Фарс тилинде окуган памирлик кыргыздарга алиппе сабагы башталды (сүрөт)

Фарс тилинде окуган памирлик кыргыздарга алиппе сабагы башталды (сүрөт)

Нарын районунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде Улуу жана Кичи Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн билим берүү башталды. Бул тууралуу аларга сабак өтүп жаткан мугалим Жазгүл Кадыралиева билдирди.

 

Анын айтымында, учурда этникалык кыргыздарга 5 предмет боюнча сабак өтүлүүдө. Аларга Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери сабак берип жатышат.

 

«Памирлик кыргыздардын айрымдары фарс тилинде окуп, жазганды билишет. Ал эми кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуучулардын кабыл алуулары ар башка болгону менен программаны өздөштүрүү жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Алиппе китебинин негизинде сабактар башталды. Айрым окуучулар аз убакыттын ичинде шар окуганга жетишип жатышса, кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда. Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар 2 тайпага бөлүнүп окутулуп жатат», - деди Ж.Кадыралиева.

 

Памирлик кыргыздардын окуу программасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышууда.

 

fars-tilinde-okugan-pamirlik-kyrgyzdarga-alippe 2 fars-tilinde-okugan-pamirlik-kyrgyzdarga-alippe 3
fars-tilinde-okugan-pamirlik-kyrgyzdarga-alippe 4 fars-tilinde-okugan-pamirlik-kyrgyzdarga-alippe 5

 

Афганистан Ислам Республикасынан келген памирлик кыргыздар Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасына жайгашкан. Аларды 24-октябрда №86 кесиптик лицейдин алдында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар жана мектеп окуучулары өзгөчө шаң менен тосуп алышты.

 

Этникалык кыргыздарды №86 кесиптик лицейге жайгаштыруу иш-чарасына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Буга чейин Turmush басылмасына Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейи Кыргызстанга келген этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр экендиги маалымдалган.

 

2017-жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына бир күн түнөгөндөн кийин Нарын шаарына жетишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

 

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены