Кыргызстанда 40 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт

Кыргызстанда 40 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт

Вице-премьер-министр Камила Талиева 1-октябрда, Чүй облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын “Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамынын аткарылуусу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

 

Бул мыйзамдын кабыл алынганына 6 жыл болгонуна карабай толук кандуу ишке ашырылбай жаткандыгын айткан Вице-премьер-министр, Чүй облусунда тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү иштери начар экендигин белгиледи. “Республика боюнча этникалык кыргыздардын эң жыш жайгашкан жери Чүй облусунун аймагы. Тилекке каршы, өз мекенине кайтып келген этникалык кыргыздардын маселелерин чечүүдө жергиликтүү аткаруу бийликтеринин иштери өтө солгун”,- деди Камила Талиева.

 

Жыйындын жүрүшүндө тарыхый мекендештердин өз жеринде негизги көйгөйлүү маселелеринен болгон кайрылман күбөлүгү менен пенсия алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда кыйынчылыктардын жаралуусу, турак жай курууга жана айыл чарба максатында иштетүүгө жер тилкесинин берилбей жатышы, жумушка орноштуруу маселеси, мектепке тартуу жана медициналык жардам берүү багытында сөз болду. Вице-премьер-министр аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерине токтоосуз зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 40 миңден ашуун тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жашайт. Алардын 28 миңге жакыны Чүй облусунун аймагында отурукташкан.(И.Н)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены