Курулуш иштери алдыга бара жатат

Курулуш иштери алдыга бара жатат

Тынчтыктын негиздөөчүсү, Улут ажосу, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн ушул жылдын декабрь айында Мажлиси Олиге Кайрылуусунда өлкөнүн алыскы райондорунун борборлорун көрктөндүрүү, алардын инфраструктураларын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Биздин тоолуу Мургаб районунун жашоочулары дагы бул Кайрылуудагы айтылгандарга ыразы болууда.

 

Өлкө президентинин саясатынын негизинде акыркы жылдарда тоолуу Мургаб районубуз күндөн күнгө көрктөнүп бара жатат. Өткөн жылдагы өлкө Өкмөтүнүн отурумунда Мургаб районунун генералдык планы бекитилип, аны шаарчага айландыруу боюнча атайын кабыл алынгандыгы районубуздун өнүгүшү боюнча көрүлгөн камкордук болуп саналат.

 

Учурда райондук борбордо бир катар курулуштар ишке ашырылып жаткандыгын көрүп жатабыз. Алсак, райондук Өкмөттүн эки кабаттуу имаратынын курулушу башталды. Бул курулуш Президенттин аткаруу аппаратынын курулуш дирекциясы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жатат. Үстүбүздөгү жылы 810миң сомонилик курулуштар аткарылып, курулуштун иши жүргүзүлүп жатат. Бул курулуштун долбоору 3 жылга белгиленип, имарат 2019-жылы пайдаланууга берилмекчи. Ошондой эле айланан чөйрөнү коргоо Комитетинин 3 кабаттуу имаратынын курулушу ишке ашырылууда. Бул имараттын курулушу да 2019-жылы бүткөрүлүп, шаарчабыздын көркүнө көрк кошуп, өнүгүүсү жакшырылат.

 

Өткөн жылы, өлкө Президентинин аткаруу аппаратынын курулуш дирекциясынын каржылоосу менен “Пайман 91” курулуш компаниясы тарабынан райондук орукананын төрөт бөлүмүнүн имараты оңдоодон өткөрүлүп, 1300000 сомонилик курулуштар аткарылды, бул иштер быйыл дагы улантылып, төрөт бөлүмү менен санэпидстанциянын имараты толук оңдолуп 2018-жылы ишке киргизилет.

 

Андан сырткары райондун борборунда Мургаб жамаатынын административдик имаратынын жана юстиция борборунун имараттарынын курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга бе- рилүүнүн алдында турат. Мындай курулуштар бир гана райондук борбордо эмес, райондун башка жамааттарында да ишке ашырылып жаткандыгын айта кетүү керек. Мындагы курулуштар элдин социалдык абалын жакшыртууга багытталган десек болот.

 

Буга, Кызыл-Рабат жамаатынын Токтомуш айлындагы ден-соолук Борборунун жаңы имаратынын салынышы. Бул социалдык имараттын курулушу Япония элчисинин көмөгү менен ишке ашырылып пайдаланууга берилди. Ошондой эле Чеш-Дөбө участка- сындагы эс алуу үйү ишкерлер тарабынан каржыланып пайдаланууга берилди.

 

Ошондой эле Аличор жамаатында райондук ички иштер бөлүмүнүн айылдык бөлүмчөсүнүн 2 кабаттуу имараты Душанбе шаарындагы “Хашод” курулуш фирмасы тарабынан толук бүткөрүлүп ишке берилди. Учурда Г.Бердибаев жамаатынын Көөнө-Коргон айлындагы спорт залдын курулушу жамааттын каржылоосунда башталып ишке ашырылууда. Мына ушул ку- рулуштардын пайдаланууга берилиши тоолуу районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин жашоосунун күндөн күнгө жакшырып бара жаткандыгын, келечектеги муундарга көрүлүп жаткан камкордуктардын бири болуп эсептелинет.

 

Ш. Исламбердиевна

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены