Кытайлык кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы термечи

Кытайлык кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы термечи

Кытайлык кыргыздардын арасында мукам үнүн комуздун коңур добушуна коштоп, терме айтуу менен угармандардын назарын өзүнө бурган Айсалкын Жунустун дүбүртү катуу чыгып келатат. Акыркы жылдары кытайлык кыргыздардын арасында жаш муундун музыкалык табити көбүнчө эстрадалык ырларга ооп баратканын баамдоо анча кыйын эмес. Ушундай кезде арадан суурулуп чыгып, мукам үнүн комуздун коңур добушуна коштоп, терме айтуу менен угармандар назарын өзүнө бура баштаган Айсалкын Жунус жөнүндө айтбасак болбос.

 

Айсалкындын чоң атасы Турдакун Атамбай жана тайекесы Айса Эминаалы мыкты комузчулар. Ошого карабастан Айсалкындын комузга болгон кызыгуусуна алгач үй ичиндегилер каршы болгон. «Кыз бала комузчу болсо кайненеси какшаак болот» же «Кыз бала комуз үйрөнүп эмнени кыйратмак» деген сыяк пикирде болушкан.

 

Бирок Айсалкындын музыкага деген күчтүү ынтаасына эч ким тоскоол боло алган эмес. Мен ырчы кызга жакында манасчы атабыз Жусуп Мамайдын мекени Ак-Чий айылында жолуктум. Айсалкын 18 жашында тайекеси Айса комузчунун үйүнө барып, ошол жерден комуз кылдарынын сырын үйрөнө баштаган экен:

 

- Алты ай ошол жерде болдум, алгач үйрөнгөн күүм «Ак тамак, көк тамак» болгон, үйгө келип чертип берсем туугандардын көбү ыраазы болуп, комуз үйрөнүүмдү туура деп калышты. Кийин терме, дастандарды жаттап айта баштадым. Себеби кытай кыргыз аялдарынын ичинде терме айткан эч ким жок. Мен ушул боштукту толтура албасам да ордун куру таштагым келген жок.

 

Айсалкын Жунус "Кыз сыры" (сөзү, обону өзүнүкү)

 

 

 

«Жалпы эле кыргыз элинин сыймыгы болгон Саламат Садыкованын, Роза Аманованын ырларын өзгөчө сүйүп угам жана ошолордун жолун жолдогум келет» деген жаш талант 2011- жылдан баштап Ак-чий оодандык "Манас" ансамблинде термечи болуп эмгектенет.

 

Айсалкындын музыкага болгон кызыгуусу өтө күч. Ал комуздан башка да музыкалык аспаптарды өздөштүрүүгө аракет кылып жүрөт, ыр да жазат. "Айрыкча термечилик жагынан Айсалкын кытайлык кыргыздар өнөрпоздорунун алды десем жаңылышпайым",- дейт ырчы кыздын устаттарынын бири, таланттуу комузчу Макен Асанаалы уулу.

 

"Манас" ансамбли 1954-жылы курулган. Ал кезде "Маданият журту" деген спорт ийримдери, китепканасы бар борбор ачылган. Ортодо бир толуп, бир бөксөрүп, айрым учурларда тарап да кеткен. 2007- жылдан баштап «Манас ансамбли» деген 42 өнөрпоздун башын бириктирген топко айланган. Учурда анда 60тан ашык киши эмгектенет. Дүйшөнаалы Осмон топтун азыркы жетекчиси ансамблдин тарыхына токтолду:

 

- Өз учурунда ансамблде Мамбет Төлөмүш, Турдакун Атамбай, Айсаракун Ажыбай сыйактуу талантуу инсандарыбыз из салып кеткен. Учурда Макен Асанаалы, Дүйшөбек Ыбырай, Бейшегүл Жокеш сыйактуу таланттуу өнөрпоздор эмгектенет. Айсалкын 1986-жылы Артыш шаарына караштуу жыйырма миң тургуну бар Кара-Жүл айлында туулган. Ал эмгектенген "Манас ансамбли" 2008- жылдан баштап «Уланган урпак», «Биз Манастын урпагыбыз» сыйактуу театырлашкан чоң көлөмдөгү сахналык чыгармаларды аткарып келет. Быйыл Үрүмчүдө өткөн Нооруз кечесинде Айсалкын Жунус кесиптештери менен «Көгүндө бүркүт шаңшыган Манас журту» деген ыр-бий аралашкан ойунун тартуулады.

 

Ак- Чий, Үрүмчү

 

P.S. Автордун жазуу стили сакталды

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены