«Көңүл бурулбаса биз дагы кетебиз»: Батирде турган памирлик Абдырасул аксакал небересине жөлөкпул чектелбегенине нааразы (видео, сүрөт)

«Көңүл бурулбаса биз дагы кетебиз»: Батирде турган памирлик Абдырасул аксакал небересине жөлөкпул чектелбегенине нааразы (видео, сүрөт)

Памирлик кыргыз Абдырасул Ысабек уулу Нарын шаарында үй-бүлөсү менен бирге жашап жатат. Анын учурдагы жашоо-турмушунан аймактык кабарчы кабар алды.

 

Маалым болгондой, Абдырасул Ысыбек уулу Памирден Кыргызстанга этникалык кыргыздардын экинчи тобу менен келген. Ал уулу жана келини, күйөө баласы жана кызы менен бирге Нарын районундагы Миң-Булак айылынын Сары-Булак тоосунда беш айга чукул мал багып иштеген.

 

«Памирден Нарын шаарына уулум, келиним, небере кызым, күйөө балам жана кызым болуп келгенбиз. Алгач Куланактагы кесиптик окуу жайга жайгаштык. Андан кийин Миң-Булак айылындагы бир кишинин малын уулумдун үй-бүлөсү, күйөө баламдын үй-бүлөсү менен бирге багып иштедик. Эки үй-бүлөгө ай сайын айлык катары 5000 сомдон 10000 сом алып турдук. Мындан тышкары айыл өкмөт бизге ай сайын 2000 сом каражат берип турду. Орозонун башталышы менен (16-майда) мал баккан киши малдар тоого кетет дегенинен улам Нарын шаарына келип жашап калдык. Батирди дагы өзүбүз таптык. Орозо маалында тамак-ашты мечиттерден ичип жаттык. Мурда айлык алып иштеп жатканда киреше булагы ар бирибизге бөлгөндө 900 сомдон жогору болгондуктан небере кызыма жөлөкпул чектелбей калган. Нарын шаарына келгенибизге 3 айдын жүзү болсо дагы небереме жөлөкпул ала албай келебиз.

 

konul-burulbasa-biz-dagy-ketebiz-batirde-turgan-pamirlik-abdyrasul 2 konul-burulbasa-biz-dagy-ketebiz-batirde-turgan-pamirlik-abdyrasul 3 konul-burulbasa-biz-dagy-ketebiz-batirde-turgan-pamirlik-abdyrasul 4
konul-burulbasa-biz-dagy-ketebiz-batirde-turgan-pamirlik-abdyrasul 5 konul-burulbasa-biz-dagy-ketebiz-batirde-turgan-pamirlik-abdyrasul 6 konul-burulbasa-biz-dagy-ketebiz-batirde-turgan-pamirlik-abdyrasul 7

 

Учурда балам Абдулгафар шаардагы касапканалардын биринде иштеп, күнүгө 300-400 сомдон каражат таап келип жатат. Бул акча деле эч нерсеге жетпейт. Үйдө карандай чай ичип, нан жеп гана отурабыз. Биз дагы эт менен даамдуу тамак жегибиз келет», - деди ал.

 

Абдырасул Ысыбек уулу жакында эле этникалык кыргыздар менен чогуу күйөө баласы кеткендигин, кош бойлуу кызы сасык тумоо менен ооруп калгандыктан, ал өзү менен чогуу калгандыгын билдирди.

 

«Нарындан кетсекпи деп турган элек. Бирок кош бойлуу кызым сасык тумоо менен ооруп, ооруканага кайрылууга туура келип, кете албай калдык. Кызымдын жолдошу Памирге биздин мал-мүлктү кароо үчүн кетти. Эгерде күз айларына чейин бизге көңүл бөлүнбөсө, анда биз дагы Памирге кетебиз деп турабыз. Ал жерде үйүбүз, малыбыз калды. Бизде батир деген жок. Биздин үнүбүз облус башчысына жетпей жатабы, айтор орун басарлар келип бизден кабар алганы менен бир канча айдан бери эч кандай жыйынтык чыга элек. Кыргызстанга келип, кыргыз эли менен жолукканыбызга ыраазычылык билдиребиз.

 

Учурда балам иштеп тапкан каражат батирдин ижара акысынан ашпай калып жатат. Бул жакта баскан-турганың баары акча экен. Мурун мал багып тапкан акчабызды тамак-ашка, батирдин акысына кетиргенбиз», - деди Абдырасул Ысабек уулу.

 

Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева: «Жөлөкпул чектөө боюнча тизме буга чейин райондук социалдык башкармалыкка катталгандыктан шаардыкына кеч өтүп калды. Кочкордо жашап жаткандардыкы дагы 4 ай токтоп калып кайра өттү. Өзүбүздүн балдар деле ушундай алууда. Памирликтерге бөлүнө турчу 500 миң сомдук каражат бөлүнбөй жатат. Батирге төлөп жаткан акчаларын баарын кайра беребиз. Буюрса памирликтерге бөлүнө турчу 500 миң сом дагы чечилүүнүн алдында турат. Жөлөкпулга эле үмүт арта бербей, өз алдынча иштеп турууну дагы айткам», - деди Ж.Ибраева.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены