Этникалык кыргыздар «Ата Мекенде»

Этникалык кыргыздар «Ата Мекенде»

Зулпукаар Сапанов, «Ата Мекен» социалистик партиясынан депутатыкка талапкер:

 

- Зулпукаар мырза, Жогорку Кеўештин депутаттыгына ат салышууўузга эмне себеп берди?

- Мени Кыргызстандын сыртында калган жана кыргыз эли эгемендїїлїк алгандан бери журт которуп, учурда єлкєбїздїн ичинде жашап жаткан этникалык кыргыздардын кєйгєйї саясат менен алпурушканга тїрткї берди. Єткєн эки бийликтин тушунда кєчїп келген кыргыздардын жарандык маселеси толук чечилген жок. Поспорттун жоктугунан ондогон їй бїлєлєр никеге каттала алышпай, балдары митиркесиз калды. Анын кесепети билинип, мектепке жашы жеткен балдар-кыздар билим босогосун аттай албай турат. Жогорку окуу жайы боюнча айтпай ак койоюн. Мындан сырткары, кєчїп келген кыргыздардын социалдык, экономикалык абалы єтє оор болуп турганы жашыруун эмес. Кандаштарыбыз кыйын шартта жашап жатышат. Экинчиси, сырткы єлкєлєрдє Тажикстан, Єзбекстан, Ооганстанда жашаган кыргыздардын Кыргызстан менен болгон байланышы кїн санап оорлоп барат. Боордошторго жасалган катаал мамиле ушул бойдон жїрє берсе он жылдын аркы-беркисинде башка єлкєлєрдє кїн кечирген кандаштарыбыздан айрылып калышыбыз мїмкїн. Анын ачык себептерин Єзбекстанда жана Туркияда жашаган кыргыздардын тагдырынан байкала баштады.

 

- Эмне себептен, кандай чараларды кєрїшїбїз керек?

- Себеби, Кыргызстандын чек ара жана бажы бекеттериндеги коррупция сыртта жашаган кыргыздарды кокодон тойгузуп, байланыштын солгундашына шыкак берїїдє. Бар тапканын жолдо отургандарга бере берип сырттагы кыргыздар жылаўач калганы калды. Бул оор маселени чукул арада чечип, аларга жасалган орой мамилени єзгєртпєсєк болбойт. Эгер «Ата Мекен» партиясы бийликке келип калса, аталган маселени кїн тартибине койобуз. Ошондой эле аталган єлкєлєрдєгї кыргыз мектептерде китеп жоктугуна байланыштуу жабылуу алдында турат. Эгер мектептер жабылса эмне болорун тїшїнїп тургандырсыз. Ал эми кадр даярдоо маселеси орчундуу проблемалардын бири экендигин баса белгилегим келет. Жергетал, Мургаб жана Єзбекстандык кыргыздарга юрист, экономист, єзгєчє дарыгерлерди даярдоо учурдун талабына айланды.

 

- Дагы кандай кєйгєйлєрдї тизмектей аласыз?

- Кыргызстанга кєчїп келген кыргыздардын кєпчїлїгї айыл жеринде турат. Бирок, алар їлїш жерлерге ээ болушкан эмес. Кудурети жеткени ижарага жер алып иштетишет, жетпегени аргасыз мандикерликке барууда. Єкмєт тарабынан кєчїп кеткен орустардын жерлери этникалык кыргыздарга бєлїнсїн жана айыл-райондо бош турган имараттар аларга жашоо їчїн берилсин деген токтом чыкканы менен жер-жерлерде аткарылбай келет. Аны кєзємєлдєй турган кызматтар кыймылга келе элек. Ошондой эле айрымдары кыргыз жарандыганы ээ болушканы менен теў укукта жашап кеткенге социалдык шарттары туура келбегенин турмуш кєрсєттї. Мамлекеттик колдоо болбосо этникалык кыргыздардын ирденип кетїїсї єтє кыйынга турарын бийликке келчїлєр тїшїнїї керек. Дегеним, этникалык кыргыздар азыр єтє начар жашап жатканын баары билет. Мына ушул сындуу орчундуу кєйгєйлєрдї бийликтин бийик тепкичиндеги адамдарга жеткизїї їчїн «Ата Мекен» партиясынын катарына тизилдим. Жаман менен жакшыны, ысык менен суукту єз башынан єткєргєн элибиз адамдарды тандоодо жаўылышпайт деп ойлойм. Анткени биз АТА МЕКЕНибиздебиз!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены