"Кыргызстан орусташып баратыптыр"

"Кыргызстан орусташып баратыптыр"

Кыйыр барбы кыргыз изи баспаган, Кайың барбы кыргыз балта чаппаган. Бул сөз да жөн жеринен айтылбаган, анткени дүйнөнүн бардык жеринде кыргыз байырлап, кыргыз боюнча сакталып калган. Мисал катары бир эле кытай өлкөсүндөгү кыргыздарды алсак болот. Алар ошол боюнча эле кытайларга сиңип кетпей өз тилин, дилин, салт-санаасын сактап, маданиятын өстүрүп келет. Кытайлык кыргыздардын арасында белгилүү болгон ырчы Бактыгүл Эшендин чыгармачылыгы жөнүндө маек курдук

 

Бактыгүл Эшен, кытайлык кыргыз ырчысы: «Кыргызстан орусташып баратыптыр»

 


- Бактыгүл айым кытайлык кыргыздарга кеңири таанымал ырчы экенсиз, өзүңүз жөнүндө кененирээк айта кетсеңиз?

 

- Кытай жергесинин Какшаал өрөөнү Ак чий айылынан болом. Тактап айтканда Кызыл-Суу облусу Ак чий оданы деп айтылат. Чыгармачылыкка аралашканыма 33 жыл болуп калды. Жалаң гана комуз менен ырдап, концерттерге катышып жүрдүм. Чыгармачыл адамдар менен узак жылга иштешип терме, дастан, көбүнчөсү элдик ырларга басым жасайм. Кудайга шүгүр кайсыл жерге барбайын элдер кубануу менен тосуп алып, ырчылардын арасынан менин атым аталып, конокко чакырылып, сый менен жүрөм.

 

- Ырчы болуу бала чактагы кыялыңыз беле, комузду кимден үйрөндүңүз?

 

- Болоор бала богунан дегендей 6 жашымдан эле ырдап, бийлеп ата-энеме, бир туугандарыма концерт койчумун. Киши жок бөлмөгө кирип алып үнүмдү чыгара ырдайт элем. Атам Эшен деген киши чоң комузчу болгон. Кичине кезимде чоң күүлөрдү чертчү, ошондо мен кирип-чыгып комуздун кулагын кармай коюп жүрүп жакын болуп калгам. Оюн-зоокко 14-15 жашымдан аралаштым. Маамет Төлөмүш деген кыргыздын маданиятын, рухун, духун көтөргөн адам өткөн. Ошол кишинин колунан сабак алдым. Ал «Сен комуздан башка нерсеге өтүп кетпе. Кыргыздын комузу сени көптөгөн бийиктиктерге жетелейт» деп айтчу.

 

- Комуздун коштоосунда обон созот экенсиз, репертуарыңызда канча ырыңыз бар?

 

- Алгачкы ырдап чыккан ырым «Урматтуу улуу жузуңли» деп аталат. Ушул ырды ырдап жалпы журтка белгилүү болгом. Андан сырткары «Тилегим сүйөр беле», «Бакыттын чеги жок экен» ушул сыяктуу ырлар. Жалпысынан тизмеге кирген 50 дөн ашык ырым бар.

 

- Ырларыңызды сөзү, обондору кимдерге тиешелүү?

 

- Ырларымды чогуу иштешкен балдарга жаздырам. Айсаракун Ажыбай, Дүйшанаали Осмон аттуу акын балдар сөзун, Макен Асанаали, Калил Аблес деген жигиттер обонун жазып берет. Жогоруда айткандай көбүнчөсү элдик ырларды ырдайм.

 

- Кытайлык ырчылар да көп болсо керек, сизге окшоп элге кеңири таанылгандарынан кимдерди айта аласыз?

 

- Ырчыларыбыз көп, мен турган айылда «Манас» аттуу ансабль бар, өз алдынча ырдаган жаштарыбыз өсүп келе жатат. Өкмөтүбүз да бизди жакшы колдойт. Аз улуттун өкүлдөрү деп бөлүп жарбай баарына бирдей карайт. Кандай гана улут болбосун аз улутту сыйлап, кыйынчылыктары болсо жардам берип турат. Таанымалдарын атай кетсем Айгүл Токтонаалы, Арзыгүл, мен курактагы ырчылардан Дүйшөкан Сеит, Калича деген ырчылар бар.

 

- Чыгармачылыкка аралашканыңыга 30 жылдан ашыптыр, ушуга чейин кандай жетишкендиктерге, сыйлыктарга жетише алдыңыз?

 

- Бир топ эле сыйлыктарды алдым, бирок мамлекеттин деңгээлиндеги алган сыйлыгым болгон жок. Дастан айтуу боюнча фестивал болгондо «13 жашар баланын арманы» дастанын айтып биринчи орунду жеңип алгам.

 

- Канча баланыз бар, алардын ичинен ырчылыкка кызыкканы барбы?

 

- Үч уул, бир кызым бар. Эки уулум үйлүү жайлуу болуп кетишкен. Бир уулум бул жакта, кызым Кытайда окуйт. Чыгармачылык менен алектенип, Бактыгүл Эшен болуп элге таанылып, бир гүл болуп кызарып өсүп баштаган кезде 37 жашымда жолдошум каза болуп калды. Жаш калган балдарымды эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун кылып жүрүп чоңойттум. Кызымды бешиги менен көтөрүп алып айылдарга концерт койгон күндөрүм болду. Ошондой кыйын кезеңдерге баш ийип отуруп калган жокмун. Өзүңдү жөлөсөң да кээ бир көрө албагандар «ии байкуш эми ушул балдарыңды кантип чоңойтосуң, сага кыйын болду» деген сөздөрдү айтканда маанайым түшүп жүрдү. Бирок илимдүү, билимдүү, журт атасы болуп жүргөн адамдар менен аралашып жүргөндүктөн, алардын тарбиясы жакшы болот экен. Ошолордун кеңешин угуп, артка кетпей кайраттанып эл үй салса үй салдым. Азыркыга чейин 4 баламды бир жолу да сабагын таштатпай, кем-карчы кылбай, жасайм дегенин жашатып өстүрдүм.

 

- Сизди Саламат Садыкова аркылуу таанып калдым, эже менен кантип таанышып калдыңыз эле?

 

- Мамлекеттик сыйлыктардын ээси, кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан эженин ырдаганын жаш кезимде эле радиодон укчумун. Ал эми азыркы интернеттин өнүккөн заманында күн сайын эле жаңылыктар менен таанышып турабыз да. Эженин чыгармачылыгы менен интернет аркылуу кенен таанышкан соң «жүрөгүмдөгү аял экен, бир жолу таанышсам » деген тилектер пайда болгон. Кыргызстанга келген сайын эжени тапканга аракет кылчумун. Анан быйыл мартта келгенимде кайсы бир концерттин афишасынан эженин катышаарын окуп калып, ошол концертке бардым. Издеп кийинүүчү жерине чейин барып жүрүп таанышкам. Былтыр келип таппай кеткен болчумун. Саке өзун көтөрбөгөн, кичипейил адам экен.

 

- Биздин маданият жөнүндө эмне айта аласыз?

 

- Кыргыздын маданияты Манас атабыздан башталат. Кыргыз дегендин туу чокусу Манас! Ак чийде Манас айткан Жусуп Мамай атабыздын манасын угуп чоңойдук. Мен өзүм да Манас айтып жүрөм. Жаш кезде жаттап алып айтчумун, ошону азыркыга чейин унутпадым. Манас атабыздын арбагы колдоп, кандайдыр бир сыйкыр бар экен. Отуруп жарым саат айтып ием. Чоң-чоң манасчыларды угуп, ошолорго таасирленип жүрөм.

 

- Жусуп Мамайдын айылынан болсоңуз ал кишини жакшы билсеңиз керек?

 

- Азыркы учурда 96 га чыгып калды ден соолугу жакшы. Жашы өтүп эми айтпай калды, ал кишинин айтканы өзгөчө эле. Кээ бир кишиден сөз сурасаң ушундай бир уккуңду келтирип сүйлөп берет го, ошо сыяктуу Жусуп атабыздын Манасын укканда угуп эле отура бергиң келчү. Ушундай бир өзгөчө, уккулуктуу кылып айтат. Учурда «манасчылар» тобу деп 50-60 тай манасчы бар. 3-5 жаштагы кыздар-балдар да айтып жатышат.

 

- Кыргызстанга биротоло көчүп келейин деген оюңуз барбы, негизи эле өлкөбүз жагабы?

 

- Ал жакта отурукташып калгандан кийин балдарымды таштап келе албайм. Келип-кетип турайын деген эле оюм бар. Кыргызстанда анча-мынча жаман адамдардан сактанып жүрсөң эле, калганы жакшы экен. Байкасам орусташып баратыптыр, баары эле орусча сөздөрдү кошуп сүйлөшөт. Мисалы биз аз улут болуп Кытайда жашасак да, бири-бирибиз менен бир да кытайча кошуп сүйлөшпөйбүз.

 

Булак: "Де Факто"(М.Э)

27.08.2013

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены