Баракелде, Мухамедали!

barakelde-mukhamedali 2 Атабаев Мухамедали Осмонович (Махан)1978-жылы 10-октябрда ТРнын ТБА облусунун Аличор жамаатында кызматчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн. №6 О.Исманов атындагы жана №1 А.Ахмедшарипов атындагы мектептеринде окуп, жетилүү аттестатын алгандан кийин, Хорог шаарындагы М.Назаршоев атындагы ХоГУнун биология факультетин ийгиликтүү аяктаган. Өз эмгек жолун жаратылышты коргоо боюнча улуттук паркында егер (жол баштоочу) болуп иштөөдөн баштаган. Учурда “Бүргүт” (Бүркүт) коомдук уюмун жетектейт.

 

Бул жөнөкөй, кичи пейил, өз эмгеги менен элдин сыйына, калк кадырына ээ болгон аличордук жигитке жолугуп, ал жетектеген коомдук уюм жана анын иштери, келечек пландары жөнүндө бир аз баарлашып, ишмердүүлүгүнөн кабардар болдук.

 

М. О Атабаев уюштуруп, жетектеп келаткан “Бүргүт” (Бүркүт) коомдук уюму 2012-жылы уюштурула баштап, 2013-жылы атайын каттоодон өткөн. Аталган уюмдун негизги максаты жергиликтүү калк менен бирдикте тоо жаныбырларын: тоо илбирстерин, аюу, аркар-кулжа ж.б. коргоо, сактоо жана өнүктүрүү. Жайында, туристтик сезон башталганда, жерибизге саякаттап келген саякатчыларды үйрөтүлгөн топоз өгүздөр менен сейилдетип, ж.б. таң-тамаша уюштуруу аркылуу өз эл-жеринин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуу жана жардам берүү.

 

barakelde-mukhamedali 1

 

“Кудайга шүгүр, акыркы мезгилдерде районубузда көптөгөн өнүгүүнүн, жаңылыктардын күбөсү болуудабыз. Алардын катарында биздин уюмубуз да өз ишин улантууда. Биздин коомдук уюмубузда учурда он алты адам эмгектенүүдө, кудайым буюрса, дагы көптөгөн иш орундарын ачабыз, элге колдон келген жардамдарыбызды беребиз деген аракетибиз болууда. Бизди жамаатыбыздагы жалпы элибиз колдоп, иштерибизге жардам берип келүүдө. Аларсыз бир өзүм эмне кыла алмакмын... Анан калса, Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу-урматтуу Президентибиз Эмомали Рахмон дагы быйылкы 2018-жылды “Туризмди жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылы” деп жарыялап, биз сыяктуу ишкерлердин көңүлүн көтөрдү. Бул ишкерлерге жаңыча дем берди, жаңы багыттар ачылды. Анын негизинде жаңы идеялар пайда болду. Биз да өз кезегинде Өкмөттүн, өлкө башчыбыздын, облустун төрагасы Ш. Жамшеддин, районубуздун төрагасы М. Жоошбаевдин саясатын кош колдоп колдоого аракетибизди аябайбыз, -деп билдирди Мухамедали. Быйылкы туризмди өнүктүрүү жылына Аличор жамаатынын элинин колдоосу менен үйрөтүлгөн жыйырмадай топоз өгүздөр менен саякатчыларды тейлөөгө даярбыз десем жаңылбаймын.


Мындан тышкары аталган уюм- дун жетекчилиги быйылкы жылы балдар үчүн “Сомониён” деген эс алуучу жайын уюштуруп, бул ла- герге шериктеш “Пантера” фир- масы Америкадан эки окуучу алып келмекчи. Аксакалдарды, эмгек ардагерлерин “Чеш төбөдө- гү” эс алуучу жайына эс алууга жиберебиз деген пландары бар. Буга чейин бул уюм тарабынан жамааттагы мектептерге окуу китептерин, ооруканын күн чы- рагына акклуматор алып берип, муктаж адамдарга материалдык жана акчалай жардамдарды көрсөтүшкөн. Улуттук ордо оюн- дарын өткөрүүдө көмөктөшүп, бүгүнкү күнкү биз күбө болгон балдар бакчага бөбөктөр үчүн ойноочу аянтчасын тосмосу ме- нен куруп беришкен.


Биз ушул аличордук жигиттин, ал уюштуруп жетектеп келаткан коомдук уюмунун, анын мүчөлөрүнүн эл-жерине, коомго кылып келаткан иштерин угуп, көрүп, элибиз ушундай чыгаандар менен даңкталарына дагы бир жолу ишендик. Ылайым, ушундай чыгаандар элибизден чыга берсин деп тилек кылдык. Ал эми Мухамедали Осмоновичке кааларыбыз: ылайым жараткан өзү ишиңди илгерилетсин, ден соолугуң чың болуп, үй бүлөң, элиң менен аман бол! Калкыңа кызмат кылып, оомат-дөөлөтүң артсын!


"САРЫКОЛ" пресс

Ниязбеков Гожомберди

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены