Коргонууга татыктуу көмөк көрсөтөбүз

Коргонууга татыктуу көмөк көрсөтөбүз

Коргонууга татыктуу көмөк көрсөтөбүз дейт ООСОнун Мургаб райондук комитетинин төрагасы Абдигапыр Турдуматов

 

Мургаб районундагы Коргонууга ыктыярдуу кызмат көрсөтүү коомдук уюмунун төрагасы Абдигапыр Турдумаматов менен бул уюмдун ал акбалы, иштери тууралуу бир нече cypоo узаттык.

 

Абдигапыр Турдумаматович, сиз жетектеген коомдук уюмдун жалпы эле иштерине кыскача токтолсоңуз?

Абдан жакшы болот. Биздин ишти силер биринчи сурап жатасыңар буга ырахмат. Союз учурунда ДОСААФ уюмдарына абдан чоң көңүл бурулган.Ал кезде бул уюм республикалык, облустук чоң-чоң ишчараларды өткөрүп турган. Союз тозугандан кийин бул тармакка көңүл бурулбай кеткендиктен бир катар кыйынчылыктарга дуушар болду. Анын ичинде Мургаб районунундагы уюм дагы болду. Райондук ДОСААФта каржы тартыштыгы болуп, материалдык техникалык базасы болбогондуктан жетекчилери улам алмашып эч кандай иштер болбой келди. 2009-жылдардан баштап бул уюмга да аз аздан болсо дагы көңүл бурула баштады. Мен бул уюмга келерим менен аны жакшыртуунун, жолго коюнун жолдорун издедик. Райондук Коргонууга ыктыярдуу кызмат көрсөтүү уюмунун облустук комитетине, райондук аткаруу органына бул уюмдун дагы элге пайдасы бар экендигин түшүндүрүп аны жандандыруу боюнча маселелерди койдук. Алардын жардамы менен бул уюмдун иштерин жандандырууга жетиштик десек болот.

 

Азыркы учурда бул уюмдун абалы кандай, эмне иштерди аткарып жатасыздар?

Ошол кайрылууларыбыздын негизинде райондук өкмөттүн жардамы менен бул уюмдун техникалык базасын бир аз болсо дагы чыңдоого жетиштик. Облустук комитетибиз тарабынан 3 автомашина берилди, тактап айтканда азыр бир ЗИЛ-130, "Москвич" жана “Жигули” маркасындагы автомашиналарыбыз бар. Эң негизги нерсе жаштарды техникалык кесиптерге окутуучу курстарды ачып азыркы учурда айдоочулардын үч айлык курстарын өткөрүп жатабыз. Алсак, акыркы төрт жылдын аралыгында 270 курсант айдоочулук курстарын бүтүшүп автомобиль айдоого укуктарын алып чыгышты.

 

Белгилей кетүүчү нерсе бизде ачылган айдоочулук курстарында кесиптик айдоочуларды даярдап “В” "С” категориядагы айдоочулук күбөлүктөрдү алып чыгышат. Мындай курстар Аличор жамаатында 3 жолу, Ыраң-Көл жамаатында 3 жолу, Кызыл-Рабат жамаатында 2 жолу өткөрүлүп жаштар айдоочулук күбөлүктөрдү алышып иштеп жатышат. Мындай курстар айрыкча алыскы айылдарда ошол жеринде уюштурулуп аларды окутуу үчүн алдыңкы тажрыйбалуу айдоочулар окутушуп, техникалык билимдерди берүү менен жол эрежелерин окутушат. Бул курстарды ачып өткөрүүдө облустук Автоинспекция бөлүмү менен тыгыз байланыштабыз, курстарды аяктаган жаштардан облустук комиссия келип жеринде сынактарды өткөрүшүп анын жыйынтыны боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү беришет.

 

Ошол айдоочулук курстарга окуу үчүн кайсы мезгилде сиздерге кайрылса болот?

Биз жылдын кайсы мезгили болбосун аны уюштурууга даярбыз, болгону берилген контингенттеги группалар топтолуусу зарыл. Ар бир курска окуйм деген адам 480 сомони төлөөсү керек. Бул курстарды ачуунун негизги басымын биз жогоруда айтканымдай алыскы, райондун борборуна келүүге шарты болбогон жерде уюштурууга жасап жатабыз. Анткени учурда ар бир үйдө автомашина бар эмеспи, аны айдоого укук алуу үчүн жеринде окуп алууга шарт түзүүнү кездеп келе жатабыз. Буга мисал Аличордо, Баш-Гумбөздө, Ыраң-Көлдө жана Токтомушта ачылган айдоочулук курстарда окушуп жаштар айдоочулук күбөлүктөргө ээ болушту.

 

Жаштарды аскердик патриоттуулукка тарбиялоо багытында кандай иштерди алып бара алдыңыздар?

Бул багытта биз ардайым мектептер менен байланышта болуп, алардын аскердик башталгыч тарбия берүүчү мугалимдери менен бирдикте окуучулардын ардагерлер менен жолугушууларын өткөрөбүз, райондук аскер комиссары менен бирдикте аскерге чакырылуучу жаштарга жогорудагыдай техникалык билимдерди берүү боюнча иштерди жүргүзөбүз. Андан тышкары бир нече жолу Ооган согушунун катышуучуларына, аскер кызматчыларына, өзүбүздүн уюмдун ардагерлерине 23-февралда майрамдык белектерди тартуулоону уюштурдук. Райондун бардык уюм, мекемелеринин кызматчылары ООСО уюмунун мүчөлөрү болуп, алар 35 баштапкы уюмдарга биригишкен. Алар ООСОнун мүчөлүк акыларын чогултушуп, ардайым биз менен байланышта болуп келе жатышат. ООСО- нун Уставы боюнча арбир 14 жаштан жогорку жарандар бул уюмга мүчө болуп кире алышат, мүчө болуу менен алар бизден ар түрдүү техникалык кесиптердин курстарын өтүшүп кесиптерге ээ болууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Иштериңиздерде кандай көйгөйлөр бар?

Ар бир иште көйгөйлөр кездешет эмеспи. Алар бизде дагы бар. Өз кезегинде ар бирнерсени чынын айтып койгон жакшы. Учурда биз атайын айдоочуларды окутуу үчүн класс уюштурганбыз. Бирок ал азырынча талапка жооп бербейт, стол, парталарды ар жактан сурап келгенбиз, алар эски, ремонттон өткөрүүгө каражаттарыбыз жетишпейт. Окуу автомашиналарын сактоочу гараждарыбыз жок, ал машиналар жеке үйлөрдө сакталып турат. Бул маселелер албетте облустук, райондук жетекчилерге коюлган, алардын жардамдары менен жакынкы мезгилдерде бул маселелер чечилмекчи.

 

Акырында окурмандарга эмне айтар элеңиз?

Урматтуу ата-энелер жана жалпы эле жашоочулар ООСО уюмунда ар дайым автосүйүүчүлөрдүн мезгилдүү 3 айлык курстары ачылыл турат, балдар-кыздарыңыздарды айдоочулук кесипке ээ кылам десеңиздер бул уюмга кайрылсаңыздар болот демекчимин.

 

Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз

 

Маектешкен С.АБЛО уулу

"САРЫКОЛ"  гезити сентябрь 2013

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены