Ала-Бука районунда жашаган этникалык кыргыздар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык ала алышпай келишкен

Ала-Бука районунда жашаган этникалык кыргыздар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык ала алышпай келишкен

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнө Ала-Бука районунда жашап жаткан кыргыздар арыз менен кайрылышкан. Алардын бири С.К. 2008-жылдан бери Ала-Бука районунда жашайт, 2010-жылы КР жаранына үйлөнгөн, алардын төрт баласы бар.


Ал эми Өзбекстандан көчүп келген Ю.Р. 1993-жылы КР жаранына турмушка чыккан. Ал 28 жылдын ичинде 12 жолу жарандык алуу үчүн документ өткөргөн, бирок анын баары натыйжасыз болгон.


Айыл аймагынан алынган маалыматка ылайык жогоруда аталган үй-бүлөлөр жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесинде турат жана алардын жарандыгы жок болгондуктан социалдык төлөмдөр берилбейт.


КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жогоруда аталган адамдардын кайрылууларын карап чыгышкан, белгилүү болгондой, жарандыгы жоктугунун айынан алар бир топ социалдык төлөмдөрдөн жана жеңилдиктерден (пенсия, жөлөк пул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, медициналык тейлөө ж.б) куру калышат.


КР Акыйкатчысынын өкүлдөрүнүн пикиринде, мунун баарысы Ала-Бука райондук жарандык актыларды каттоо, паспорттоштуруу жана калкты эсепке алуу бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаганынан улам келип чыгууда. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жеринде Ала-Бука райондук калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы Т.Сулайманов менен жолугушуп, ага арыз ээлери жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык алууга укуктуулугу жана буга ченемдик-укуктук актылар жол берээрин түшүндүрүшкөн. Ошондон кийин гана арыз ээси С.К жана Ю.Р. документтери кабыл алынып, Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментине жолдонгон.


КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн суроо-талабына берген жообунда Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин директорунун орун басары Б.Конушбаев 2021-жылдын 15-апрелинде Ю.Р. документтери, ал эми 28-апрелде С.К. документтери департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органына макулдашуу үчүн жөнөтүлгөнүн маалымдаган.


Директордун орун басары өз жообунда, "Этникалык кыргыздарга жарандык алууда КР аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбайт; башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле КР жарандыгын кабыл алуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызынын негизинде жүргүзүлөөрү, ошондой эле мамлекеттик алым төлөнбөй турганы" маалымдалган.


Ошондой эле жооп катта "Ала-Бука райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине өз милдеттерин мыйзам чегинде так жана туура аткаруу боюнча эскертүү берилгени" маалымдалган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены