Фергана өрөөнүндөгү жана Памирдеги кыргыздар

Фергана өрөөнүндөгү жана Памирдеги кыргыздар

Кыргыздардын XVII кылымда Чыгыш Түркстандагы жана Ферганадагы саясий окуяларга катышуусу. XVII кылымда — XVIII кылымдын башында кыргыздардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан, Фергана, Гиссар, Каратегин, Памирге жер которгону менен баскынчыларга биротоло башийип берген жок. Бул тарапта мурдатан эле иш жүзүндө кыргыз бийлери бийлик жүргүзүп турган. Ал сак, XVII кылымдын орто ченинде кушчу УРУУсунун бийи Сокур бий Султан Махмуд хандын Жаркентке жасаган жортуулуна 7 миң кыргыз аскери менен катышып, Моголстандагы хан бийлигин бир тууганы Султан Ахмедден тартып берген. Чыгыш Туркстанда Махмуд Султан хандык кылган жылдарда (1633—1638) Батур коцтайшы кыргыздарды Тецир-Тоодон Кашкар, Ферганага суре баштаган эле. Ошондуктан бул тарапта кыргыздардын саны кескин көбөйүп кетет да, алар аймактын саясий турмушуна активдуу кийлигишип турушат. 1638-жылы Моголстандын хандык бийлиги Абд-ар-Рахимдин уулу Аб- ДУлла хандын (1638—1670) колуна етет. Абдулла хан елкеде ез бийлигин бекемдее максатында Чыгыш Туркстанга жанаша жаткан кыргыз жерине Жортуул уюштуруп, Ош шаарына чейин келген. Ошол жортуул учурунда Кыргызстандын түштүгүндөгү, Ферганадагы, Кашкар тараптагы кыргыз Уруулары бири-бири менен тыгыз байланыш тузуп, куч топтоп, Абдулла Хандын аскерине эки ирет оор сокку уруп, чегинууге мажбур кылышкан. Айрыкча Абдулла хан Ферганага жасаган жортуулунда зор жоготууларга учураган эле. Анын аскери Ошту убактылуу басып алып, кайра каитып бар, жятканда чоңбагыш Койсары бий, Уч-Куртка бий, кыпчак Жолболду бии ж.б жетектеген кыргыздардын кошууну Беш-Буйнак (Мойнок) деген жердей дА. манды кууп жетип, 6 кун камап туруп, толук талкалашат. Ошол эле КоисарЬ; бий менен Жолболду бийдин колу кеп етпей Абдулла хандын колун биротоло талкалап, аны Нарындан ары Ак-Сайга чейин кууп барышкан. Абдулла хан кийинчерээк Ферганага жаңы жортуулдарды уюштуруң кээде жеништерге жетишкени менен кыргыз урууларын биротоло бац ийдире алган жок. Тескерисинче, анын өмүрүнүн акыркы жылдарында кыргыз бийлери Чыгыш Туркстандагы Кашкар, Жаркент, Жаны-Гиссар, Хо- тан ж.у.с. ири шаарлардын анык улуктарына айланышат. 0з жакында. рынан чыккан так талашкан козголончуларга каршы куреште Абдулла хан кыргыз бийлерине таянып, өз бийлигин сактап калган эле. Ошол кезде найман, кыпчак, кацглы ж.б. уруулар колдогон кыргыз бийи Койсары бий Жаны-Гиссарды, чоцбагыштын бийи Койсары бий Кашкарды башкарьщ турат.

 

XVII кылымдын аягы — XVIII кылымда чонбагыштар менен кыпчактар Чыгыш Туркстандын саясий турмушунда зор роль ойноп, тентайла- шып келишкен. XVII кылымдын аягында жаркенттик кыргыз-кыпчак Арзу Мухаммед бек хан сарайда кадыр-баркка ээ болуп ага кыпчак, кушчу, найман, дөөлөс, кесек, чоңбагыш ж.б. уруулар башийчу. Кезинде ал Мухаммед Мумин Султан Ак-Баш ханга, кийин Султан Ахмад Султанга ордо ка- лаа Жаркенттеги тактыны тартып берип, аларды хан кетерген, а тугул езун Кара хан атап, елкену башкарган. Кыргыз терелерунун куч алышын кере албаган жаркенттик эмирлер Цеван-Рабданга жардам сурап кайрылышат. Жуцгариядан Чукул-Кашка контайшы баш болгон калмак аскерлери Жаркентке келгенде кыргыздар Кашкарга чегинип кетет да, жоо кайра кайткан сон, ордо шаарды кайрадан ээлеп алышат. Ошол окуялардан кийин Кашкар — Жаркент чвлквмундв кыргыз бийлеринин саясий уствмдугу орноп, алардын бийлиги 1702-жылы Чыгыш Туркстанды Жуңгар хандыгы биротоло басып алганга чейин созулган. XVIII кылымдын орто ченинде жана экинчи жарымында (1750- 1770) кыргыздар эки топко — батыш жана чыгыш тобуна белунушкен Батыш тобу негизинен ичкиликтерден жана он менен сол канаттын айрыв урууларынан турган туштук кыргыздар, же памир-ферганалык кыргыздар эле. Алардын катарына 15 уруу кирип, эн кучтуулеру басыздар (1300 тутун), адыгине жана монолдор (700 тутун) боло турган. Батыш тобундагы кыр¬гыздардын жалпы саны кытайлык маалыматтарга Караганда (1757-,176^-> 1782-жылдар) 200 мин кишиге таяп барчу. Алардын ээлиги туштукте жан? чыгышта Памир тоолору, батышта Бухара менен чектешчу. Ал эми чыгыштагы чек арасы дал Кашкардын өзүнө чейин созулуп жатаар эле. 1760—1770-жылдарда Кашкардын тундук-батыш жагында басыздар ме нен саяктар, чонбагыштар, солтолор, туштук-батыш тарабында тейит, сарт найман, кыпчак ж.б. уруу-уруктар көчүп-конуп жүрүшчү.

 

Памир кыргыздары

Ал эми памирлик кыргыздар тууралуу тарыхы тагыраак маалыматтар XVI кылымга таандык. 1575-жылы памирлик кЫР 13дар Бухаранын эмири Шейбаний Абдулла Гератка кеткенде мындан аз убакыт мурда анын ээлигине еткен Батыш Памир аймагына, Гиссарга, чейин Каратегин тараптан кирип барышкан. Абдулла хандын скерлери менен болгон оор салгылашуулардан кийин гана алар мурда колго тушкен кеп сандаган туткундарды, олжону таштап, Каратегинге чегинишет. 1637—1638-жылдары Бакы аталык баш болгон өзбек колу Хутталам чолкөмүндөгү Кала-и-Хум чебин (Дарвандын башкы шаары) каратып алат да, Балхтагы хан ордосунда тарбия алган Шах-Кыргыз чептин акимдигине дайындалат. Чептин мурунку беги Шах-Гариб да кыргыз эле. Ал Шах-Кыр- гыздын агасы болчу. Шах-Кыргыз жаштайынан тьщ чыгып, аз убакыт болсо да коншу аймактар Бадахшан, Рушан, Шугнанды, ошондой эле Каратегинди бириктире алды. Тецир-Тоого, Анжиянга, Чыгыш Туркстанга ойрот-калмак баскынчы- лары кайра-кайра кол салып, кыргыздардын бир тобун Тенир-Тоодон суруп чыккан учурда памирлик кыргыздар өздөрүнүн көз каранды эместигин сактап калышкан.

 

Мургабга, Памирдин белек аймактарына чейин жете кел¬ген калмак аскери жергиликтуу жоокерлердин айыгышкан каршылыгына кабылышат. Жуңгар хандыгы ете куч алып турган кезинде да памирлик кыргыздарды багындыра алган жок. өз алдынчалыгын сактап калуу менен бирге эле памирлик кыргыздар ездеру бир нече жолу коцшу елкелерге — Чыгыш Туркстанга, Тажикстан- дын өрөөнүнө, Бухарага, Тундук Афганстанга жортуул уюштуруудан кайра тарткан эмес. Кыргыз феодалдары Памир аркылуу соода жургузген чет елкелук кепестердун кербендерин талап алган учурлар кеп болгон. Антке¬ни, маанилуу соода жолдору алардын конуштарын аралап етчу. XVII кылымдын аягынан тартып памирлик кыргыздар Чыгыш Турк- станда бийликке умтулган ак тоолуктар жана кара тоолуктар деп атал¬ган диний агымдардын өз ара бийлик талашкан күрөшүнө жигердуу катышышат. Кыргыздардын көмөгү менен кожолор Кашкарды ээлеп, Чыгыш Түркстандын улуктары болуп калышкан эле. Памирдеги кыргыздарды XVIII кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгын талкалап, Чыгыш Туркстанды ээлеген манчжурлар да баш ийдире алышкан эмес.

 

Булак: Кыгызстан тарыхы китебинен алынган

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены