Этникалык кыргыздар Памирден Кыргыз жерине үмүт менен келип, үмүт үзүп кетишти

Ооганстандык Абдулвакил Турдуахун уулу: "Этникалык кыргыздар Памирден Кыргыз жерине үмүт менен келип, үмүт үзүп кетишти"

 

Өткөн жылдын 12-октябрь күнү Ооганстандагы 33 памирлик кыргыз өлкөгө алынып келген. 6 үй-бүлөдөн турган этникалык кыргыздар окутуу үчүн алып келингени маалымдалып, Нарын районунун Куланак айылындагы №86-кесиптик лицейинин жатаканасына жайгаштырылган. Дээрлик 6 ай жашагандан кийин памирлик 18 кыргыз, июль айында кайра Ооганстанга кайтып кеткен. Анда Кыргыз өлкөсүнүн миграция кызматы алардын каникулда туугандары менен учурашуусу үчүн кеткенин кабарлаган. Бирок алар ушул күнгө чейин кайтып келе элек.

 

 

Ошол кезде Кыргыз мамлекетине келип, учурда билимин өз оюндагысындай өркүндөтүп жаткан Абдулвакил Турдуахун уулу менен окуудагы жетишкендиктери, келечек пландары, ойлору тууралуу сүйлөштүк.

 

Абдулвакил, адегенде өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

 

- Мен Абдулвакил Турдахун уулу 1999-жылы Ооганстандын Бадахшан облусунун Вахан районундагы Памир айылында төрөлгөм. 8 жашыма чейин Памир айылында чоңоюп, кийин Ооганстандын борбору - Кабулда 6-класска чейин мектепте окудум. Андан кийин Бадахшан облусундагы Ишкашим районундагы мектепке которулуп, аны 2016-жылы аяктадым. Үй-бүлөдө 9 бир туугандын жетинчисимин.

 

Атам Турдуахун Атабеков Ооганстандын борборунда Жогорку Кеңеште депутат болуп 12 жыл кызматта болду. Андан кийин Ооган президентинин кеңешчиси болуп 9 жыл иштеди. Атам памирлик кыргыздардын гана эмес, Бадахшан облусу боюнча элдин көйгөйүн чечип иштеди. 2016-жылы Бадахшан облусунда каза болуп калды.

 

- Кыргыз өлкөсүнө кантип келип калдыңыз?

 

- Биз үйдө ар дайым ата-бабаларыбыздын жери тууралуу сүйлөшчүбүз. Анда Кыргыз деген мамлекет бар экенин ар дайым сыймыктануу менен айтчубуз. Өткөн жылы Кыргыз өкмөтү алып келгенде иним Нурулхуда экөөбүз да келгенбиз. Ошондон тартып бул жакта билимибизди өркүндөтүп жатабыз. Учурда мен Ош мамлекеттик университетиндеги Англис тилин үйрөнүү багытында билим алуудамын. Иним Ыйман лицейинде окуп жатат. Окууда кыйынчылыктар жок, жатаканада жашайбыз.

 

- Кыргыз мамлекетине алгач келгенде кайсы көрүнүштөргө таң калдыңыз?

 

- Мен Кыргыз жерине келгенге чейин эле шаарларда жүрүп, заманбап жашоонун шартын көрүп калгам. Биз алгач Жалал-Абад облусуна токтодук. Ошондо аял кишилердин баш кийимсиз, чачтарын кыркып, шым кийип жүргөнүн көрүп, жанымдагы ага-эжелердин таң калганы бар. Мен аларга "Башка өлкөлөрдө аялдар өздөрүн ушундай эркин алып жүрүшөт" деп түшүндүргөм. (күлүп)

 

Мындан тышкары кыргыздардын орус тилинде сүйлөгөндүгү мени таң калтыргандан дагы кейишке салды. Өзүнүн мамлекети жок жүргөн канчалаган эл бар, алар өз алдынча өлкө болуп, өз эне тилдеринде сүйлөөнү эңсешет. Биз кыргыз тилин чанып, орус тилинде сүйлөгөнүбүз туура эмес деп ойлодум. Нарында анчейин билинбейт, Ошто, айрыкча бул көрүнүш Бишкекте абдан көп кезигет экен.

 

- Сиздер менен чогуу келген 18 этникалык кыргыз кайра Памирге кетип, келген жок. Байланышып турасызбы?

 

- Ооба, алар кайтып кетүүгө мажбур болушту. Алардын Памирге кетишине эмне себеп болгонун ачык айтсам, балким, маданиятсыздык болор. Бирок менин баамымда алар келечегин бул жактан көрө албай койду. Тагыраагы, алар келечегин ачыктап көрүүсүнө шарт түзүлгөн жок.

 

Биз, албетте, Кыргыз өкмөтүнө бизди алып келип, жайгаштырып, тамак-аш, кийим-кечек менен камсыздаганына ыраазы болдук. Бирок булар күнүмдүк турмуш үчүн эле да. Памирлик кыргыздар бул өлкөдө калууга ниеттенгени менен, ачык убадалар болгон жок. Бул жакта мал кайтарып, айлык алып үй куруп, акырындан отурукташкыла деген сунуштар да болгон. Бирок бул такыр мүмкүн болбогон нерсе да, кантип 4-5 миң сом айлык менен үй сала алабыз?

 

Анан да бул жакка келген үй-бүлөлөр Памирдеги малын бирөөлөргө акы төлөп бактырып жаткан. Өздөрү бул жакта жарыбаган акчага мал багып жүрмөк эмес. Негизи эле бир өлкөдөн башка өлкөгө жер которуу оңой иш эмес, отурукташып кетүү үчүн жакшы колдоо керек болчу. Кыскасын айтканда, үмүт менен келгендер үмүтүн үзүп кайтышты. Эми кайтып келишпесе керек...

 

- Келечектеги пландарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз...

 

- Эң негизги максатым - азыр алып жаткан билимимди туура пайдалануу. Кыргыз жериндеби же кайра Ооганстанга барамбы азырынча белгисиз. Ал өлкөгө барсам деле билимдүү жаштарды колдооруна ишенем, анткени буга чейин Ооган өкмөтү "Силер биздин жарансыңар, билими күчтүү ар бир жаран жакшы кызматтар үчүн керек дешкен". Андыктан учурда билимимди тереңдетүүнүн үстүнөн аракеттенип жатам.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены