Кытайдагы кыргыздар эне тилин жана маданиятын жоготпой келет

Кытайдагы кыргыздар эне тилин жана маданиятын жоготпой келет

«Манас» эл аралык маданият-саякат салтанаты буга далил катары алты жылдан бери салттуу түрдө белгиленип келе жатат. Улуу "Манас" эпосуна арналган мындай саякат-майрамына кызыгуу өтө зор экендиги ушу күнү өзгөчө билинди. Аземди Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун губернатору Пархат Турду ачты. Ал өз сөзүндө Манас - улуу рухий дөөлөт экенине токтолуп, Кытай Эл Республикасынын желегин көтөрүп, салтанатты ачты. Көпчүлүк күткөн азем өтө жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана катышкандардын ар биринин ички сезимин ойготкондой абдан таасирдүү башталды. Айрыкча аксакалдан баштап, кичинекей наристе манасчыга чейин айтылган эпос катышкандардын толкундоосун жаратты.

 

Кыргыз эл артисти Керим Турапов:

“Ушунчалык Манас атабызга көңүл бурулуп жатканы баарыбызды кубандырат. Негизи, булардын жүргүзүп жаткан, менимче, саясаты, элдин ынтымагын, достугун бекемдөөдө".

 

Кызыл-Суу кыргыз автоном областынын губернатору мындай Манас эпосуна байланышкан салтанаттын мааниси өтө зор экендигин баса белгиледи.

 

 

Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун башчысы Пархат Турду:

“Бизге мындай улуу Манас бабабыздын тарыхына байланышкан чоң маданият-саякат майрамын өткөрүү 6 жылдан бери салтка айланган көрүнүш болуп алды. Эң эле негизгиси - бизден кийинки муундар үчүн чоң сабак болот деп ишенем. Биз Манас эпосун ушундай жолдор менен дүйнөгө жайылтуубуз керек.”

 

Ош облустук администрациясынын аппарат жетечиси Камчыбек Салиев:

“Мен бүгүнкү Манас эпосуна арналган салтанатты өзүм көрүп, чоң толкундануу менен кабыл алып, мындай маданий чоң иш-чара бизде да көп-көп уюштуруу зарыл экендигине ынандым. Ошондой эле, бул мамлекеттеги аз сандагы кыргыздар ушундай көрүнүктүү майрам уюштуруп, дүйнөгө таркатууга далалаттанганына чоң ыраазы болдум”.

 

Негизи, Ош областы кытайлык кыргыздар көп жашаган бул аймак менен бир топ жылдан бери ар тараптуу мамилелерди ыкчам өнүктүрүп келет. Алар мындай маданий-массалык байланыштан сырткары, социалдык-экономикалык кызматташууну мындан да күчөтүүнү максат кылууда.

 

Коомдук 1-канал, Кытай Эл Республикасынан

14-сентябрь 2013-ж.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены