Биз кыргыз тилин так сүйлөйбүз

Биз кыргыз тилин так сүйлөйбүз

Узактагы боордоштор Турсун Жумалы, Кытай Эл Республикасынын, Синьцзян Уйгур автономиялуу районунун "Универсал" радиосунун башчысынын орун басары:

Биз кыргыз тилин так сүйлөйбүз

 

- Турсун мырза, Кыргызстандагы радиолор менен сиздердин "Универсал" радиосунун ортосунда кандай айырмачылыктарды байкадыңыз?

- Мен толук салыштырганга мүмкүнчүлүгүм болгон жок, бирок биздин "Универсал" радиобуз былтыртан баштап убактысы көбөйтүлгөн, 19 саат бою кыргызча уктурууларды берүүдөбүз. Берүүлөрүбүздө маалыматтар, дыйкан малчыларга кеңеш, арноо программалары, апталык маек, эфирден эргийли, дил кайрык жана адабий программалар бар. Мындан сырткары угармандар катышкан түз байланыш да камтылган. "Алтын ачкыч" деп аталган программабызда болсо, илим, билим тармагындагы талаптарды калкка маалымат катары жеткирип турабыз. Кыргызстанда пьеса деп аталса, бизде радиодрама деп аталат, радио­драмаларды жарым саат убакыт уктурулат. 1997-жылы "Баатыр Манас" аттуу радиодрамасын жазып уктурулуп баштаган. Мына быйыл дагы Манастын уулу Семетей деген радиодрамасын жазып эфирден бере баштадык. Мындан сырткары биздин радио Кыргызстанга "Кытай терезеси" же "Жуңго үнү" өзүбүздө бир саат, ал эми сиздерде телевидение аркылуу 2 саат көрсөтүлүүдө. Бул боюнча келишимди эки жылда бир жолу түзүп турабыз. "Кытай терезеси" берүүбүздө Кытайдагы жаңылыктардан, ишкерлерден, кооз жерлерден, тарыхый эстеликтер бар жерлерди тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, Мекен үчүн кызмат кылып жүргөн инсандарды тааныштырууну унутпайбыз. Ошондой эле ыр күүлөрдөн созолонгон, мукамдуу, ыргактуу ырларыбыз өтө көп, ушул радио аркылуу элге жеткиребиз. Менин байкоомдо, Кыргызстанда "Түз байланыш" жакшы өнүгүптүр. Элдин деңгээли жогору экен, түз байланышка угармандар тараптан актуалдуу талапка ылайыктуу суроолор берилип, жакшы катышкандыгын байкадым.

 

- "Универсал" радиосу ким тараптан уюштурулган?

- Кыргызча "Универсал" радиосу алгачкы жолу 1982-жылы ободо жарым саат убактысы менен жаңырган. Кийин бир саат, эки саат анан төрт саат болуп былтыртан баштап жана айтып өткөндөй 19 саат болду. Негизинен, бул радио кыргыз, кытай, уйгур, казак, монгол тилдеринде уктурулуп келүүдө. Ар бир улутка бөлүнгөн убакытта тек гана өз тилиндеги берүүлөргө басым коюлган. Мисалга алсак, Кыргызстандын телеберүүлөрүндө кыргызча, бир аз убакыттан кийин сөзсүз орус тилинде көрсөтүлөт экен. Бизде тескерисинче жалаң гана кыргызча дыйкан малчыларды сүйлөп, маектер, концерттер, дүйнөлүк жаңылыктар орун алат.

 

- Тил боюнча айтып калдыңыз. Бизде кыргыз тили ассимиляция кубулушуна ооп кеткен. Мисалга алсак, түштүктө өзбектерден, казактардан, орустардан сөздөр кирген, сиздерде кандай?

- Таасири албетте болот. Тил доордун таасирине учурап өнүгүп турат. Мисалы, кыргыздарда илгери башка чөйрө менен карым катнаш, барды келди деген жок болуп тил таптаза болгон. Сөздөр дагы азыраак кездешчү. Эми дүйнөгө ачылып, кыргыздар Европа өлкөлөрүнө чыгып, Кытайдын, Арабдардын маданияты кирип ошонун кесепетинен жаңы сөздөр пайда болууда. Кээ бир сөздөрдү кыргызча которууга болсо, кээ бир сөздөрдү которууга таптакыр болбойт. Бирок, Кытайдагы кыргыздар орусча таптакыр билишпейт. Ошондуктан, таза кыргызча же таза кытай тилинде гана сүйлөйбүз. Анткени, кытай тилин кыргыз тил группасына кошконго болбойт. Эгерде Кыргызстанда мындан ары орусча сөздөрдү кошуп сүйлөө өнүгүп кете бере турган болсо, менин оюмча, кыргыз эли тилге кайдыгерлик менен мамиле кылган болуп калат.

 

- Биздин кыргыз радиобузга бардым деп жатасыз. Кандай тажрыйба алдыңыз?

- Сиздердин радиодон жандуу, эркин башкаруу жактарынан үлгү алсак болот экен. Алып баруучулар ээн отуруп, так сүйлөгөнгө аракет кылып, келген мейман менен сүйлөшүүгө бат тил табышып, жакшы суроолорду беришип, телефон чалган угармандар менен дагы бат тил табышып кете алышкандыгын байкадым. Бир сааттык түз байланыш болсо, элге жатык тил менен түшүнүктүү кылып алып барганга аракеттери күчтүү экен. Кыргызстанда калк менен радионун байланышы жакшы өнүгүптүр. Бул жагынан тажрыйба алдым десем болот.

 

"Эркин Тоо", 27-август, 2013-ж.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены