Кыргызстан менен атам замандан бери байланыш бар

Кыргызстан менен атам замандан бери байланыш бар

Тажик республикасынын Автономдуу Тоолуу-Бадахшан облусундагы Мургаб районунун аянты 38442,2 кв.км. Калкынын саны 15 миңге жакын, анын 90%ына жакынын кыргыздар түзөт.

 

Азыркы учурда райондо Кара-Көл, Көөнө-Коргон, Мадиян, Баш-Күмбөз, Булуң-Көл, Раң-Көл, Чечекти, Токтомуш, Шаймак сыяктуу айылдардан турган Мургаб, Кара-Көл, Гожо Бердибаев, Аличур, Раң-Көл, Кызыл-Рабат сыяктуу алты айыл жамааты бар. Элет жеринде жашаган калтын негизги тиричилиги мал чарбачылык. Биз бийик жерде жайгашкандыктан топоз жана кой өстүрүү менен алектенебиз.

 

Райондо 15 мектептин бирөөндө окутуу тажик, бирөөндө аралаш, калган 13 мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Биздин район Кыргызстан менен атам замандан бери эле тыгыз байланышта болуп келген. Айрыкча, Совет учурундагы бизге көрсөткөн жардамы тууралуу баса белгилеп өтүшүбүз зарыл. Бизде адистер жетишпей жаткан учурда элдин сабатын жоюудагы кыргызстандыктардын салымын өзгөчө белгилеп өтүү зарыл.

 

Алардын ысымдары мургабдыктардын дале эсинде турат. Белгилүү окумуштуу Жээнбай Мукамбаевди өзгөчө урматтоо менен эскеребиз. Бизде белгилүү акын-жазуучулар Мурза Гапаров, Анатай Өмүрканов, Эрнис Турсунов, Маданият, маалымат жана туризм министри белгилүү композитор Түгөлбай Казаковтор иштеп кеткен. Белгилүү сүрөтчү Сагымбек Ишенов да эмгек жолун бизден баштаган. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Челпек айлынан келген Абдыкадыр Ахмедшариповдун эмгек жолу ушул жерде башталган. Ал Мургабда 12 уул-кызды чоңойтуп, аларга татыктуу таалим тарбия берди. Баары жогорку билимдүү. Азыр жооптуу кызматтарда. Мургабдагы №1-мектепке Абдыкадыр Ахмедшариповдун аты коюлган. Ош облусундагы Кара-Суу районун Мады айылынан барган Абдыкадыр Талканчиев агай да мургаптыктардын арасында абдан сыйлуу абдан болгон. Өз ишин жакшы билген педагог болчу. Кийин жооптуу кызматтарга көтөрүлгөн. Бир топ жыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган.

 

Айтор, биздин Кыргызстан менен алыш-бериш кадимден эле болуп келген, азыр деле үзүлө элек. Мурда союз бузула элек кезде мургабдыктар кыргыз тилинде чыккан «Советтик Кыргызстан», «Кыргызстан маданияты» «Мугалимдер газетасы», «Ленинчил жаш», «Кыргызстан пионери» сыяктуу гезиттерге жана «Ала-Тоо», «Эл агартуу», «Ден соолук», «Жаш ленинчи» сыяктуу журналдарды алып окуучубуз. СССР ыдырагандан кийин мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калдык. Бирок, 2013-жылдан бери биздин районго 10 даана «Кыргыз Туусу» гезитинин ар бир санынан 10 даана келип жатат. Баарынан кызыгы, анын чыгымын кыргызстандыктар өзү төлөп, аны Ошко жеткирип, андан бери Ошто жашаган Чокоев Эсенгелди менен анын жубайы Алмакан Мургабга каттаган таксилерден берип жиберет. Жакындан бери мургабдыктар Кыргыз Туусу» гезити менен кошо «Ачык сөз» гезити да келе баштады.

 

Биз жакында тактап айткан 26-октябрдан 4-ноябрга чейин АКТЕД эл аралык уюмунун «Жайыттарды туура пайдалануу жана аны пайдаланууда салттык тажрыйбаларды колдонуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Талас жана Нарын облустарынын жайыт комитеттеринин жүргүзгөн иштери менен таанышып, өз ара тажрыйбаларыбызды бөлүшүп кайттык. Бизди Кыргызстанда «КЭМП «»Ала-Тоо», «Руал фонд», «ИСУР», «Кыргыз өзөгү», «Устат-шакирт», «Таалим форум», «Кийиз дүйнө» коомдук уюмдар, Бишкектеги агрардык академиянын алдындагы «Биотүрдүүлүк боюнча өнүктүрүү» борбору бизди жылуу кабыл алышты. Конокторду «Макал Арт» чыгармачыл тобу коштоп жүрдү. Кыргызстанга баргандан кийин кыргыз тилиндеги телеберүүлөрдү көрүп жүрдүк.

 

Биз Мургабга кетээрге жакын Кыргызстандын Президенти А. Атамбаев журналисттерге белек тапшырып жаткан учурду көрсөтүп калды. Алардын арасында «Ачык сөз» гезитинин башкы редактору Жора Сулаймановго да сыйлык берилди. Биз мурда анын гезитин окуп жүрсөк, телевизордон өзүн да көрдүк. Түшүнгөн адамга Мамлекеттин башында турган адамдын назарына түшүү да оңой-олтоң эмес. Ошондуктан учурдан пайдаланып, «Ачык сөз» гезитинин башкы редактору Жора Сулаймановго мургабдыктардын атынан ыраазылык айтып, анын жамаатын өтүп кеткен да кесиптик майрамы менен куттуктап коюуну туура таптык.

 

Кези келип турганда Памирдин өткөн тарыхына да бир аз токтоло кетели. 1880-жылдардын башында британиялыктар «Памирге илимий экспедиция жүргүзөбүз» деген шылтоо менен бул тарапка чалгынчыларын жөнөтө баштаган. Россия ал жакка капитан кыргыз тилин жакшы билген Бронислав Громбачевский башында турган экспедицияны жөнөткөн. Кытай Памирди өз көзөмөлүнө алуу максатында Раң-Көл жана Жашыл-Көлдүн жанында өздөрүнүн чыңдоолорун кура баштаган. Аларга Ооганстан каршылык көрсөткөн. 1890-жылы Улуу Британиялыктар Кашкарда консулдугун ачкан. Англиянын негизги максаты-Кытай бийликтери менен Памирди бөлүштүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болгон. Россия алардын мындай аракетине жол бербөөүчүн 1891-жылы жайында Маргаландан полковник Михаил Ионов башында турган аскер отрядын Памирге жөнөткөн. Анын отряды Гиндикуштун түндүк тарабындагы Бозой-Күмбөзгө (азыркы Вахан коридорундагы) чейин жеткен. Россиялыктар аерде британиялыктар менен кездешип, алардын Памирден кетүүсү тууралуу кагаз жүзүндө убадасын алган. Кийинки жылы кытайлыктар жана оогандыктар Ак-Суу жана Аличур дарыяларынын жээгиндеги өрөөндөргө аскерлерин жиберишкен. М. Ионовдун отряды Сүмө-Таштагы жана Кытайлардын Ак-Таштагы аскерлерин сүрүп чыгышкан. Капитан Кузнецовдун отряды Памирде калтырылган. 1893-жылы жазында оогандыктар Шугнан жана Рушан тарапта кайрадан пайда боло баштаганда аларды Ванновскийдин аскерлери артка чегиндирген. 1894-жылы жайында оогандыктар менен бир нече жолу болгон кагылышууда Россия тарап жеңип чыккан. 1895-жылы 27-февралда Лондондо Россиянын элчиси менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин ортосунда келишим түзүлүп, Памирдин бир бөлүгү Россияга, экинчи бөлүгү Ооганстанга өткөрүлгөн. Ошентип эки ири державанын кызыкчылыгы үчүн Памирлик кыргыздар эки мамлекеттин аймагында бөлүнүп калган.

 

Совет бийлиги орногон жылдарда Тоолуу Бадахшан областы Түркстан АССРинин курамындагы өз алдынча область болуп турган. 1924-жылы Орто Азияда улуттук мамлекеттер түзүлө баштаганда тажик комиссиясы автономиялуу Тоолуу-Бадахшан областын түзүү жана аны Тажик АССРинин курамына киргизүүөтүнүчү менен кайрылган. 1925-жылы 2-январда СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин чечими менен Автономиялуу Тоолуу-Бадахшан областы түзүлгөн.

 

Облустун аймагында кыргызча жер суулардын аттары көп. Мисалы, Хорогго жакын Шунган районунда Жыланды, Ак-Тайлак, Күйгөн-Токой, Кой-Тезек сыяктуу кыргызча жер суу аттары бар.

 

---------------------------------------------------------------------------------------

 

Сүйүнбек Тажидинов, «АКТЕД» эл аралык уюмунун Мургаб районундагы координатору,
Султан Парманов, долбоордун кеңешчиси,
Абылкасым Козубеков, Мургаб райондук айыл чарба бөлүмүнүн адиси,

Асылбек Мантаев, Абдилазиз Гуламайдаров, Шарабидин Курбаналиев, Султан Шарипов, Койчуман Жаникулов, Эссен Шаимов, Токур Ооматов, Мамажунус Ибраимов, Зулпукаар Ниябеков, Мусабай Нурмаматов, Абдибаит Адылбеков, Маматсали Сатаров, - Көөнө-Коргон, Аличур, Ыраң-Көл, Булуң-Көл, Баш-Гүмбөз, Ак-Суу, Чечекти, Кара-Көл айылдарында түзүлгөн фермердик чарбалардын жетекчилери.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены