Дүйнөлүк этно-оюндар конфедерациясы түзүлдү

Дүйнөлүк этно-оюндар конфедерациясы түзүлдү

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бир жыл өткөндөн кийин дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы түзүлдү. Президенти болуп Билал Эрдоган шайланды.

 

Анын ачылышы Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага Кыргызстандан тышкары, аземге Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Монголия, Тажикстан, Литва жана Азербайжандын өкүлдөрү катышты.

 

Эми конфедерация түрк тилдүү элдердин улуттук спортун өнүктүрүүнүн камын көрөт.

 

Уюмдун алгачкы отурумуна 12 өлкөнүн 20 дан ашуун федерация өкүлдөрү чогулду.

 

Жаңы шайланган президент Блал Эрдоган Түркиядагы болуп өткөн кайгылуу окуяга байланыштуу Кыргызстанга келе албаса да, интернет аркылуу байланышка чыгып, этно оюндар конфедерациясын түзүү учурдун талабы деп белгиледи.

 

Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар олимпиада оюндарындай болушу шарт. Муну менен биз улуттук оюндарды жогорку деңгээлге чыгара алабыз”, - дейт ал.”

 

Угуу

 

 

 

Этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстан менен Түркиянын демилгеси боюнча түзүлүп, өзүнө элдик, салттуу жана Евразия мамлекеттеринин улуттук спорт оюндары боюнча федерацияларын камтыйт.

 

Этноюндарга Евразия өлкөлөрүнүн көк-бөрү, "Кавказ оюндары", "Ердын оюндары", "Маанчар оюндары" "Салбуурун" сыяктуу оюндар кирет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены