Алайдагы “Ооган кыштак”

Алайдагы “Ооган кыштак”

Алай районунун Сары-Могол айылында Ошту көмүр менен камсыздаган кен бар. Көмүр кени казылуучу жайдын айланасында жупуну курулган жапыз тамдар жайнайт. Мына ошол тамдарды жергиликтүү эл "Ооган кыштак" деп коюшат.

 

Ооган кыштакта ар жагы Тажикстандын Мургабынан, бери жагы Баткенден келип оокат кылгандар бар. Алар чакан айылга көмүр алуу үчүн келген айдоочуларга тамак-аш, арак-тамеки сатышат. Андан сырткары кенди ачып жатканда топурак-чопо менен аралаш таштанды катары төгүлгөн көмүрдүн сыныктарын чогултуп, дүңү менен өткөрүшөт.



 

1 2
3 4
5 6
7 8
9 9 1

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены