Кыргыздар тоолуу аймактардан орун алган

Кыргыздар тоолуу аймактардан орун алган

Башка мамлекетте жашаган кыргыздардын саны 1 млнго чамалап барат. Эң кызыгы алар да тоолуу аймактарда жашайт экен.

 

Тажикстанда жашаган кыргыздар

Кыргыздар негизинен мекендеген жерлери болуп Каратегин (Жерге-Тал), Сары-кол (Мургаб-Памир), Согди аймактары болуп эсептелет. Тоолуу райондор Жерге-Тал, Мургабда дээрлик жарымынан көбүн кыргыздар түзөт. Бирок шарты аябай катаал райондордун бири.

 

Ооганстан

Жалпысынан бул мамлекет да тоолуу. Бирок өлкөнүн чыгыш аймагы эң бийик жери деп эсептелинет. Бийктиги 4000ден 8000 метрге чейин көтөрүлүп турган Памир, Гиндукуш тоолору. Баарыбыз билип жүргөндөй, оогандык кыргыздары да бул жерди байырлап келишет. Мал чарбачылыктан башка нерсе менен алектенүү мүмкүн эмес.

 

Түркия

1978-жылы Ооган Памириндеги кыргыздар саясий кырдалдан улам Пакистанга, андан ары Түркияга кетишкен. 1986-жылы Ван облусунун Эржиш районуна караштуу Алтын-Дере деген жерге жайгаштырышып, айыл куруп беришкен. Ал Улуу Памир айылы деп аталган. Түркиянын эң тоолуу аймагы бул Ван болуп эсептелет. Кыргыздар жашаган айылды да тегерек четин тоолор курчап турат.

 

Кытай

Кытайлык кыргыздарды оогандык, тажикстандык же түркиялык кыргыздарындай бир кароого болбойт. Анткени Кытайдын бир нече аймагында кыргыздар этностук топту түзүп, ар түрдүү жерге жайгашкан. Бул жакта да кыргыздар эзелтеден бери жалаң тоолуу аймактарды мекендеп келгени таң калычтуу. Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунда 500 миңдей адам жашаса, анын 150 миңи кыргыздар. Анын ичинен 70 % тоо арасында жашайт. Кашкар ооданында болсо 10 миңден ашуун, Тарбагатайда 2 миңден ашуун кыргыз бар.

 

Фу-йү кыргыздары деген ат менен белгилүү болгон Хейлунжандагы кыргыздардын саны 1500дөн ашты. Негизинен бул жер 1757-жылы Чин империясы көчүрүп барган. Бул аймак адырлуу жер болуп эсептелет.

 

Тибет дүйнөнүн эң бийик жери деп эсептелинет. Гималайга туташ жаткан бул тоолордо болжол менен чачыранды 3000 миңдей кыргыз бар.

 

Хотан аймагындагы Шайдылда-Базар, Кең-Кыр айылдары да тоолордун арасында.

 

Жалпы Кашкар аймагын кыргыздар байыртадан мекендеп келишет. Азыр жалпы 4 193 кыргыз бар. Кашкар шаарында 220, Кашкар көөнө шаар ооданында 631, Кашкар жаңы шаар ооданында 566, Жаңысар, Жеркен, Каргалык, Ташкоргон тажик автономиялык ооданында 4000 метр бийиктиктеги Көк-Жар айылы толугу менен кыргыздыкы.

 

2004-жылкы каттоо боюнча, Иле казак автоном облусундагы кыргыздардын саны 17 миң 219 адам болуп, мында облустка караштуу оодан, шаарларда конуштангандар 15 миң 63 адам болгон. Иле-Текес биз билгендей Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолорунун уландысы же чыгыш бөлүгү болуп эсептелет.

 

Өзбекстан

Өзбекстанда расмий эмес 1 млндон ашуун кыргыз жашайт. Ал эми расмий маалымат боюнча, 370 миң кыргыз жашайт. Кыргыздар негизинен Өзбекстандын Анжиян, Фергана, Наманган, Жиззак, Сырдарыя, Самаркан, Кашкадарыя, Ташкент облустары, Каракалпакстан аймактарынан орун алышкан. Ал жерлердин рельефин эзелтеден өздөштүрүшүп, байырлап калышкан. Албетте Фераганадагы кыргыздар түздүктө орун алган. Ал эми Ташкенттин Кыргызстан менен чектешкен аймагында Чаткал районуну батыш тарабындагы бийик Пскем тоолорунда, бийик аймактагы Чыйырчык өрөөнүндө кыргыздар отрукташкан. Жизак, Сыр-Дарыя облустарында да кыргыздар жалаң бийик тоолуу аймактарында жашашат.

 

Пакистан

1926-жылы Совет бийлигине баш ийбей Пакистанга качып кеткен жаныбек казынын урпактары Пакистандын түндүгүндөгү тоолуу Гилгит аймагында отрукташкан. Монголиядагы так аталбай жүргөн кыргыздар Монгол Алтай тоолорунун арасында. Эне-Сай кыргыздарынын урпактары деп эсептелеген Алтай, Тувалар да тоолордун арасынан орун алган.

 

Кыргызстанды карап көрсөк, бизде 80 ден ашуун улуттун өкүлү жашаганы менен шарты катаал, эң бийик жеринде бир гана кыргыздар байырлап келет. Мисалы Нарын облусунун 98 % кыргыздар, бийик тоолуу Чаткал, Суусамыр, Токтогул, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа аймактарында бүт кыргыздар жашайт. Ал эми жарымы тоолуу жарымы түздүктүү Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Аксы, Ала-Бука, Кадамжайдын тоолуу айылдарында да кыргыздар жашайт. Чүй облусун келсе эң түздүктүү өрөөн болуп эсептелет. Чүйдө XIX кылымга чейин дээрлик кыргыздар гана жашап келген. Кылымдын аягында орус, немис, дунган, уйгур, украиндер пайда болгон. Согуш жылдарында бир нече кавказ улутундагылар көчүрүлүп келген. Кыргыздын баары Чүйдүн түштүк тарабындагы Кыргыз-Ала тоосунун этектерине сүрүлүп калган. Ысык-Көлдүн түштүк бөлүгүндөгү Сырт деп аталган бийик тоолуу аябай кең жер бар. Ал жердеги бирин-серин айылдар дээрлик кыргыздардыкы. Эң кызыгы Баткендеги кыргыздар түздүктө отрукташканы менен Зардалы деген айыл толугу менен кыргыдар түзөт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены