Боорго тартууну үйрөнсөк гана ынтымак болот

Боорго тартууну үйрөнсөк гана ынтымак болот

Этникалар аралык ынтымакты бекемдөөнүн кандай жолдору бар? Канткенде Манас бабабыз айтмакчы, курамадан куралган журтубуз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир атанын балдарындай биримдикте, араздашууну билбей жашайт? Бул суроого жооп алуу максатында белгилүү тарыхчы жана этникалык маселелер боюнча эксперт Асанканов Аблабек Асанкановичке кайрылдык.

 

— Эң биринчиси эле, кайсыл өлкөдө болсо да ала койду бөлө кыркпай, сен уйгур, сен кыргыз, өзбек же орус жана башка дебей бардык этникалык топтордун теңдигин камсыздоо зарыл. Ошондо гана гана алар өктөмдүк кылуу же басынуу, кысынуу дегенди сезбейт, тирешүүгө себеп болбойт.

 

Экинчиден, элдердин экономикалык абалын оңдоо зарыл. Анткени, ар кандай араздашуулардын өзөгү материалдык ресурстарга ээлик кылуу маселесинде жатат. Ошондуктан, ар бир эл башкалардын чөнтөгүн санабай, өзүнүн материалдык абалын жакшыртууга аракет жасап, иштөөнү үйрөнүшү керек. Өкмөт ушундай идеологияны жүргүзгөнү туура.

 

Үчүнчүдөн, өлкөдө мыйзамдын диктатурасына таянган тартипти орнотуу керек. Мыйзам алдында кыргызы, өзбеги, украини, дунганы сыяктуу өлкөнү байырлаган бардык улут бирдей болгондо гана жектешүүгө жол берилбейт.

 

Төртүнчүдөн, Кыр­гызстанда калктын 72%ын кыргыздар түзөрү маалым. Демек, кыргыздын тили башка улуттардын башын бириктирүүчү фактор болуп саналат. Өлкөдө жашаган башка этностор кыргыз тилинде сүйлөп, жазып жана ырдаса титулдук улутпус деген кыргыздын жүрөгү жибийт.

 

Бешинчиден, жогоруда айтылган ойду улай өлкөдө жашаган 80ден ашык улуттардын киндик кан тамган мекенге болгон сүйүү сезимин күчөтүү зарыл. Алар “жүрөгүм менин Татарстанда же Орусияда” дебестен, “менин Кыргызстаным, менин Таласым, менин Көлүм, менин Ошум” дегидей идеология жүргүзүү зарыл.

 

Алтынчыдан, мектептердеги Кыргызстандын тарыхы, географиясы жана адабияты сабактарында башка улуттардын тарыхыбызга, экономикалык жана маданий өнүгүүбүзгө кошуп келген салымдары тууралуу калыс маалыматтарды бергенибиз эң туура болот.

 

Жетинчиден, кадр маселесине көңүл буруп, башка улуттарды боорго тартсак. Окусам деле баары бир кызмат бербейт деп орус, дунган жана башка улуттун өкүлдөрү ойлонбошу керек. Мамлекеттик тилди билеби, билими туура келеби – иштесин, Кыргызстанга кызмат кылсын. Же жетекчи кызмат биздин өлкөдө жеке кыргыздын чекесине бүткөнбү?

 

Кыскартып айтканда, өңүнө, көзүнө, тилине жана тегине карап бөлбөй калыс саясат жүргүзсөк, курамадан куралган, бурамасы бекем ынтымактуу бир эл болобуз.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены