздар дал ошондой. Бала төрөлүп, нак 40 күн толгондгу жөрөлгө. Кошуна аялдарды чакырып, кырк кашык суу менен кырк кашык тузду бир идишке даярдап, ошол сууга баланы киринтет. Бул баланын эти ырбаак болбой туздай катсын деген тилек. Баланы киринтип болгон соң, алдын-ала даярдалган кырк курак көйнөк кийгизишет. Анан ушул баланын тайакелеринин бирөөнө кырк күндүк карын чачын алдырып коюшат. Анткени кыргыз тайын пирибиз деп айрыкча урматтайт, аны бийик көрөт. Бул баланын кыркын чыгаруу деп аталат. Баланын чачын бир ирет алгандан баштап эле жээк чач коюлат. Жээк чач коюнун негизги себеби, баланын чачын алган сайын жээгине устара тийе берип, баланын чачы ылдыйлап кетпесин десе, ал эми айрым жагдайларда баланын жээк чачын бар-жоктугуна карай, анын атасынын бар-жогун билишет экен. Бул жерде эскерте кете турган нерсе, баланы киринткенде же чоң кишилер боюн сууга сала турган болгондо чөөгүндүн түбүнө азыраак суу калтырып коюшат. Анын мааниси ушундай таза болуп, үзүлбөй улантылып турсун дегени.

 

Кытайлык кыргыздарда бешик той негизинен эркек балага берилет. Бешик тойду үй ээси шартына жараша өткөрөт. Колунда бар малдуу, жандуу киши болсо бир же бир нече бодо союп, тууган-туушкандарынын баарын чакырып, той өткөрөт. Тойдо ат чабыш, жорго салдыруу, улак тартыш, жамбы атмай деген оюн-зооктор болот.

 

Угуу

 

 

 

Тушоо кесүү бала кас туруп басайын деп калганда, оң ийрилген ак жип менен сол ийрилген кара жипти бириктире чыйратып туруп, баланын бутун тушайт. Анан балага бир маки же бир бычак берип туруп, балдарды белгилүү аралыктан жарыштырышат. Алдыга чыгып келген балага макини берип, тушалган жипти кестирет. Алдыга келген балдарга кытайлык кыргыздарда калем, дептер сыяктуу нерселер таратылып берилет. Тушоо кесилери менен эле тушоо жипти кескен бала менен бөбөктүн энеси экөөлөп тай-тай, тай күлүк деп биртке жерге ылдамдата жетелейт. Тушоо кесүүнүн мааниси: балабыздын башына кедерги болуп турган тоскоолдукту алып ташта, эми ал тай кунандай оюн салып кетсин дегенди туюндурат. Ал эми ак жип, кара жип; балабыз акты-караны айра билсин, бычак болсо – бычактай курч болсун дегенди билдирет. «Атка мукул бака бут»-деп аталган салт бар. Бул салт боюнча (балакатка жеткен мезгилде, өткөрүлүүчү ырым-жырым) эркек бала 7-8 жашка келгенде атасы аны айырмач токулган кунанга мингизип, канжыгасына кымкап, шайы, ноот, драп сыяктуу баалуу кездеменден жасалган бир чапанды байлап алып, эң жакын кишинин үйүнө ээрчитип барат. Ал киши бир малын союп, жакшы конок кылып, чапанды алып калат. Балаңыз атка мингенге жарап калыптыр деп, башка бир ат токуп мингизип, кунанын коштотуп жолго салып коөт. Ал эми кыз бала болсо, энеси жакшы көргөн аялга кызынын чачын бака бутар кылып өрүп, седеп топчу тагып берет. Кыз энеси шартына жараша ыраазы кылат. Бул аталган салттар кыз бала менен эркек баланын балакатка жеткен мезгили болот. Кытайлык кыргыздарда

 

«Сөйкө салуу» салты кеңири тараган. Бул боюнча бала чоңоюп калган кезде, ата-энеси астыртан белгилүү бир киши менен куда болууга кам урат, эки жак сүйлөшкөн соң, сөйкө салып келүү күнү болжонот, уулдун ата-энеси жакын көргөн эки-үч кишини ээрчитип, кыздын үйүнө барып сөйкө салат. Сөйкө салганда уул тарап колунан келгенин алып барат. Эки жак келишип, той түшүрөөр күн белгиленген соң, уул тарап калыңга берер малын камдайт. Мында эки жак тең эле журтуна таянат. Атап айтканда, жалпы тууган-урук, дос-тамыр, куда-сөөктөр жана башка алыш-бериш кылган кишилер түгөл кабарланат, алардан жардам суралат. Чакырылган кишилердин ар кимиси өзүнө тиешелүү жакка мал-пул, кыз жакка чапан, көйнөк, жоолук сыяктууларды кошот Мында деле калыңга түшкөн бир өлчөм болбойт. Бүгүнкө күндө калыңга кошуп, эгерде кызматтагы кыз болсо, мотоцикл, ал эми үйдө олтурган кыздарга велосипед берүү салтка айланып бара жатат. Мезгилдин нугуна карай жогорку окуу жайларын бүтүргөн кыздардын калыңы кыйла жогору .Кудалашкан адам, жылкыга кебез байлап, бир койду куйкалап (муну куйка кой деп атайт, мунун оң кол, сол бутунун шыйрагын кеспейт) калган калыңдык малды айдап уул тарап кыз жактын үйүнө түшөт. Кыз жак уул тарапка берген калыңына жараша мынча тогуз кийит деп көйнөк, чапан, жоолук берет. Кыз жак өзүнө караштуу кишилерге калыңды жетишинче бөлүп, ырым кылат. Уул тарап дагы куданын берген кийитин жетишинче өз жагына бөлүп берип, ырым кылат. Ал той ушинтип аяктайт.

 

Кудалашканда күйөө менен күйөө жолдош жанбаштык байланып келет. Жанбаштык дегенибиз куржун, ал куржунга боорсок жана кант, бир козунун бышырылган эти, бөйрөк, шыйрак, керчөөсү менен кошо салынат. Күйөө кудага келген элдин артынан кечигип келет. Айылдын чекесинен аны кыздын жеңелери тосуп чыгышат. Күйөө жана күйөө жолдош жүгүнөт, жеңелер аларды алкайт да, айылга алып барып, арналуу үйгө түшүрөт, канжыгадагы жанбаштыкты чечип, бөлүп алышат. Мындай жанбаштык алып баруу кийинки жүз көрүшүү тоюнда да болот. Айта кетерибиз жаштар жеңелердин кылдаттыгын байкоо үчүн жанбаштыкты канжыгага чапан түйүп байлап салышат, аны чечип алуу абдан кыйын. Эгер кыштын күнү болуп калса, чапан түйүлгөн жерге суу куюп ташташат, ал тоңуп, аны чечүү ого бетер кыйындайт. Жеңе болгондор чече албай аргасы кеткенде ээр-токумду кошо алып, үйгө кирип чечүүгө аракеттенишет. Анткени, канжыганы кесип алуу мүмкүн эмес, эгер кесип алса айып төлөйт, ал тургай чоң чыр чыгат. Куйка койго кошуп алы барлар бирден бодо, жогу бирден койду кошо бере турган иш да бар. Муну жыгач бастырар деп коюшат. Бул кийинки тойлордо да боло берет. «Тебетей кошуп кудага өтүүнүн» эки кудага тең байланышы бар. Кээ бир кишилер баландай мал менен кудага өтөм дейт, уул тарап мал тизмелейт. Бирок уул тарап кыз жакка айткандарынын баарын эле аткара бербейт. Ал тебетей деп аталып, балким бул биринин тебетейин бирине кийгизди дегенден чыкса керек. Чөнтөк аңтаруу деген салт жүз көрүштүрүүдө же кийинки чоң тойдо болот. Күйөө менен күйөө жолдош самын-бет май сыяктуу кыз-келиндерге ылайык нерселерди салып барат, күйөө жандаган келиндер аны алып, алардын чөнтөгүнүн абалына карай калпак, топу, көйнөк, кээде чапан, шым кийгизет. Күйөө жолдош болгон киши жанына сөзгө чечен, ырчы-комузчу ышкыбоз жигиттен бир-экини өзүнө жолдош кылып алып барат. Бул аталма ар кайсы жерде ар башка айтылат. Мисалы: күйөө котчу, күйөө койчу, күйөө жолдош сыяктуу ар жерлерде ар башкача айтылат. Акчий жергесинде кийитти тек гана кыз жак уул жакка берет. Кийит көйнөк, чапан, жоолук сыяктуулардан турат, уул тарап кийит бербейт. Уул жактын бергендери кийит деп аталбай, калың деп аталат. Келиндин атын уккан уулдун атасы, кыздын атасына «келиндин атын укканым» деп бир бодо мал берет. Кыздын атасы да ага бир жакшы чапан кийгизет. Бул бодо мал калыңга, тигил чапан кийитке киргизилбейт.

 

«Эшик-төрүн көрүү» салты боюнча кыздын ата-энеси ылайыктуу бир күнү «кудабыздын эшик-төрүн көрөбүз» деп уул атасыныкына барат. Уул атасы аларды жакшы сыйлап, кетеринде бир мал берип, кудага чапан, кудагыйга көйнөк кийгизип узатат. Ылайыктуу бир күнү кыз атасы да уул тарапты өз эшик-төрүн көрүүгө чакырат. Алар да барган соң жакшы сый көрүп, кудасынын бергенин алып кайтышат. Эки тарап тең бири-биринин эшик-төрүн көргөнү барганда эң жакын кишилеринен бир-экөөнү ала барышат. Бирок адам саны чектелүү болот деп билдирди бизге берген маалыматында адабиятчы Сакен Өмүр. Кытайда мал чарбачылык өнүккөндүктөн «согум берүү» салты да сакталып калган. Согум убагы болгондо уул тарап кыз жакка кыштык согумуң деп бир семиз бодо мал берет. Бул сөөк кажатуу деп да аталып жүрөт. Кыргыз эли байыртадан эле көчүп-конуп жүргөндүктөн, ушул сыяктуу салт-санааларды кеңири колдонуп келген. Кыз жактын уландары мал жайлоодон түшөөрдө уул тараптын коюунан бир койду кармап алса «көч кой» деп, эгерде бир жылкы кармап ала турган болсо «чаң жылкы» деп коюшат. Муну колунда бар кишилер гана жасай алат. Арпа-буудайды оруу маалында уул тарап кыз жакка бир кой энчилеп берет. Мунун мааниси орок менен кармашып каржалдыныз, жаш шорпо ичиңиз дегенди билдирет. Бул салтты болсо кытайлык кыргыздар «орок кой» деп коюшат. Ал эми жазгы көктөмдө мал арыктап турган кезде бир семиз кой берилет. Бул жазгы үзүмчүлүктө жутадыңыз, жиликтирөөк шорпо ичиңиз дегенди билдирет. Муну «арык кой» деп коюшат. Балдар бойго жеткен мезилде уулдун атасы өзүнүн жакындарын ээрчитип алып, кыз менен баланы жүз көрүштүрөт. Келинди алып кетүү убактысын такташып, алып кетер күндү болжошот. Келинди алып кетер күн «жооп суроо» деп аталат. Жүз көрүштүргөндө эки жак тең топуратып конок чакырбай, саналуу гана жакын кишилер менен күтөт. Жооп сураганда тойдун убактысы, калыңы, каада-салттары сыяктуу иштер кеңешип бекитилет.

 

«Кеңеш аяк»-деген салтында болсо,мында куда түшүү убактысы белгиленип, кыз тарап өз жакындарын, алыш-бериш кылынгандарын атап айтканда, ошол тойдо оорчулуктарын тең көтөрүшүп бере турган кишилерин чакырып, конок кылат. Аларды иштин чоо-жайы менен тааныштырышат, кыз себинин эмнелери бүткөнүн, кандай кем-карчысы бар экенин, кудаларга канча кийит берилерин, канча үй конок аларын жана ушул тойго байланыштуу бардык жасала турган иштерди ошолор менен кеңешет, кимдин эмне жардам кыларын, түндүктү ким көтөрөөрүн тактайт. Уул тарап да ушундай кеңеш өткөрүп, калыңга канча мал берилерин, канча чачыла бышырылаарын, тойго эмне соөрун, алардын канчалык даражада даяр экендигин тааныштырат, жакындарынан ким эмне берери такталат.

 

Кытайлык кыргыздарда «Түш салуу» деген да салт бар. Анын жөнү мындай: күйөө болчу уулдун атасынын же эң жакынынын элге белгилүү күлүк аты, жоргосу, алгыр бүркүтү, кушу атан төөсү же мылтыгы сыяктуу көзгө басар оокаты болсо, кыздын атасы кудасына ошол малыңа же оокатыңа түш салдым, ошону бербесең түндүк көтөрбөйм деп туруп алат. Эки жак кеңешип бир чечимге келишет, аталган буюм же куну ошого барабар башка нерсе берилет. Ал эми «секиртмейде» же «түш салуу» сыяктуу шылтоолорду таап, түндүктү көтөрбөй туруп алышат, буга да ылайыгына жараша бир нерсе алышат.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены