" Энеге болгон сагыныч "

" Энеге болгон сагыныч "

- Мен бүгүн ойлуу турам эмнегедир, анткени бүткүл аялзатынын бактысына жаралган ушул күнү эркектер, балдар, кыздар түрдүү түмөн белектерди алышып энесин, апасын, жубайын куттукташып баардык аялзаты кубана турган, жылына бир жолу өттчү 17-май энелер күнү да жакындап калды.

 

Бул күнү мен энемдин (ред: апамдын ) бетинен сүйүп куттуктай албайм, себеби алыстасыз энеке. Мен мектепти аяктап Кыргыз мамлекетинин ордолуу Ош шаарына окууга өтүп жөнөгөнүмдө, энем байкуш жаш баладай кубанып, мага арнап ысык нанын жаптырып, боорсогун даярдап, жолдо чанкасан ичесин деп чалабын куюп мага жол азык камдап өзү улуу Памир тоосунун арасында колун булгап кала берди.

 

Ошол кезде эч нерсени байкабаган тентек уулун, энесинин ысык нанын жеп, ысык чайын ичип, даяр төшөкө жатып, энесинин жанынан эч жака чыкпаган уулун шаарга келип эл көрүп, жер көрүп, студенттик кыйынчылык учурун баштан кечирип, ата-энесинин кадырына жетип, аны муну түшүнүп калган уулуңуз сизге болгон сагынычын мынтип барака жазып олтурат...

 

Мектептте тентектик кылсам мугалим эжей энеме арызданышса алтын энекем ар дайым мени жактоочу. Мен сезчүүмүн энем мени баари бир жакшы көрөрүн. Ошол кездеги менин ишеничим энем болчу. Ал эми атам өкүмөт адамы болгондуктан бизди катуу кармоочу. Кимибиз болбойлу сырыбызды энекеме айтып мээриминен чөмүлөр элек.

 

Энемдин кыздары, келиндери турса дагын ошолор менен тең тайлашып жумуштарына жардам берчүү, көрсө энемде келин кылат деген атаандаштык жок экен. Ким эле болбосун биздин үйдүн босогосун аттап кирген болсо ысык чайын бермейинче ошол адамды үйдөн чыгарбоочу. Бул энекемдин кең пейилдиги деп билем. Энекемдин ак көңүлдүгү, жаңы гана ийип чыккан булактын таза мөлтүр суусундай жүрөгүнүн тазалыгы, жан дүйнөсү аруулука бөлөгөн асыл энем.

 

Бул жакта мени окуткан мугалимдерим мага жакшы сөз сүйлөсө дагын, комнаталаш досторума аяш энем өз колу менен жасап берген тамагын жесем дагын, күн сайын эжем ысык тамагын берип, мээримин төксө дагын, сиз жасап берген тамакка жетпейт жана сиздей мээримдүү боло алышпайт.

 

Пайгамбарыбыздын кутту хадисинде айтылгандай " Бейиш эненин таман астында " менин ыйык энекемдин таманы мага бейиш болуп турганына карабастан мен 5-класста намаз окуп жүргөн кезимде таңкы саат беште дааратыма жылуу суусун даярдап мага мээримин төгүп намазга ойготчуу. Ошондо мен бир аз уктайын деп энемди жаман көрчүүмүн. Көрсө мени таттуу уйкудан жүрөгу элжиреп ойготкону менен тозок отунан мени куткарчуу экен байкуш энем...

 

Эх энеке ошондо сени бейкүнөө жаман көргөн акмак уулунду кечир. Шаарда жүргөнүмө дагын үч жылдын жүзү болду. Акыркы мезгилдерде атам экөөңдү ооруду деп көп угам. Сиздерди ооруду деп уксам балта менен жан дүйнөмдү эншере чапкандай денем муздап кайгыга батам. Сагынам, куса болом кээде бакырып ыйлап алгымда келет. Алып жаткан билимимди, өсүп жаткан карерамды баарын кол шилтеп таштап ата - энемдин алдына кетким келет. Бирок мени окуу, билим ал деп жибергенсиздер мен сиздердин ишеничиңиздерди актайм эне.

 

17-май энелер күнү майрамыңыз менен энеке деп телефон чалып куттуктайын десем менин алтын энем телефон да көтөрбөйт. Канча айттым эне биз сиздин үнүңүздү угабыз телефон алынчы деп. Жок балам кудайымдан силерге өмүр тилеп атаңардан аман экениңерди билсем ошол мага жетиштүү деп коёт. Намазында бизге дуа кылып, ооруганын, кыйналганын айтпай жаап жашырып жүргөн мээримдүү энекемди аябай сагындым. Биз перзентер энелерге өмүрүбүздүн акырына чейин кызмат кылсакта биздин өмүр аздык кылат, бирок ошондо дагын эненин карзынан кутула албайбыз.

 

Эне 17 май бүткүл дүйнөлүк энелер күнү майрамыңыз менен куттуктайм, Аллахым сизге бекем ден соолук узак өмүр берсин, уулдан урмат, кыздан кызмат көрүңүз, мен үйлөнгөндө келиниңиздин башына деп атаган ак жоолугуңузду салып баттаңызды бериң, ушул бактылуу күндөргө Аллах жеткирсин... ал эми автор катары мен дагы баардык энелерди куттуктап кетем..

 

Ааламдын башы ийилген эмгеги зор энелерге таазим... Бүткүл энелерди жана Сары-кол аймагындагы апаларды энелер күнү майрамыңыздар менен куттуктайм сиздер бар биз бар бул ааламда, ар дайым жылмайып жүруңүздөр энелер...

 

Мургаб - Ош

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены