Келечек жаштардын колунда (сүрөт)

Келечек жаштардын колунда (сүрөт)

Тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү Улут ажосу Тажикстан Республикасынын Президенти урматтуу Эмомали Рахмондун демилгеси менен өлкөбүздүн парламенти 1998-жылы 22 майда №628 токтому менен 23-майды “Тажикстан жаштар күнү” деп жарыялаган.

 

Жыл өткөн сайын коомубузда, саясий турмушубузда жаштар күнүн белгилөө жакшы жолго коюлууда. Быйылкы жылы дагы Мургаб райондук жаштар, спорт сектору жаштар майрамын жогорку деңгээлде өткөрдү. Бул майрамга карата жаштар арасында велосипед жарышы, жүгүрүү күнү, волейбол (уул жана кыздар арасында) спорттук оюндары өткөрүлдү. Ошондой эле 23–май күнү райондук өкмөттүн чоң залында жаштар күнүнө арналган салтанаттуу жыйын жана жаштар тарабынан даярдалган салтанаттуу азем болуп өттү.

 

Бул салтанаттуу жыйынга райондун төрагасы урматтуу М.А.Жоошбаев өзү катышып, жалпы райондун жаштарын куттуктап, коомубузда саясий социалдык жана спорт тармагында, башка иштерде ийгиликтерге жетишкен активдүү жаштардын райондо улам көбөйүп баратканына токтолду. Өткөн жылы “Жаштар жылын” жаштарыбыз жогорку деңгээлде өткөрүп, жигердүүлүктү көрсөттү деп белгилеп өттү.

 

kelechek-zhashtardyn-kolunda 2

 

Ошондой эле районубуздун быйылкы “2018-жыл–Туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылында” да албан ийгиликтерди жаратууда жаштарга ишеничин билдирди. Аны менен катар азыркы күндөгү Тынчтыктын жана улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу-өлкө Президенти урматтуу Эмомали Рахмондун өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүндөгү кылган эмгектерине, акылман саясатына терең баа берип, аны колдоого жана районубуздагы болуп жаткан күжүрмөн иштерге активдүү катышууга чакырды.

 

Ошону менен бирге райондук жаштар, спорт секторунун башчысы Ж.Камчыбеков жаштарды куттуктап жаштар күнүнө карата уюштурулган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө грамота, акчалай сыйлыктар менен сыйлады. Ушундай эле иш чаралар районубуздун баардык жамааттарында болуп өттү.

 

"САРЫКОЛ" пресс

Агай

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены