Качан жер алабыз?

Качан жер алабыз?

Биз Сары-Могол айыл округунун жашоочулары 2004-жылга чейин Тажик Республикасынын Мургаб районунда жашап келдик. 2004-жылдан баштап биз жашаган жердин ижара мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, 2004-жылы январь айында Алай районуна элибиз-жерибиз менен кошулдук. Ошондон бери 7 жылдын жүзү болду.

 

Кыргыз жараны болуп жашап жатсак дагы жер үлүшүн ала элекпиз.

Бул боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок, эч кандай жыйынтык чыкпай келет. 2010-жылы Ынтымак курултайына бир делегатыбыз катышып, маселе чечилип бүткөн кезде – 7-апрелде элдик революция болуп, дагы калып кетти. Мына, өлбөгөнгө жаз эртең эле келет, дагы үлүшсүз калабызбы. Биз жашаган жердин шарты өтө оор, кышы 7-8 айга созулат, суук 30-40 градуска жетет. Элдин жашоо тиричилиги болгону мал чарбачылыгы, башка эч кандай өнүм жок. Биз Алай районунун эң акыркы айылыбыз биздин коңшулаш айыл өкмөттөрдүн жери Талды-Суу айыл өкмөтү, ал 23 км., ал эми Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жери 30 км. Ал эми биз өмүр бою жашап келген жерибиз 7 эле км. Ошондо да 14854 га. жерибизди район Госфонддун жери деп алып алган суу жетпеген жер менен адырдын айырмасы жокко. Элибиздин жашоосу мал чарбасы болгондуктан тоют топтоодо өтө кыйналып келебиз. Биз жашап жаткан Сары-Могол айылында 4000ге жакын калк жашайт, 960 мектеп окуучу, 330 пенсионер, 230 пособие алуучулар, 1500 жумушсуз жаштарыбыз бар. Биз Сары-Могол эли 1947-жылдан бери ушул 61764 га. жерди өмүр бою пайдаланып келдик, ушул жерибизди толугу менен Сары-Могол айыл өкмөтүнүн аймагы кылып чектеп берсе жана 14854 га. суу башы болгон Госфондго алып алган жерди үлүшкө бөлүп берсе, келечекте эл мал чарбасын көбөйтүп, өстүрүп, жаштарыбыз мал менен алек болуп, иш менен камсыз болот эле. Биз, Сары-Могол эли, башка элдердей болуп митинг, пикет же жол тосмой терс көрүнүштөргө барган жокпуз. Болгону мыйзам боюнча кагаз жүзүндө гана кайрылып келебиз.

 

Урматтуу Алмазбек Атамбаев, Алайдын кең талаасында жашап жатып эл жер үлүшүнө ээ боло албаса бул кандай кө­рүнүш. Бул кайрылуубузду районго же облуска жолдосоңуз дагы эле чечилбей калат го, ошону үчүн эл өзүңүздүн жеке жообуңузду күтөбүз. Сөзү­бүздүн акырында урматтуу Алмазбек мырза, ишиңизге ийгилик, өмү­рүңүз узун болсун, ден соолугуңуз темирдей бекем болсун деп жалпы Сары-Могол айылынын тургундарынын атынан кайрылуу жазган айыл аксакалдары:

 

К.Нурмаматов, Т.Миңбаев, Б.Жеенбаев, Катка дагы 10 киши кол койгон.

 

08.02.2011

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены