Достук мамилелердин үзүрлүү кызматташтыгы

Достук мамилелердин үзүрлүү кызматташтыгы

Жаңырган жылы эгемендүү өлкөбүздүн турмушунда эстен чыккыс чоң мааниге ээ болгон даңазалуу окуялар менен мааракелик даталар бар. Алардын бири – жакында, 14-январда белгиленүүчү Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы.

 

Андан бери эки он жылдык өттү. Кылымдардан бери тарыхы да, тагдыры да камыр-жумур болуп, тоо десе тоого, суу десе сууга бай кооз, берекелүү аймакта бирге өмүр кечирип келген кыргыз жана тажик элдери жа­ңы доор шартындагы боордоштук алака-катыштарын улам чыңдап келишет. Ортодогу мамлекеттик кызматташтык негизинен үзүрлүү өнүгүп, ага өз ара пайдалуу жана тең укуктуу өнөктөштүк салты мүнөздүү. Мындай ынак коңшулаштыктын көп сандаган жакшы мисалдары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, башка тармактарда улам барган сайын мезгил күр­­дөөлүнө шай келип, айкын дагы, таасын дагы көрүнүүдө. Тажикстан Кыргызстандын маанилүү тышкы саясий өнөктөшү болуп саналат. Аны менен мурдатан келаткан салттуу жакшы коңшулаштык мамилени жана өз ара үзүр берүүчү ар тараптуу кызматташтыкты колдоп, өнүктүрүүгө негизделген эки тараптуу байланыштарыбызды тереңдетүү эгемендүү өлкөбүздүн Борбордук Азияда жүргүзгөн тышкы саясатынын аныктоочу милдеттеринен экендиги ырас. Стратегиялык өңүттөн алганда, өлкөлөр­­дүн узак мөөнөткө эсептелген түпкү кызыкчылыктарына жооп берүүчү - салттуу-сабаттуу достук, жакшы коңшулаштык мамилелерин мүмкүн болгон жолдор менен тереңдетүү талабы алдыбыздагы эң башкы жана негизги маселе.

 

Алака арты – береке

 

Ортодо түзүлгөн келишимдик-укуктук база өз кучагына 73 документти камтыйт. Алардын ичи­­нен 2004-жылы түзүлгөн Жакшы коң­шу­­лаштык жана өнөктөштүк мамилелер жө­­­­нүндөгү Келишим өз маани-маңызы, ке­ле­чектүү өзгөчөлүгү менен өтө орчундуу болуп саналат. Тажикстан менен жүргөн алака-ка­­тыш­­тарыбыз эки тараптуу гана эмес, ошондой эле көп тараптуу негизде да ийги­ликтүү өнүгүп жаткандыгын белгилеп коюу керек. Эки өлкө тең КМШ, ОДКБ, ЕврАзЭС жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун ишмердигинде, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү тынч­тыкты жана туруктуулукту сактоону камсыз кылууда жигердүү роль ойноп жатышат. Эки тараптуу мамилелерде коопсуздук маселелерине, чектеш райондордогу кыр­даалга, баңгизаттарды көмүскө айлантуу жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулууда. Чек ара маселелерин жөнгө салуу жагы да жылына эки мертебе өтүүчү өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйындарында үзгүлтүксүз талкууланып турат. Биз мамлекеттик чек ара көйгөйлөрүнүн юридикалык жол менен чечилиши эки тараптуу мамилелердин ырааттуу багытта өнүгүүсүнө төп келе тургандыгын жакшы түшүнөбүз. Мындай каалап-күткөн максат орундалуусу үчүн тараптардан өтө кылдат жана чоң машакаттуу иш жүргүзүү талап кылынат. Мамлекет жетекчилеринин жогорку деңгээлде өткөн жолугушуулары, чын ыкластуу жана ишкер мүнөздөгү байланыштарды түзүү тажрыйбасы жалпы саясий кырдаалга оң таасирин тийгизип, достук кызматташтыктын таламдарына кызмат кылуучу жаңы мейкиндиктерди ача тургандыгы шексиз. Мунун айкын мисалы катары, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууларын, ошондой эле эки өлкөнүн парламент спикерлеринин, премьер-министрлер менен тышкы иштер министрлеринин жолугушууларын атай кеткенибиз жөндүү. Кийинки жылдарда Тажикстанга бир катар Кыргыз Өкмөт мүчөлөрү, министрликтердин тармактык жетекчилери, эксперттер, маданият ишмерлери, күч жана укук коргоо мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү ишкердүү сапар жасашты. Бардык учурда жылуу жана достук кыр­даалда өткөн жолугушуулар, анан эң негизгиси – талкууга алынган бүт маселелерге карата конструктивдүү жол менен мамиле жасалышы эки өлкөнүн өз ара пайдалуу, эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө абдан кызыкдар экендигин дагы бир жолу ырастап турат.

 

“Эл башы болгуча, суу башы бол”

 

Саясий, экономикалык гана эмес, маданий, регионалдык байланыштарыбыз да жогорку деңгээлде экендигин канааттануу менен белгилей алабыз. Соода-экономикалык кызматташуу соңку жылдары бир эле деңгээлде калып, товар жүгүртүүнүн көлөмү, болжол менен, АКШ­нын 20 миллион долларына гана барабар өлчөмдө эле. Ал эми 2011-жылдан тартып уламдан-улам өсүп, кийинки эки жылдын ичинде эле 50 пайызга чейин жогорулап өстү. “Эл башы болгуча, суу башы бол” дегендей, эки өлкө тең өздөрүнөн башталган чоң-чоң суулардын башатында тургандыктан, суу-энергетикалык чөйрөдөгү регионалдык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасоо менен бирге, мүлдө Борбордук Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгына жигердүүлүк менен демилгечи болуп жаткандыгы өзү­нөн-өзү түшүнүктүү. Биздин өлкөбүз, өзүнүн ири транспорт-коммуникациялык түйүндөрдөн алыс жайгашкан географиялык өзгөчөлүгүнөн улам, эл аралык мааниге ээ болгон Дүйшөмбү –Жерге-Тал – Карамык – Сары-Таш автожолунун курулуп бүтүшү бизге келечекте байланыш жагынан көз карандылыкты азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Андай болгондо, кыргыз жергеси тажиктер үчүн Казакстан, Россия жана Кытай менен байланыш жасоонун, ал эми тажик жергеси кыргыздар үчүн - Афганистан, Иран, Индия, Пакистан жана башка түштүктөгү өлкөлөргө каттоонун ыңгайлуу жолу болуп калаар эле. Учурда соода, курулуш, офис жана үй эмеректери менен тамак-аш азыктарын даяр­дап, сатууга адистешкен ондогон кыргызстандык орто жана кичи бизнес өкүлдөрү барып жатышат. Өлкөнүн экономикалык дипломатия таламдарын эске алып, экономикабызга чет элдик инвестицияларды тартуу, ишкерлер менен бизнесмендердин ортосунда ишкердүү байланыштарды кеңейтүү жана тармактык министрликтер менен ведомстволордун алака түзүп иштөө аракеттерин жакшыртуу максатында биздин элчилик ар жыл сайын “Кыргызстан: инвестициялык жана ишкердүү мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы бизнес-форумдарды кеңири өткөрүп келатат. Кыргызстандын экономикалык күч-кубатын арттырууда туризмди өнүктүрүү орчундуу милдет экендиги талашсыз. Биздин элчиликтин кызматкерлери жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер, туристтик операторлор, эл аралык уюмдар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен тез-тез жолугушууларды өткөрүп, аларга кеңири пландагы маа­лыматтарды таратып, о.э. жыл сайын туристтик сезондун ачылышына карата “Ачык эшиктер күнүнүн” бет ачар аземин да уюштуруп турушат.

 

Боордоштор унут калбайт

 

Эки тараптуу мамилелерде Тажикстанда көптөгөн этникалык кыргыздардын, ал эми Кыргызстанда этникалык тажиктердин жашап турушу белгилүү ролду ойнойт. Бизде болгон маалыматтарга караганда, азыркы учурда тажик жергесинде жашаган кыргыздардын саны 56 миң адамга жетет. Алар негизинен Жерге-Тал районунда, Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Мургаб районунда жана Согд облусунда турмуш кечиришип, дыйканчылык жана мал чарбасы менен ­оокат кылышат. Элчилик бул аталган район, облустардын жетекчилери менен байланышта болуп, этникалык кыргыздардын жашоо-тиричилиги менен таанышып, аларга эл чарба адистерин жана мугалимдерди даярдоо чөйрөсүндө өз жардамын көрсөтүп келатат. Маселен, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө келип окуу үчүн ар жыл сайын өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 25 орун бөлүнүп берилүүдө. Соңку мезгилде Тажикстанга келген кыргыз диаспорасы менен боордоштук сезимди ойготкон жакшы иштер жүргүзүлүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп айтмакчымын. Элчиликтин көмөгү менен 2010-жылдын январында кыргыз диаспорасынын “Мекендеш” улуттук-маданий борбору уюштурулган. Мындай иштер уламдан-улам жанданып, боордошторубуздун муктаждыктарына жараша көрсөтүлгөн жардам-көмөктөр улам артып барууда. Маданий карым-катыштар жаатына токтолсок, маданият министрликтеринин ортосунда кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлуп, анын алкагында: Баткен облусунун - Согд облусундагы, ошондой эле Согд облусунун Баткен облусундагы маданият күндөрү өткөрүлдү. Эки өлкөнүн маданият ишмерлеринин катышуусунда Баткенде өткөн “Айгүл” – “Гули-Сурх” эл аралык фестивалы көптөрдүн эсинде чыныгы рух-маданият боордоштугунун майрамы катары сакталып калды. Мындай маданий чараларга Дүйшөмбүдөгү фестивалдарга катышкан кыргыз джаз жамааттарынын, Кыргыз Улуттук консерваториясынын, М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын концерт-оюндарын ыраазычылык менен кошуп кетүүгө болот.

 

Тажикстандагы эл аралык Зиёдулло Шахиди маданият фонду менен Кыргызстандын элчилиги биргелешип өткөргөн достук кечесинде жыл сайын Чыңгыз Айтматов менен Зиёдулло Шахидини эскерүү күндөрүн өткөрүп туруу жагы да чечилди. Жалпысынан айтканда, өлкөлөр ортосунда көп багытта уланып жаткан мамилелерге, эки тараптуу карым-катыштын өнү­­­­­гүүсүнө терс таасирин тийгизе турган өзгөчө карама-каршылыктар жок экендигин ишенимдүү түрдө белгилей алабыз. Жаңы доор, жаңы мезгил талаптарына төп келген жакшы коңшулаштык мамилелерибиз мындан ары да ийгиликтүү улана берерине ишеним чоң.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены