Эгемендүүлүктүн шарапаты ушул

Эгемендүүлүктүн шарапаты ушул

Эгемендүүлүктүн жылдарында өлкөбүз Тажикистандын өзүнүн мамлекеттик белгилерине: байрагына, гербине, Баш Мыйзамына, Гимнине ээ болуп кабыл алды.

 

Өлкө Президентине "Улут ажосун" ыйгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоору 2015-жылдын 18-декабрында Тажикистандын парламентинин жогорку палатасында, Мажлиси Миллиде, бир добуштан жактырылып, ага чейин бул мыйзам Мажлиси Намояндагондо кабыл алынган болчу.

 

2015-жылдын 25-декабрында өлкө Президент тарабынан "Улуттук биримдиктин жана тынчтыктын негиздөөчүсү-Улут ажосу" жөнүндөгү мыйзамына кол коюлган.

 

Баарыбызга белгилуу болгондой, өлкө Президентибиздин мамлекетибизде тынчтыкты, макулдашуу келишимин орнотуудагы эмгегин жана ролун эч ким унутпайт жана эстен чыгарбайт. Анын акылман жана көреөгөч саясатынын негизинде өлкөбүз, анын ичинде Мургаб районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсү толук камсыздалды.

 

Эгемендүүлүктүн жылдарында Мургаб районунун ар тараптуу өнүгүүсү ар дайым тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү болгон Улут ажосу урматтуу Эмомали Рахмондун жана Тажикистан республикасынын Өкмөтүнүн көңүл борборунда. Буга Тажикистан республикасынын өкүмөтү 2015-жылы 28-ноябрда «Мургаб районун 2016-2020-жылдзрда өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык Программасы» боюнча №726 токтому ачык далил болот. Мындай токтом эгемендүүлүктүн жылдарында экинчи жолу (биринчиси 2005-ж. №127- токтому кабыл алынган) кабыл алынып районубуздун өнүгүү камкордугу мамлекетибиздин көзөмөлүндө кала берүүдө.

 

Murgab egemen 4 1 Murgab egemen 4 2 Murgab egemen 4 3

 

Өлкө Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын аралыгында өлкөдө тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү болгон Улут ажосу урматтуу Эмомали Рахмон калкыбыздын социалдык жашоо-турмушун көтөрүүгө жана кам көрүүгө абдан көңүл бурду. Алардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, ата-энесинен айрылган балдарга өзгөчө жардамдар берилүүдө. 2013-жылы ошондой 30 балага нактай 1500 сомони, 500 сомони салынган сактык китепчесин жана баалуу белектерди өз колу менен тапшырса, 2016-жылы жардамга муктаж биринчи жана экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана он сегиз жашка чейинки тубаса ошондой балдар, жалпы 410 адам өлкө Президентинин акчалай жардамын же б. а. жалпы төрт жүз миң сомони нактай жардамын алышты. Жалпы калкыбыз өлкө башчысына чоң ыраазычылыктарын айтышып, азыр да эстеринен чыгарышпайт.

 

Эгемендүүлүктүн 25 жылынын аралыгында Мургаб районубуздан өлкөнүн Оли Мажилисинин депутаттары болушуп А. Атабаев, И. Шаджанов, М. Тойчиев, Ж. Кенжекулова жана азыркы Мургаб районунун төрагасы Жоошбаев Мурзабай Абилакимович Тажикистан республикасынын Оли Мажилисинин Улуттук Жыйынын мүчөсү болуп шайланышты.

 

Эгемендүүлүктүн жылдарында тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү болгон Улут ажосу урматтуу Эмомали Рахмондун жарлыгы менен Мургаб чыгаандары, ардагерлерибиз С. Абдырахманова, К. Камчыбеков, И. Шаджанов, Ж. Кенжекулова, Д. Асадбеков, Э. Абдыкадыров, А. Амираканов, Г. Ахмедшарипова, Б.Таипоп жана М. Жоошбаев ж.б.лар мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

 

Эгемендүүлүктүн 25 жылынын аралыгында Мургаб айылыбыздын көркүнө көрк кошкон заманбап имараттар салы нып, күндөн күнгө айыл ажары ачылып баратат.

 

Өлкө Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын аралыгында Каракорум-Көлмө-Мургаб-Хорог-Душанбе авто жолу бүткөрүлөп, жыл боюу иштей баштады. Ушул эле жылдары «ТСЕИ», «Билайн» жана «МегаФон» уюлдук байланыштары курулуп, калкыбыз ааламдын алкагында байланышка чыкты.

 

Мургаб айылына шаарча статусун берүү боюнча Мургаб жамаатынын 15- июндагы №18 чечими, райондук эл депутаттарынын райондук Мажилисинин 16-июндагы №20 чечими жана ТБАоблустук эл депутаттарынын Мажилисинин чечими кабыл алынып, Оли Мажилисине бул чечимдерди бекитип беруу сунушталды.

 

Murgab egemen 4 4 Murgab egemen 4 5 Murgab egemen 4 6

 

Райондун белгилүү инсаны раматылык Азимов Жоробай аке 1995-жылы Улут ажосу, Президентибиз улуу урматтуу Эмомали Рахмонду Аличордон Мургабка "Нива" маркасындагы өзүнүн автоунаасы менен районубуздун борборуна алып келгендиги улуу тарых барактарында калды. Улут ажосу, Президентибиз улуу урматтуу Эмомали Рахмон "Улуттук биримдик Күнү майрамында маркум Азимов Жоробай агабыздын үй бүлөсүнө "Нива" маркасындагы автоунаасын белекке тартуулады. Бул белекти Президенттин атынан облустун төрагасы урматтуу Шодихон Джамшед Ж.Азимовдун уулу Ибрагимге тапшырды. Ал зми Азимовдордун үй бүлөсүнө тапшырууда районубуздун төрагасы, Оли Мажилисинин депутаты Жоошбаев Мурзабай Абилакимович өзү катышты.


Өлкө Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын аралыгында элибиздин чыгаан уулдарынын: О.Исмановдун, А. Ахмедшарипов, С.Конокбаев, X. Алимсеитов, Мамираимов, К, Жанкулиев, Н. Карабаев, С. Сайниев, М. Бөрубеков, Г.Абсатаров, С.Пирмамбетовдордун эмгектери облустук, райондук мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органдары жана эл өкүлдөрү тарабынан эске алынып, алардын ысымдары районубуздун мектептерине, көчөлөрүнө коюлду. Алардын бири болгон Тажикистандын эмгек сиңирген мугалими Ниязбеков Сарабек агайдын ысымы областын терагасы, облустук эл депутаттарынын Мажилисинин терагасынын Шодихон Джамшеддин 24.06.2014 жылдагы №203-чечими менен Ыраң-Кел жамаатындагы балдардын көркөм өнөр мектебине ыйгарылып, жамаат жашоочуларын кубантты. Аталган мектептин өнөрпоз окуучулары Душанбе шаарына, көптөгөн райондорго, коңшулаш өлкөлөргө чейин барып келишти.


Бул жылдары райондук гезитибиз 1998-жылы кайрадан иштей баштап 4 бетте чыга баштаган, ал эми 2016-жылдан бери 8 беттен турган кош тилдүү түстүү гезитке айланды.


Өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн жылдарында эл-жерибиздин маданий байлыктары болгон «Сары-Кол легендалары» (АСТЕД), «Мургаб районунун кыскача тарыхый очерктери» (Б.Таипов), «Бар бол, Сары кол» (М.Тойчиев), «Кулжанаама» (М.Тойчиев), «Памир кыргыздыры» (А, Сапарбаев), «Тажикче- кыргызча сүйлөшмө» (С.Парманов), «Тажикче-кыргызча сүйлөшмө» (М. Тойчиев, А. Мурзаматов), «Мургаб элинин маданий мурастары» (АСТЕД, Тажидинов С. Ж. Ибраимова), «Чыгыш Памир искусствосунун катологу» (Ж. Ибраимова), «Ойнойлу, ордо оюнун» (Г.С. Ниязбеков), «Мургаб кыргыздарынын ордо оюну» (Г.С. Ниязбеков), «Тажик тили» (М.Тойчиев), «Баланы жашынан» (Л. Казыева) ж.б. көптөгөн китептер жарыкка чыкты.


Эгемендүүлүк жылдарында Тажикистандын областтар аралык достугу, социалдык-маданий карым-катнашы өсүп өнүктү. Хатлон областынын делегациясы келип атайын салтанаттуу иш чараларга катышып, жарманке уюштуруп чоң программадагы концерт тартуулашты.


 

Murgab egemen 1 7 Murgab egemen 1 8 Murgab egemen 1 9

 

Эгемендүүлүк жылдарында Тажикистандын Куралдуу Күчтөрү кубаттанып өлкө сыймыгына ээ болууда. Мургаб районунун эр азамат жигиттери азыркы күндө өлкөнүн бардык аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөдө.

Эгемендүүлүктүн шарапаты жаштарыбыздын өз жеринде билим алуусун толук чечти. Районубузда педагогикалык окуу жайы (1998-2003-жылдары) медициналык окуу жайлары ачылды. Ошону менен бирге калкты медициналык тейлөөдө, саламаттыкты сактоодо жакшы шарттар түзүлүүдө. Бул жылдары медицина тар-магына болуп көрбөгөндөй Тажикистан өкмөтүнүн жардамдары берилип, чет элдик инвестициялар тартылды. Эгемендүүлүк жылдарында келечек ээлери жаштар саясатына чоң көңүл бурулду. Алар окууда, эмгекте, билим алууда жана эс алууда өзгөчө камкордукка ээ.


Эгемендүүлүктүн шарапаты кыргыз улуттук оюндары болгон «ордо» оюнунун, "Ат чабыш" оюндарынын андан ары өнүгүүсүнө жакшы шарттарды түзүп берди. 2005-жылы биринчи жолу райондук мелдеш уюштурулду. 2014-жылы Кыргызстандын көгүлтүр Ысык-Көлүнүн боюнда өткөрүлгөн Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна катышууга чыйыр салышкан Ыраң-Көлдүк азаматтардын ордо командасы бул эл аралык оюнда үчүнчү орунду ээлешти. Өлкөбүздүн спорт капчыгына коло медалдарды салышып, Тажикстандын байрагын бийикке көкөлөтүп, эли-биздин өнөрүн дүйнө элдерине биринчи жолу даңазалады.


 

Murgab egemen 2 1 Murgab egemen 2 2 Murgab egemen 2 3

 

Өлкө эгемендүүлүгүнүн шарапатында «ордо» оюну андан ары өркүндөп, 2015 -жылы Тажикистандын байрагын көкөлөткөн райондун жаштарынын атынан барышкан «Ыраң-Көл» ордо командасынан төрт оюнчу Казакстандын борбору Астана шаарындагы Эл аралык ордо оюну боюнча өткөрүлгөн «Бес тапан»-«Асык» спортгук оюнда биринчи жана экинчи орундарды ээлешип, баалуу жана акчалай сыйлыктарга ээ болушуп, өлкөбүз Тажикстандын спорт капчыгына алтын жана күмүш медалдарды салышып, экинчи жолу өлкө байрагын бийикке көкөлөттү.


Жылдан жыл өтуп, мезгил оошуп олтуруп, баарына белгилүү болгондой, Союз таркагандан кийинки жылдары элибиз, жаштарыбыз үчүн ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу иштери бир аз аксап турду. Келечек муундарды ар түрдүү терс көрүнүштөрдөн алыс кармоо, аларды сергек жашоого үндөө маселеси жалпы коомчулукту да, мамлекеттик бийликти да ойлонууга алып келип жаткан учурда, Мургаб жергебизде жаштарыбызды сергек турмушка үндөгөн «Ордо» оюнубуз гана ойнолуп калды. Айыл-кыштактарда ар ким өз алдынча ордо оюнун ойношуп, ашык атып жүрүштү.


Алардын катарында бир команда болуп түзүлгөн команда: Азизбаев Байназар, Садирбаев Майрамбек, Акназаров Аттокур жана Жээнбек, Таштанов Алишер, Атакулов Кубанычбек, Ниязбеков Гожомберди, Бердияров Маматөрө, Бердияров Ибраим, Нажимидинов Келдибек аке, ж. б.лар болуп ойноп жүрдү. Бул күндөгү эл сыйлаган ардагерибиз Туратбек Көчөнов буларга аксакал болуп, убакыт табыла калганда чогултуп, айылдарга барып, оюн курушкан. Кийинки жылдары бул команда жаштар менен (Садыков Бекжол, Олжочиев Көкөнбек, Садирбаев Максат, Тажибаев Зарылбек) толукталды. Арадан жылдар өтүп, кийин бул команда «Мургаб-1» командасынын уюткусу жана райондук «Ордо» оюну боюнча жети жолку чемпиону болуп, райондун тарыхында кала берди. Мына эми, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында, б.а. 2016-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна катышкан айтылуу «Мургаб-1» командасынын азаматтары «ордо» оюнунда экинчи орунду багындырышты. Алар өлкөбүздүн спорт капчыгына күмүш медалдарды салышып, элибизди дүйнө элдерине дагы даңазалап, калкыбызды кубандырды.

Натыйжада, Мургаб районунун жаштары «ордо» оюну боюнча өткөрүлгөн Эл аралык оюндарга катышууда өлкөбүздүн, областыбыздын, районубуздун спорт капчыгына жалпы 38 медалдарды салышты.


Өлкө Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын аралыгында Мургабдык биринчи велоспортчу жана велосаякатчы- Мургабдык Эмомали (Жусупбек) болуп калды. ТБА облусунун Мургаб районунун жашоочусу Абдикаримов Эмомали (Жусупбек) Эсенкелдиевич азыркы күндө Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык колледжинин 2 курсунда окуйт. Анын бош убактысындагы хоббилеринин бири велосипед тебүү жана велоспорту менен машыгуу. Быйылкы жылы ал өзү спорттук велосипед сатып алып, каникул мезгилинде Ош-Чүй-Бишкек-Чолпон Ата-Ош маршруту боюнча саякатка чыгып келди. Бул анын биринчи саякаты, балким биздин Эмомали келечекте дагы чоң жана алыскы аралыкты багындырган велосаякатчы болуп калар. Ылайым, ошондой эле болсун!


Айтмакчы, бул спортчу жигиттин Эмомали деген ысым алуусу Мургаб районундагы тарыхый окуяга байланыштуу. Бул жөнүндө ата-энелери Эсенкелди менен Алмахан сыймыктануу менен билдиришти: "Уулубуз 1998-жылы 1-ноябрь күнү төрөлгөн. Ушул күнү улут ажосу Улуу урматтуу Президентибиз Эмомали Рахмон Мургабка келген, Президенттин урматына уулубузга Эмомали деп ысым бергенбиз жана Эсенкелди уулу Эмомали деп күбөлүк алганбыз".


Өлкө эгемендүүлүктүн шарапаты калкыбыздын жашоо турмушунун өнүгүүсүнө шарт түздү. Районубуздун тургундарынын заманбап унааларды колдонуу районубуздун тургундарынын жашоосуна кеңири кирди.


Ниязбеков Г.С.
"САРЫКОЛ" гезити
сентябрь 2016
www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены