Этникалык кыргыздардан алкыш сөз

Этникалык кыргыздардан алкыш сөз

- Аскар мырза саламатсызбы, өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз, кайдан Кыргызстанга келдиңиз?

- Саламатсызбы менин атым Аскар Адылбек, Синь-Цзянь уйгур автономиялуу районуна караштуу Кызыл-Суу кыргыз облусунан келдим. Учурда ал жакта 170 миңдей кыргыздар жашайт. Кытайлык кыргыздар борбору катары Артыш шаарын эсептешет. Көп эле кытайлык кыргыз жаштары сыяктуу эле мен дагы Кашгар шаарында окуп эмгектенип келгем. Чет өлкөдө туулуп өссөк да, Кыргызстанды мекенибиз деп, кыргыздар үчүн күйүп, кубанычына кошулуп сүйүнүп, башына мүшкүл иш түшсө кошо кайгырып башка улуттардын алдында өзүбүзчө өлкөбүз бар деп төш кагып сыймыктанабыз келебиз.


Канча бир туугансыңар?

- Биз үч бир тууганбыз, бир кыз, эки уул, мен ортончусумун, эжем турмушта, жездем экөөсү Пекинде жашашат, иним болсо үй-чарбачылыгы менен алек, ата-энем өмүр бою мугалим кесибин аркалап келген азыр ардактуу эс-алууда.


- Бишкекке канча жолу келип кеттиңиз?

- Мен үчүнчү ирет келип жатам, ар дайым келгенимде Кыргызстандын сулуулугуна суктанып, таза суусунан ичип, абасынан терең дем-алып, ата-энем, тууган уруктарымды алып келип жашагым келип кетем.


- Айтсаңыз кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатасыз?

- Өзгөчө кыйынчылыктар деле жок, бир гана виза маселеси болбосо, документтериң толук болсо бул жакта жашоо бейиште жашаганга барабар. Себеби ар-бир кыргыз өзүнүн мекенине, Ала-Тоосуна, Кыргызстанына кайтып келүүнү, көздөрүнө жаш алып, көкүрөгү кубанычка толуп эңсешет.


- Кайрылман күбөлүгү жөнүндө уктунуз беле?

- Ооба, жарандыкка чейинки убактылуу статус деп уккам. Буюрса,кайрылман кубөлүгүн алып ата-энемди бул жакка алып келүүнү ниеттенем.


- Биздин шаардык башкармачылыкта иштеген адистер сизге жардам көрсөтө алыштыбы?

-Ооба ар дайым келгенибизде жылуу сөздөр менен тосуп алышып, жеткиликтүү маалыматтарды, кеп-кенештерди беришет. Ошондой эле, визанын мөөнөтүн узартууга өтүнүм кат жазып беришет. Учурдан пайдаланып сиздерге жалпы этникалык кыргыздардын атынан чон ыраазычылык билдирип кетким келет. Ишиниздерге ийгилик!


- Маегинизге чон ырахмат!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены