Кыргызды тыюу салып башкара албайсын

Кыргызды тыюу салып башкара албайсын

Талант Анарбаев: “Кыргызды тыюу салып башкара албайсын” дейт Атамбаев, анда мени угуп турсун...

 

Президент Атамбаев интернет окуй тургандыгын жакында эле телеканалдарга маек берип жатып айтты. Ошону эске алып жазып коюуну чечтим.

 

Атамбаев Алмазбек “кыргыздар өзбек же тажик элиндей эмес,биздин элди тыюу салуу менен көндүрүү кыйын” дейт, мен ушуга карата оюмду билдирейин.

 

Атамбаев алысты көрө билбеген саясатчы экен, далил менен айта турган болсом, мына Тажикстанда Жерге-Тал деген район бар, 90% кыргыз жашайт. Мына ошол кыргыздар Тажикстандын мыйзамына баш ийип эле жашап келе жатпайбы? Ошол эле мамлекетте Мургаб деген райондо бүт эле кыргыздар жашайт, аларда да биздей электр жарыгы жок, отуну жок, ошолор деле чыдап эле, мыйзамына баш ийип, жашап келе жатышпайбы?

 

Атамбаев эгер билчү болсо, Өзбекстанда 2 милиондон ашуун кыргыз паспортуна “өзбек” деп жазып алып, ал өлкөнүн диктатурасына баш ийип, жашап эле келе жатат. Же айкын мисал, Кытайда 300 минден ашык кыргыз “кынк” этпестен эле Кытайдын законуна баш ийип бизден мыкты жашап келе жатат го? А эмне мен жогоруда санап өткөн мамлекеттердеги кыргыздар “кыргыз” эмеспи?..

 

Өзүңөр алысты көрө албаган сокур саясатчысыңар! Президенттик мөөнөтүңөрдү эсептеп, “3 жыл убакытты” айтасыңар, деги ушу президенттик тактыга олтурганы иштеген ишиңерге эч эле купулум толбойт!

 

Ачык айтайын, А.Атамбаев, жаңы муун толук келмейинче эч бир өзгөрүү жасай албайсынар!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены