Кыргыз аты - кыйын ат

Кыргыз аты - кыйын ат

Тажикстандын Мургаб районунда этникалык кыргыздар "кыргыз жылкысынын” асыл тукумдуулугун арттырып, санын көбөйтүү максатында атайын ферма куруп, төрт жылкыны багууда. Буга ат жандыгын изилдеп келе жаткан франциялык Жаклин Рипар айым жардам берген. Мургабдык кыргыздардын айтымдарында, эки коңшу өлкөнүн географиялык окшоштуктары кыргыз жылкысын багып чоңойтууга анча кыйынчылык деле жаратпаптыр.

 

Курбанбай Раимжанов : Тажикстандын Мургаб районунун кыргыз кол өнөрчүлүк тобунун жетекчиси: "Былтыр октябрь айында Кыргызстандан төрт асыл тукумдуу жылкы алып барганбыз. Кыргыз жылкылары тоо- ташта жүрө алган, чыдамкай жана оор жүктөрдү алып жүрүүгө жөндөмдүү келет экен. Буйруса жаздын этегинде тууйт. Байыркы кыргыз кол өнөрчүлүгүн жандандыруу максатында да иштерди жасап жатабыз.

 

Кыргыз жылкыларын изилдөөдөн тажабаган франциялык Жаклин Рипар айым 15 жыл бою ат жандыгынын артынан түшүп, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кыдырып чыккан. Анын Кыргызстанга келүүсүнө биздеги жылкылардын байыркы тукумдуу экени кызыктырган.

 

Жаклин Рипар, "Кыргыз аты” мекемесинин жетекчиси: "Кыргыз жылкысы мындан эки миң жыл мурда эле пайда болгону тарыхта жазылып жүрөт. Менин байкашымча, башка жылкыларга атайын жем бериш керек болсо, кыргыз жылкысы көп чыгымды талап кылбай, кардын алдынан болсо да чөп таап оттойт экен. Алыс жолдо да чарчабайт. Ал эми жаңы кыргыз жылкысы же европалык аргындар тез эле чаалыгып калат.”

 

Тарыхчылардын баамында ата-бабаларыбыз жылкы өстүрүүнүн миңдеген жылдардан сакталып келген сырларын билген жана аны аздектеп келген.

 

Рыскул Жолдошев, Тарых илимдеринин кандидаты: "Тарыхта бизге белгилүү болгондой, Шабдан баатырдын ашында орус падышачылыгы менен кыргыздын аттары жарышка түшүп, биздин аттар алдыга озуп чыгышканын билебиз. Кыргыз жылкысынын туягы катуу, боюу жапыз, арткы буту бир аз узун болгон.”

 

Союз убагында көп эт, сүт берет деген максат менен кыргыз жылкысы орус жылкысы менен аргындаштырылган. Кийин 90-жылдардагы каатчылыктын айынан жакшы жылкылар союлуп, сатылып кеткен.

 

Бишкек, 17-февраль 2012-жыл, КТРК


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены