Кыш кырдаал штабы болду

Кыш кырдаал штабы болду

16-январь күнү МЖБАО-нын жыйындар залында райондун төрагасы Мурзабай Жоошбаевдин жетекчилиги алдында, райондун тиешелүү мекеме-уюмдардын жана райондук өзгөчө кырдаалдар башкамалыгынын башчысынын катышуусу менен райдондун кыш кырдаалы боюнча штаб өткөрүлдү.

 

Андагы негизги маселе кыш мезгилинен чыгуу жана кыш кырдаалына өзгөчө көңүл буруу болду. Бул штабты райондун төрагасы өзү алыпбарып, өлкө аймагында бардык жолдордо, Душанбе-Хорог, Душанбе-Худжант, Хорог-Мургаб, Мургаб-Ош жана башка автоунаа жолдорунда, кар көп жааганына байланыштуу жолдордун жабылып жаткандыгын, Аличор жамаатында кар көп жаагандыгын, анда 40 градустан ашканын белгилеп, бул кырдаал боюнча кандай иш чаралар көрүлүп жатканына кеңири токтолду.

 

Андан соң сөзгө райондун өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын башчысы Б.Жусуповдун маалыматы угулду. Ал өз сөзүндө республиканын өзгөчө кырдаал комитети тарабынан телефонограмма келгенин айтып, январь айында республиканын аймактарында кар жаап жаткандыгын жана бул кырдаал боюнча ар дайым көзөмөлдөнүп, райондун абалы боюнча облуска үзгүлтүксүз билдирүү берилип туруусун белгиледи, андан тышкары мекеме уюмдардын жетекчилерине кайрылып райондук кыш кырдаал штабына өз уюмдарындагы, мекемелерининдеги абалы тууралуу билдирүү берип турарыны айтты.

 

Андан кийин райондун төрагасы Мурзабай Жоошбаев райондук жол ремонтоо уюмунун, Тажикистан ГЭСинин, Мамлекеттик соода-сатык түйүнүнүн (Захира), Базаркомдун, Айыл чарба уюмунун жана борбордук оруукананын, КАТСтын, билим берүү бөлүмүнү мекемелеринин жетекчилеринин жана Мургаб жамаатынын төрагасынын кышка даярдыктары боюнча билдирүүлөрүн угуп, райондун төрагасы мекеме уюмдардын жетекчилерине айрыкча айыл чарбасына жамааттардагы АФЧ менен бирдикте малдын абалына көз салуусу, жол ремонтоо уюмуна Аличор-Мамазаир-Мургаб, Мургаб-Ош жолдорун жана башка райондун автоуна жолдорун контролдоосун белгилеп жол участыкаларды тиешелүү техника жана күйүүчү майлар менен камсыз-доосун тапшырды.

 

Ал эми борбордук орууканана, КАТС бөлүмдөрүнө жамааттардагы участкалык ооруу каналарды көзөмөлдөп, дары-дармектер менен камсыздоосун жана жамааттардагы оорууканалардын тез жардам авто унасынын абалдарына токтолуп алардын даяр туруусу зарыл экенин белгиледи, райондун элге билим берүү бөлүмүнө, борбордук мектептердин жана жамаатардагы мектептер менен байланышта болуп, алардын абалын контролдоосун баса белгилеп, класстардын температурасына көз салып туруусун билдирди. Мамлекеттик соода-сатык түйүнүнүн (Захира), кызматкерине жамааттарды керектелүүчү азык-түлүктөр менен камсыздоосун тапшырды. Ошондой эле мамлекеттик автоинспекциясына айдоочуларга (таксистерге) убактылуу сапарга чыкпоосун эскертүүлөрүн айтты. Штабтын соңунда райондун төрагасы ар бир мекеме-уюмдардын жетекчилерине тиешелүү жана кечиктирилгис ишчараларды көрүүсүн жана аткаруусун катуу тапшырды.

 

Штабтын аягында райондун төрагасынын биринчи орун басары И.Исрорзода атайын райондук МЖБАОде мекеме-уюмдардын жетекчилери үчүн түнкү кезекчилик графиги түзүлгөндүгүн жарыялады. Ушуну менен штаб соңуна чыкты.

 

«Сарыкол»- пресс

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены