Германия Мургаб аймагында жайгашкан «Аксуу-1» ГЭСини оңдоого дагы 2,4 млн евро бөлдү

Германия Мургаб аймагында жайгашкан «Аксуу-1» ГЭСини оңдоого дагы 2,4 млн евро бөлдү

Германия өкмөтү Тажикстандын Pamir Energy компаниясына кошумча түрдө 2,4 млн евро каражат бөлдү. Бул каражат Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусундагы Мургаб аймагында жайгашкан «Аксуу-1» ГЭСини реаблитациялоого жумшалат.

 

Учурда бул келишим боюнча эки тараптуу документке кол коюлган. Иш-чара 4-мартта болуп өткөн. Бул долбоор ишке ашса, Мургаб аймагы толугу менен өзүн-өзү энергия менен камсыздай баштайт.

 

Учурда «Аксуу-1» ГЭСи өндүргөн энергия жергиликтүү калкка толугу менен жетпей турат. Жалпысынан алганда бул ГЭСти кеңейтүүгө Германия өкмөтү 7,4 млн евро коротууда. Курулуш иштери 2018-жылга барып аяктайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены