Ден-соолук өмүр булагы

Ден-соолук өмүр булагы

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык Ага-Хан фонду тарабынан каржыланып өз ишин баштаган “Туура тамактануунун жолдору” программасы эл арасында жүрүп жатканы анык. Бул программанын негизинде курстар, семинарлар болуп, айылдык мед кызматчылар, волонтерлер жана курстан окуп келген мугалимдер да эл арасына ушул программа боюнча китепчелер, дисктерди таратып иш жүргүзүп жатышат.

 

Баш-Гүмбөз айылындагы №7 К. Бердибеков атындагы орто билим берүү мекемесинде окуучулар жана мугалимдер арасында талапка ылайык семинар сабак, класстык сааттар өткөрүлдү.

 

Алсак мекеменин биология мугалими Айша Гожомбердиева 11-класстын окуучулары менен “Туура тамактануу- ден соолукка пайда” деген темадагы кыргыз тил мугалими Нажимидинова Элмира 10-класстын окуучулары менен “Ден соолук-өмүр булагы” деген темада класстык саат өтүп, тамактардын түрлөрүн, анын ичинде Бадахшан элинин улуттук тамактарынын жасалышын, кошулмалардын ден соолукка пайда экенин, тамактын түрлөрү боюнча коргоочу, өнүктүрүүчү, негизги, өстүрүүчү тамактар өмүрдүн узарышына өбөлгө экенин чечмелеп айтып өтүштү. Таасирлүү класс- тык сааттарды уюштурган эжекелерге мекеме жетекчиси алкыш барактарын тапшырды.

 

Негизи ушул программа ар бир адамдын бүгүнкү күндөгү ден-соолугунун начар, аң-сезимдин өсүүсүнүн пастыгына туура жол көрсөтөрү маалым. Азыркы учурдагы тамактардын аралашмалары көп болгондуктан жана дрожь (ачыткысы), ролтон жемелиги да ден-соолукка зыяндуулугунан, алардын колдонбой таза тамактарды колдонууга үгүттөйт. Бул программаны колдойбуз.

 

Негизи “ден соолук – өмүр булагы” демек барыбыз туура тамактанууну жолдорун туура колдонсок- деп чакырамын.

 

Жүниева Айзада,

Баш-Гүмбөз айылынын

кыргыз тил мугалими

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены