"Кыргыз өлкөсүнө көчүп келген этникалык кыргыздар коомго аралаша албай жатышат"

"Кыргыз өлкөсүнө көчүп келген этникалык кыргыздар коомго аралаша албай жатышат"

Кыргыз өлкөсүндө азыркы күндө тарыхый мекенине кайтып келген жалпы 33 718 этникалык кыргыздар жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Тажикстан жана Өзбекстандан көчүп келишкендер.

 

Бул туурасында бүгүн Бишкекте өткөн Акыйкатчынын беш айлык жыйынтыктоо жыйынында Кубат Оторбаев билдирди.

 

"Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алган жылдардан бери Тажикстан жана Өзбекстандан мекендештерибиз көчүп келе башташкан. Алар Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында жашап жатышат.

 

Этникалык мекендештирибизге өкмөт документ алууга алгач кайрылман макамын берип, андан аркы жайгашуусуна шарттарды түзүп берүүсү керек эле. Бирок учурда алардын айрымдары биздин коомго кошула албай келет. Себеби кайрылман макамын ала албай жатышат. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылына Мургабдан көчүп келишкен үй-бүлөлөр 20 жыл жашашса да аларга жер тилкелери бөлүнгөн эмес. Биз бул маселе боюнча иликтөө жүргүзсөк жергиликтүү жашоочулар менен алардын ортосунда көйгөй жаралыптыр.

 

Быйыл февраль айында алардын чырына Жогорку сот чекит коюп, 4 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилсин деген чечимин чыгарса да, жергиликтүү бийлик аны аткарбай жатат. Мындан башка да азыр Кара-Балтага 1992-жылы Тажикстандан көчүп келишкен 22 үй-бүлөнүн жашап жаткан үйү авариялык абалда турат. Негизи биздин тиешелүү тараптар этникалык кыргыздардын маселесин чечпей жатат", - деди акыйкатчы.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены