«Кыргыз Туусу» Дүйшөмбүгө чейин жетти

«Кыргыз Туусу» Дүйшөмбүгө чейин жетти

Биз, Ош облусунун тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин жамааты, сиздердин гезитиңиздердин үстүбүздөгү жылдын 11-январындагы №1 санына чыккан Ш.Калыковдун «Кыргыз Туусу» Мургаб, Жерге-Талда» деген макаласын кызыгуу менен окуп чыктык. Анда «Кыргыз Туусу” гезити бүгүнкү күнгө чейин Россиянын, Казакстандын аймагында иштеп жүрүшкөн окурмандары менен ой бөлүшүп келген болсо, жаңы 2013-жылдан баштап Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы кыргыз бир туугандарыбыз жашаган Мургаб, Жерге-Тал райондорунун окурмандары дагы маалымат менен камсыз болгону айтылган.

 

“Мындан ары аталган райондордогу мектептерге, китепканаларга жана башка мекеме-уюмдарга улуттук тилибизди, маданиятыбызды колдоо максатында “Кыргыз Туусу” гезитинин ар бир санынан бекер жеткирилип турмакчы. Ушундай саа­малыктарды жаратууга салым кошкон инсаныбыз, “Кыргыз Туусу” гезитинин “2012-жылдагы каарманы” Намашамов Бейшенин демилгесин айтпай кетпесек болбойт. Анткени, Бейше Жуманазарович аталган эки районго жөнөтүлүүчү гезиттин бир жылдык чыгымын толугу менен өзү төлөп берип, Тажикстанда жашаган кыргыз бир туугандарыбызга зор белек тартуулап отурат. Ошондуктан мекенчил инсаныбыз Бейше Жуманазаровичке ыраазычылык билдире кетмекчибиз”, – деп жазылыптыр.

 

Ырасын айтканда, Ош облусунун тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин жамааты үчүн бул жаңылык абдан жагымдуу болду. Биз дароо «Кыргыз Туу­су” гезитинин башкы редакторунун түштүк аймактар боюнча орун басары Төлөнбай Абдыразаков менен байланышып, аны менен бирдикте Тажистандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунун төрагасы (бизче айтканда, акими) Мырзабай Жоошбаевге телефон чалып, гезиттеги кабарды окуп бердик. Ал бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алып, «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Бакытбек Орунбековго жана кара-кулжалык ишкер Бейше Намашамовго чын жүрөктөн ыраазылык билдирүү менен, май айында Мургаб менен Хорогго жана Жерге-Талга келип конок болуп, элдин турмушу менен таанышып кетүүлөрүн суранышты. Биз Мырзабай Жоошбаев менен байланышка чыккан учурда Дүйшөмбүдө экен, ал бул жагымдуу жаңылыкты Тажик Республикасынын жетекчилерине чейин билдире тургандыгын кабарлады.

 

«Кыргыз Туусу» гезитинин жана каракулжалык ишкер жигиттин демилгесин Тажик Республикасынын Тоолуу – Бадахшан автономиялуу облусунун Ош облусундагы өкүлү Оликназар Холикназаров менен Жерге-Тал районунун өкүлү Салохидин Юлдашевге да билдирдик. С.Юлдашев ошол учурда Кара-Балтада жүргөн экен, ал: «Кыргыз Туусу» гезитинин редакциясына, жергеталдык кыргыздардын атынан ыраазылык сөздөрүн айтамын, “Кыргыз Туусу» гезитинин мектептерге жетишине көз салып турамын» деген убадасын берди.

 

Kg tuusu Dushanbe 1 Kg tuusu Dushanbe 2

 

Учурдан пайдаланып, Ош облусунун Тоолуу-Бадахшан автоно-миялуу облусу менен болгон карым-катнашыбыз тууралуу маалымат бере кетүүнү туура таптым. Өткөн жылы Мургабда кыш катуу болуп, Хорогго жана Ошко барчу жолдордон кар көчкү жүрүп, Мургабда эки тараптан тең байланыш үзүлүп, кыйналып калган кезде райондун төрагасы Мырзабай Жоошбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдон Ошко келчү жолду көчкүдөн тазалап берүүсүн суранган болчу. Мургабдык туугандардын өтүнүчү аткарылып, кыргызстандык жолчулар кар көчкүнү тазалап беришкен. Алар кыйын кырдаалда берген биздин жардамыбызды ушул күнгө чейин айтып жүрүшөт. Ош облусунда «Инвестиция тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү» боюнча форум өткөрүлүп, ага 13 өлкөнүн, анын ичинде Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоно-миялуу жана Согди облустарынын өкүлдөрү да катышкан болчу. Ошол форумда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий жактан кызматташуу боюнча меморандум түзүлүп, ага Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен Тоолуу-Бадахшан автоно-миялуу облусунун төрагасы Кодири Косим кол койгон. Анын негизинде кийинки жылдарда эки облус­тун тышкы соода байланышынын көлө-мү 2,5-3 млн. америка долларына чейин көтөрүлдү. Шарты катаал болгон Мургаб районунун калкы үчүн Ош облусунан жеңилдетилген баада көмүр тартылып жатат. Кыргызстандын жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында Тажик Рес­публикасында жашаган этникалык кыргыз жаштарын жеңилдетилген негизде окутууга көңүл бөлүнө баштады.

 

2010-жылы ноябрда Ош облусу тарабынан Жерге-Тал жана Мургаб райондорундагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерге жалпы суммасы 2 млн. сомду түзгөн окуу китептери жана көркөм адабияттар жеткирилип, кыргыз мектептеринде иштеген мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Аталган райондорго кыргызстандык «Талант шоу» ыр-бий ансамблинин өнөрпоздору барып келишти.

 

Өткөн жылы июнь айында Ош облусунун Кара-Суу жана Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб райондорунун ортосунда ар тараптуу кызматташтыкты жана достукту чыңдоо боюнча келишимге кол коюлду. Анын алкагында Мургаб районунда Кара-Суу районунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өткөрүлүп, бул иш-чараны мургабдык туугандар жакшы кабыл алышты. Октябрь айында Мургаб районунун мектептери үчүн 640 миң сомдук окуу китептери жана куралдары жеткирилди.

 

Быйыл май айында Мургаб районундагы мектептер үчүн парталар жеткирилмекчи.

 

Тарыхка көз чаптырсак, кыргыздар байыркы замандан бери тажик калкы менен ийиндеш жашап келген калк. Биздин Тажик Респуб­ликасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу менен болгон карым-катнашыбыз байыркы мезгилге барып такалат. Бул салтты азыркы учурда да улантууга салым кошкон «Кыргыз Туусу» гезитине жана каракулжалык ишкер Бейше Намашамовго дагы бир жолу ыраазылык билдиребиз. Элибизде «Кошунаң менен ынтымак болсоң, жашооң маңыздуу» деген сөз абалтан эле айтылып келет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены