Этникалык кыргыздардын абалын ким сурайт ?

Этникалык кыргыздардын абалын ким сурайт ?

Жыл өткөн сайын: «Кыргыз элинин жашоо-турмушу оңолобу?» – деген тилек менен күн өтүп келет. Алакандай жер. Чакан эл. Баары бар. Жалпылап колдон-буттан алса эле биздин өлкө гүлдөп өсүп кетчүдөй. А бирок улам бир көйгөй чыгып, жарытылуу телчикпей койдук. «Жарым миллион кыргыз Россияга тентип кетти», – деп бакылдайбыз. А канча кыргыз өз мекенине кайтып келгенин бирөө-жарым санады бекен? Эгемендүүлүк алган жылдары Кыргызстанга көчүп келгендердин так санын эч ким даана айта да албайт. Анткени бул темада Өкмөт да, тийиштүү уюмдар да баштарын оорутуп алектенгени байкалбайт. Не кылабыз?

 

 

«Күйүттүү аял кошокчу» дегендей, бул теманы айтпасак, боордошторубуздун убалына каларыбыз айдан-ачык. Манас бабабыздын тушунда: «Бирөө кетти Каңгайга, бирөө кетти Алтайга, бирөө кетти Кереңге, бирөөлөр түшүп кетти тереңге» дегендей, кыргыздар дүйнөнүн булуң-бурчтарына жайылып кеткен. Мына эми ошол боордоштор акыры жүрүп өз мекенине кайтып жаткан учуру...

 

Болсо дагы байлык, бийлик башкысы,
Болсо дагы кийимдердин жакшысы,
Ала-Тоонун атыр жели сагынтып,
Мекенине келет экен баргысы.
Сүйлөсө да бөтөн элдин тилинде,
Жашаса да бөтөн элдин жеринде,
Кылым карып кыйла жылдар өтсө да,
Кыргыз деген сезим жашайт дилинде...

 

«Бириккин кыргыз» коомдук бирикмеси, анын координатору Аблакул Алмаматов бу тапта кыргыз жергесине келген этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн жеринен чечкенге күнү-түн чуркап, колунан келген жардамын жасап жаткан кези. Бирок «Жалгыз таруу ботко болбойт» деген сымал, бир адамдын колунан эмне келет? Анын да бир таянар тоосу, ишене турган кожосу болуш керек да? Андыктан баарылап этникалык боордошторду боорубузга кысып, колубуздан келген жардамыбызды аябасак.

 

Ырас, кыргыз мамлекети эки миң жылдан ашык тарыхында эң кыйын кезеңдердин бирин башынан кечирип жаткан кези. 2009-жылы Кыргыз Республикасы КМШдагы эң жакыр өлкө болуп таанылганы да баарыбыздын эсибизде. Учурда коомубуз өзгөрдү. Мактана турган эч нерсебиз жок болсо да жыл сайын мамлекет өз элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик масштабдагы ар кандай иш-чараларды өткөргөнгө аракеттенүүдө. Бирок мигранттар маселеси дагы да болсо мамлекеттик деңгээлде чечиле элек...

 

Мисалы, эксперттердин айтымында, 2011-2012-жылдардын аралыгында Кыргызстанга мигранттардан келген киреше булактарынын өскөндүгү байкалган. Ошого удаа эле эл аралык «HelpAge International» командасынын иликтөөсүнө таянсак, миг­ранттар 20 жаштан 50 жашка чейинки жарандар болушкан. Ал эми мигранттардын 24%ы ден соолугунан жабыркап кайтышканы тууралуу ЖМК айтып эле келатат. Бул эми сыртка чыккандар...

 

Ал эми кыргыз жергесине кайтып келген этникалык кыргыздардын абалы кандай? Кыргыздар, бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кытай, Ооганстан, Түркия, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринде жашап жатат. Алардын ичинен Кыргызстанга көчүп келгендердин көбү Өзбекстандан келген боордоштор. Алардын айтымында, Өзбекстан кыргыздардын өз мекенине кетүүсүнө уруксат бербейт. Өтө катуу көзөмөл өкүм сүрүп турат. Ал эми Кыргызстанга «айылчылап келүү» жолу менен кетип, бир топко туруп калгандарды кайра кабыл албайт.

 

– Өзбекстанда жашоо жаман деле эмес эле. Ошол жакта туулуп-өсүп, аздыр-көптүр үй-жай куруп алганбыз. Бирок «Бөлөк жердин султаны болгончо, өз жериңдин ултаны» бол дегендей, баары бир ал жакта бизге кысым болуп турат. Ошондуктан мекенибизге келип алдык, – дейт Васильевка айылынын тургуну, айылдык депутат Шамурзаев Турдубай ага. Турдубай агага окшоп мекенине кайтып келип депутат болгондор бирин-экин. Ал эми Өзбекстанда калып, кыргыз жери дегенде көзүн жаштап, көкүрөгү муңга толгон боордоштор канча болду экен? Кыргызстан тарапка кулак түрүп, жакшысын укса кубанып, жаманын көрсө муңканып жүргөн мекендештердин эртеңки күнү не болот? Бул көйгөйдү бүгүн чечүүгө мамлекетибиздин чама-чаркы чакталуу. Ошондуктан көчүп келген этникалык кыргыздардын көйгөйүн жеринен чечип берүү – учур талабы.

 

Сырттан Тажикстандан, Өзбекстандан келген, азыркы мезгилде Кыргызстандын жарандыгын алып жашап жатышкан кыргыздарга шарт жакшы эле түзүлгөндүгүн Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагынын айыл өкмөтүндө иштеген Жаңыл эже белгилеп кеткени менен: «Бала-бакырабызды үйлөнтүп-жайлантып, үй салып бөлгөнгө жер керек эле», – дешет этникалык кыргыздар. Демек, көчүп келгендерге бирдей шарт түзүлгөн эмес. Бул үчүн жергиликтүү бийлик башчылары жер-жерлерде жарандардын мамлекетке болгон ишенимин арттыруу максатында мекендештерибизге жакындан жардамдарын берүүсү зарыл. Өзбекстандын паспортун көтөрүп, ижарада жашап жаткан туугандарыбыз да жок эмес.

 

Этникалык кыргыздардын эң башкы көйгөйү – алар мамлекеттик медициналык кызматтан пайдаланганга укуктары жок. Жөлөк пул алышпайт. Документтери толук болбогондугуна байланыштуу көп тосколдуктарга дуушар болууда. Булар кудум мамлекеттин өгөй балдарындай болуп, баарынан куру жалак калгандар. Айылдан шаарга иш издеп, жашоо үчүн жан далбас­тап келгендиги үчүн жазаланган адамдар сыяктуу. Анткени алар жашаган жерлеринде катталышпай, айрым жаңы конуштарда жашагандардын үй-жайларынын да документтери толук эмес. Буга ким күнөөлүү жана бул маселени кантип чечүүгө болот?

 

Эң биринчи жергиликтүү бийликтин жарандар менен жеринен тыңгылыктуу иштебей жатышы. Экинчиден, башкаруу системасынын чабалдыгы да өз таасирин тийгизип жатат. Үчүнчүдөн, көчүп келгендер өз мекенинин ички мыйзамдарын жакшы түшүнбөй, анын ичинде өз укуктарын билбей жаткандыгы бир топ көйгөйлөрдү жаратууда. Мындан эл да, жергиликтүү бийлик да убара болгонун байкаса болот.

 

Өзбекстандан, Анжиандан, Коргон-Тепеден келген адамдардын бир эле туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү бар. Паспорттору жок. Кайдан документ аларын билишпейт. Ысык-Ата районунун Юрьевка айлында Өзбекстандан келген бир топ кыргыз бар. Туруктуу үйлөрү жок. Документтери жок балдары сабакка барбайт. Арасында майып балдар бар. Аларды «Красная Речкадагы» интернатка жайгаштырса жакшы болмок. Мисалы, Байкулов Момундун небереси Умматов Оролбек 7-класста окушу керек эле. Үйдө отурат. Мамлекет мындай балдарды көзөмөлгө алса. Этникалык кыргыздарга документ берүү жагы ыкчамдаса бир топтор жумуш таап, үй-бүлөлөрүн багуу жагы оңой болмок. Кыскасы, башка жактан келген боордошторубузду «боорго теппей», колдон келген жардамдарыбызды берсек, жарандардын мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга болгон ишеними артып, алар да кыргыз мамлекетинин керегине жарашат беле? Муну эми мезгил көрсөтөт. Ага чейин колдон келгенин жасай туралы....

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены