Акылбек Атабаев: Көк Бөрү

Акылбек Атабаев: Көк Бөрү

«Көк бөрү» оюнунун аталышы гана көк бөрү (карышкыр)* менен байланыштуу болбосо, негизги оюундун эрежеси боюнча жигиттер (улакчылар) ат үстүндө эки жак болуп, улак тартышкан. «Көк бөрү» оюну күз мезгилиндеги оюндардын түрүнө кирген. Жай, жаз, кыш мезгили жер кыртышы ылайыксыз болгонуна жана турмуш шартына байланыштуу, күзүндө кышкы тоют камдалгандан кийин, оюн зоок той-тамаша башталып "улак" беришкен. Кышкы туулган улакты күзүндө тартышканына байланыштуу эл арасында «улак тартыш" деп айтылып келет. Оюндун пайда болушуна эчки менен дал көк бөрү өзү негиз болгон.

 

Кылым карыткан кыргыз эли өзүнүн үрп-адат, каада-салт, маданияты менен бүгүнкү күнгө чейин жашап келди. Далай турмуштун оош-кыйышы менен башка улуттардын маданиятына жакындап, теңирчиликтен ислам динине, андан кийинки Совет мезгилиндеги доордо дагы бир топ салт-санаасы өзгөргөн мезгилдерге дуушар болду. Кыргыздар бардык көчмөндөр сыяктуу эле жер которуп, жер соорусун тандап, жайлоого чыгып, кышкы аштыктын камын көрүшкөн.

 

Жайлоонун шаңы болгон той-тамашада ыр-күлкү коштоп, табыйгаттын кооздугуна жуурулган улан-кыздар шапар тээп, ар кандай оюн-зооктор болуп турган. Той-аш болгон жерде, аламан байге, кыз-куумай, жамбы атыш, эр-эңиш, оодарышмак, улак-тартыш (көк-бөрү) сыяктуу ат үстүндөгү оюндары жалпы элдин кызыгуусуна толгон. Дал ушул ат оюндарына төрт жүз төө, беш жүз жылкы, бир миң кой жана башка чоң байгелер коюлган.

 

Жаңы күлүктөрдүн тапталып чыгышы, жигиттердин атак-даңкка бөлөнүшү, уруш-талаш жана уруулар арасындагы араздашуулар да бүтүндөй ат оюндарынын үстүнөн келип чыккан. «Аламан байге» — 6-8 күндүк аралыкка коюлуп, чоң байгелер менен элдин бүйүрүн кызыткан. Аламан байге маарага жеткиче эл көңүлүн көтөрүш үчүн, жаа менен жамбы аттырып, улан-кыздар алты бакан селкинчек тээп, жаштарга «кыз куумай» оюндары уюуштурулган.

 

Ислам динин кабыл алганга чейин, тул калган жаш келиндерге: куржуну алтын-күмүшкө толгон бир төө жабдыгы менен байгеге коюлуп, "Төө-чечмей" оюндары да уюштурулуп турган [Ф.1981-ж 1.79]. «Ат адамдын канаты» дегендей, ат жалында шамал жиреп, кулагында ойноп чоңоюшкан көчмөн элдеринде ат оюндары негизинен бирдей болгону менен убакыттын өтүшү менен ар кандай алымча-кошумча эрежелери кирип өзгөргөн. Кыргыз элинин энцклопедиясы «Манас» эпосунда аламан байгеге чоң салтанат менен өзгөчө көңүл бурулуп төмөнкүчө айтылган:[315,316 ]

 

Беш жүз жылкы, бир миң кой,

Байгесине бөлүшкөн.

Он беш атка сайдырып,

Эки жүз жылкы, үч жүз кой,

Баш байгеге көрүштү.

Тогуз жылкы, тогуз кой,

 

Аягына бөлүштү – деп сүрөттөлсө, азыркы биздин доордо, баш байгеге «Джип» автомашинасы, ири суммада акча жана шаардан там, батирлер коюлууда. "Көк-Бөрү" оюнуну кыргыздарда "улак", казактарда "көк-пар" өзбек, туркмөн, турк элдеринде "көк-паари", "куп-кори", ал эми Ооганстандагы көчмөн элдеринде фарси тилинде "Бузкаши "деп ар кандай айтылып келүүдө. [https//ru.m.wikipedia.org.]

 

Азыркы кезде Ооганстандан Америкага барган мигранттардын салымы менен "Көк-Бөрү"оюну атайын ат майданында жасалма улактын макети менен ойнолуп, Оогандыктардын улуттук оюну катары айтылып жүрөт. Индия, Пакистан, Ооганстан, Кытай жана мурунку СССР курамында турган Таджикистан, Кыргызстандын так ортосунан орун алган Опол-Тоону* этектеп жашаган Сарыколдук* кыргыздарда дагы, ХIХ кылымдын аягына чейин улак тартуу эрежеси боюнча калың топтун ичинен ар бир улакчы жеке болуп улак тарышкан.

 

1892-95-жылдары Сарыкол кыргыздарынын бир бөлүгү ошол кездеги Улуу Британиянын калониясы болгон Индия-Пакистан менен Ооганстандын карамагына бөлүнүп, экинчи бөлүгү азыркы көркөм Памир Кытай Империясына, үчүнчү бөлүгү Орус Падышачылыгынын курамына өтүп, азыркы Мургаб району 1924-жылга чейин Ош уездинин курамында турса, 1925-29-жылдары азыркы Таджикистандын карамагына кирип, Тоолуу Бадахшан Автономия Облусунун 96% жерини түзгөн [111-117.-136 ].

 

1947-жылы Пакистан Индиядан өзүнчө бөлүнүп, эгемендикке жетишип, "улак тартыш" оюнунун эрежелери ар кандай өзгөрүп, азыркы оогандык көчмөндөрдүн ичинде "Бузкаши" деп ат оюну оогандык улуттук оюну катары тарап кеткен. Ошондой эле башка көпчүлүк интернет булактарда "көк бөрү" оюну Моңголдордун улуттук ат оюну, Чыңгыз-Хан менен Орто Азияга кошо келген деген дагы маалыматтар берилиптир.

 

"Көк-бөрү" оюнунун аталышы боюнча эл арасында ар кандай пикирлер айтылып келет. Өзбек тилинде "куп"- көп дегенди, ал эми "кори" — иши, көпчүлүктүн иши, же болбосо бир топтун оюуну дегенди түшүндүрөт деп айтылат [https//ru.m.wikipedia.org.]. Бир кезде улак, кой, кунан жана бөрү (карышкыр) тартылган деген да пикирлер айтылып, бирок эрежелери боюнча качан, кандай кезде, кантип ойнолгон деген суроолорго толук так жооп берилген эмес. "Көк-Бөрү" оюнунун аталышына, бөрүнүн кандай тиешеси бар экени жөнүндө түшүндүрмө берсек.

 

Ислам динин кабыл алганга чейин кыргызчылыкта көп нерселердин аты тергелип, каймана аттар менен айтылып келген. Келиндер кайын журтун мүнөзүнө, кылган ишине жараша атынан тергеп, чоң-бала, кичине-кыз, жылкычы-акем, бай-акем дешсе, (байкедеген сөздүн келип чыгышы) ал эми "Манас" эпосунда Манасты Айкөл, Чоң-жинди, ж.б каймана аттары менен айтышкан. "Атын атаса, куту сүйүнөт" деген сыңары, же тескерисинче, "Эшекти сөз кылсаң, кулагы көрүнөт" дегендей жин, шайтан, албарсты ж.б. макулуктарды атынан аташса, биз жөнүндө эмне сөз болуп жатат деп дароо пайда болуп, келип калышат деген дагы түшүнүктөр болгон.

 

Мал чарбачылык менен жашап келишкен көчмөндөрдүн душманы дагы көк жал болгондуктан, бөрү тийген короолордо жүздөгөн койлор кырылып турган. Ошол себептен, кыргыз эли бөрүнү каргыш түрүндө "жаагы карышсын" деп карышкыр, көк жал, тетири-таман деген аттары менен тергеп, эл арасына бүгүнкү күнгө чейин "карышкыр" деген каймана аты сакталып жетти.

 

Бөрү негизинен кыргыз элинде ыйыктыкты да түшүндүргөн. Бөрү жолдо жолукса же түшкө кирсе жол болот деп жакшылыкка жорушкан. Бөрү бир кезде көчмөндөрдүн ыйык колдоочусу, жол көргөзгүч тотеми* катары да болгон [ ]. Жол жүргөн жолоочуга Кыдыр-Ата* бөрү болуп жолугуп, туңгуйукта жол көргөзгөн кездери дагы айтылып жүрөт. Жаш бала ыйлаак болсо, бешиктин башына бөрүнүн же бүркүттүн баш сөөгү, же тырмагын ырымдап байлап койгон. Бөрү деген уруулар бүгүнкү күнгө чейин көчмөн элдердин арасында кездешип келет. Ошол себептен, көчмөндөр адам менен табият тыгыз байланышта жана кайып жаныбарлар менен руханий байланыштар бар деп эсептешкен. [Кыдыр-Ата. 315-317.]

 

Оозеки булактардан, «көк бөрү» оюну тууралу Кытайдагы Кызыл-Суу автономиялык округунун көркөм Памир, Чакырагыл-Гүңшө айылынын тургуну, молдо Нурмат Казынын кызы Зубайда* апанын (70-жаштагы) Атабай казынын* казалдарынан укканы боюнча 2005-жылы жазылып алынган. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Моголдоров Кубанычбектен* 2010-жылдары жазылып, "Аалам Кыргыздары" журналына* басылган [10.4 с.].

 

Манас атанын дооруна чейин, Тибет тоолорунун бери жагы, Алай тоолорунун ары жагындагы Акбалта, Жакып* жердеген, дүйнөнүн чокусу аталган Сарыкол* өрөөнүндө, төбөсү асман тиреген Опол-Тоо (Муздак-Ата) тоосунун этегинде санаса сан жеткис малы бар, кой үстүндө торгой жумуркалаган бейпил заманда Жанузак деген бий жашаган. Өмүрү узун болсун деп атасы мазар тайып жүрүп тапкан жалгыз уулунун атыны Жанузак койгон экен. Жанузак бий күздөөгө көчүп келген кезинде адамды таң калтырган бир окуя болуптур.

 

Кеч күүгүм жакындап, жандыктар короого кайткан кезде бир короодогу койдон кыш туума улак ээн талаада бөлүнүп калат. Аны көргөн жолоочу атчан, айылга бурулуп жалгыз улактын бөлүнүп калганы тууралу кабар берет. Жаштыктын күчүнө толуп турган, жоон билек, чымыр денелүү койчу жигит атына узөңгү теппей, дароо секирип минип, атылган жаанын огундай сызып, бөлүнүп калган улакты көздөй жөнөйт. Бөксө тоодон өткөн кезде күн кызарып, уясына бата баштаган кез болот. Жигит ээн талаада жалгыз турган улакты көрүп, жайылып турган шиберге аттын башын бура бастырат.

 

Бир кезде шибердин аркы жагынан, аска тоодон улакты көздөй жортуп келаткан көк бөрүнү көргөндө, жигиттин денеси дүр дей түшөт. Адамдын сүрүнөн айбанаттын падышасы Арстан дагы коркчу эле, бул кандай макулук деп өзүнүн көргөн көзүнө ишене албаган жигит, кайра бөрүдөн мурда улакка жетип, илип кетүүнү самап, атына «чу» деп камчы салат. Чымын-куюн болуп чаң чуурутуп келаткан караанды көзүнө илбеген бөрү дагы улам ылдамдай жортот. Эки тоонун эки жагынан чимирилген чаң ээрчитип келаткан эки караан бир-бирине улам жакындай берет. Улак, казык менен кагылгандай бир атчанды, бир өмүрүнө ажал болуп көрүнгөн бөрүнү карап, жалдырап ордунан жылбай туруп калат.

 

Асманда жай айланган бүркүт, экөөсүнүн талашына калыстык кылып көз салып турсамбы, же куушурулуп абаны жиреп барып улакты илип кетсемби дегенсип, имерилип учуп жүрдү. Бөрү түз талаага түшкөн кезде жигитке кандайдыр бир коркуу сезим пайда болуп, жүрөгү алап-желеп сого баштады. Көк жалдын айбатынан улакты алдырып коёмбу деп кооптонгон жигит, бир жагынан бөрүнү коркуткусу келип, «айт-ууйт» деп үн ката атына камчы сала баштады. Бөрү "сен ким элең" дегенсип, аттын дүбүртүнө, койчунун кыйкырыгына чымын чаккандай да көңүл бурбай, улам улакка жакындай келе берди.

 

«Ат менен бастырып, көк жалды олжого алам» деген жигиттин оюу санга бөлүндү. Атынын таноосу керилип, буту жерге тийип-тийбей улам улакка жакындап келаткан атчан жигит далай жырткычтарды көрдү эле, мындай адамдын сүрүнөн коркпогон бөрүнү биринчи жолу көрүшү болду.

 

Ошентип, бөрү менен жигит бир мезгилде улакка жетип, жигит улакты эңип алам деп аттан эңкейгенде, бөрү да жетип улакка тиш салды. Ажал менен кармашкан улак бүжүрөп, ордунан жылбай жалдырап туруп калды. Карышкыр жигиттен бир аз озунуп, улакты тиштей бергенде, жигит аттан эңкейген бойдон көк жалга жетип, бөрүнүн оозундагы улакты жулуп кетти. Көк бөрү дагы жалтанбай ат менен тең жарышып барып, так секирип, жигиттин алдындагы ээрдин кашында өңөрүп бараткан улакты жулуп кетти.

 

Арданган жигит кайра атына камчы салып барып, бөрүнүн оозундагы улактын башынан кармайт, ошентип талашып отуруп, күчкө толуп турган жигит менен бөрү улакты эки бөлүп алат. Жигиттин колунда улактын башы, бөрүнүн оозунда улактын тулку бою жулунуп кетет. Заматта ай булутка кирип, көзгө сайса көрүнгүс караңгы түн коюуланып, бөрү карангылыкка кирген бойдон сиңип көздөн кайым болот. Жигит өзүнө келип, эмне болгонуна түшүнө албай, болгон окуяны башынан кайра кайтарып өткөрүп, денеси дүркүрөп, аттын башын үйгө карай тартат.

 

Улактын башын алып айылга жеткен кезде, асманда жерди жап-жарык болуп жарыткан топтоголок толгон ай чыгат. Койчу жигиттин сөзүн уккан бий, жигиттери менен боору эзилгенче күлүп, шылдыңдашат.

 

— Бейтаалай, улакты союп, таш куурдак кылып, этин жеп койдум деп эле ачык айтпайсыңбы. Бөрү кантип эле аттын үстүнө секирип, улакты жулуп кетсин, кара башыңды жеп калп айтпай эле койбойсуңбу, — деп жигитттер туш тараптан жемеге алышат. — Мейли, ошол жетимге улак аш болсун, — деп бий чыйт түкүрүп басып кетет.

 

Эртеси кудум кечинде койлор үйгө кайткан кезде дагы бир улак талаада жалгыз калганы боюнча башка бир жолоочу айтып келет. Бий, жигиттери менен камынып, кандай сыр болду экен деп талаада калган улакты көздөй аттанышат. Кудум ошол кечээки кезде бий жигиттери менен белди ашып, ээн талаада жалгыз турган улакты көрүшөт. Тигине «Көк жал!»- деп аңгыча жигиттердин бири кыйкырып жиберет. Бөрү эч кимди көзүнө илбей аркы беттен улакты көздөй жортуп келатканынын көргөн жигиттердин оозунан келмеси түшүп, көргөн көзүнө ишене албай жүрөктөрү тарсылдап, каны ойной баштайт.

 

— Айтпадым беле силерге, тигине бөрү!- деп койчу жигит актана баштайт. Кечээ күнү койчуну шылдыңдаган жигиттер, эми жоо менен беттешчүдөй даярдыкта, тынчы кете баштаган күлүктөрү жер чапчып, бийден кандай буйрук болот экен дегенсип, күтүп туруп калышат.

 

— Карышкырды тирүүлөй кармагыла, терисин тетири сыйрыгыла, — деп бий буйрук берет.

 

Ураан, кыйкырык менен, жер чапчып койкоңдогон аттарына жигиттер камчы салышат. Ач кыйкырык, артынан сапырылган чаң ээрчитип, белден ылдый чууруп чаап келе жаткан топ аттардын дүбүртү жоонун жүрөгүнүн үшүн алмак, бирок бөрү аларга көңүл да бурбай жалгыз турган улакты көздөй бир калыпта жортуп келатты. Ошентип, дал кечээки жерде күчкө толуп турган топ атчан жигиттер менен көк бөрү беттешип, улакка жетип барышты.

 

Бөрү жигиттерден биринчи болуп улакты илип кетти. Артынан кочураган топ атчан жигиттер жетип келишип, көк бөрүнү ар тараптан камчы менен бастыра сабашып, жигиттердин бири аттан эңкейип, көк жалдын куйругунан алып, көтөрүүгө аракет кылды. Сол капталдан кирген жоон билек, камчысын оозуна тиштеген жигит көк бөрүнүн оозунан улакты жулуп кетти. Ошентип, топ жигиттер менен бөрү улам бири-биринен жула качышып, акырында бөрүнүн оозунда улак, ал эми топ жигиттердин колунда улактын башы калып кетет.

 

Көк бөрү заматта караңгы түнгө сиңип, көздөн кайым болот. Ошентип, бөрү менен бийдин жигиттери улак тартышып, көк бөрүгө улакты алдырып койгонуна арданган бий, ким улакты бөрүдөн жулуп мага алып келсе, он үйүр жылкы берем деп жар салат. Ошентип, эртеси бийдин жигиттерине башка айылдын жигиттери дагы келип кошулуп, көк бөрүгө каршы аттанышат.

 

Бул күнү жигиттер бөрүдөн улакты талашып жатып, улактын тулку бою жигиттерде ал эми улактын башы бөрүнүн оозунда кетет. Он үйүр жылкыны ойлогон жигиттер өз ара эми улаккты талаша баштап таң атканда кызыл кыя кан чайган атчан жигиттердин бири бийдин алдына башы жок улакты алып келип таштайт. Андан кийинки күндөрү «көк жал» бөрү дагы келбей, улак дагы талаада калбай калат. Жигиттер жети күн көк бөрүнү издеп жер кезип, изин дагы таба алышпайт. Ошентип, убакыт жетип, Жанузак бий кыштоого көчүп, мезгил өтүп, жыл айланат. Кайра кийинки жылы күзүндө так ошол күздөөгө Опол-Тоо тоосунун этегине көчүп келишет.

 

Бийдин жигиттери жана башка суу-суудан келген жигиттер түнү-күнү бир нече күн улакты аркандап коюуп көк бөрүнү күтүшөт, бирок көк бөрү келбегенине чыдамы кеткен жигиттер улакты ырым кылып, канына кан, жанына жан бердик деп мууздап, башын көк бөрүгө калтырып, өз ара ээн талаада улак тартышат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин улак тарткан жигиттерди "улакчылар" деп, союлган улактын башын бөрүгө талаага калтырышып, тулку боюн улак тартылгандан соң, улак берген кишинин үйүнө алып келип таштап кетишет.

 

Кийин бир далай убакыт өткөн соң, Сарыколду жердеген кыргыздар Манастын атасы Жакып бай Алтайга көчүп улак тартыш "көк бөрү" оюну Монгол жана Энесай жерлерине кеңири тараган. Бир топ эрежелер кирип, чек аралар бөлүнүп, мамлекеттер өзгөрүп, эл арасына кеңири жайылган «көк бөрү» оюну командага бөлүнүп, улак тартышып калды. Улак тартылган жерде улактын башын бөрүнүн акысына ырымдап кесип салышып, улак тартышат. Көчмөндөрдүн боз үйү "кыргыз үй", «көк бөрү», «тогуз коргоол», «ордо» ж.б оюндары кайыптан түшкөн деп эл арасында айтылып жүрөт. Бирок алар боюнча кийинчерээк башкадан сөз болсун.

 

Түшүндүрмө:

 

Бөрү (Карышкыр)- кыргыз эли көк жал, карышкыр деп негизинен бөрүнү каймана аты менен айтып келишкен. Мал-жандыкка тиш салбас үчүн каргыш түрүндө жаагы карышсын деп тергеп, эл арасына каймана аты менен карышкыр деп атылып калган.

 

"Аалам кыргыздары"- эл аралык адабий-көркөм журналы, 2008-жылы 12-декабрь күнү биринчи саны жарыкка чыккан.

 

"Сарыкол"- топоним. (Памир) Азыркы Ооганстандын түндүк чыгышы, Индия, Пакистандын түндүк жагы, Кытай Эл Республикасынын түндүк батыш жагында жайгашкан Памир тоолору ээлеп жаткан жер. Сарыкол санжырасында кыргыздар жашаган жери төрт аймакта болгон.

 

Сарыкол: (Кытайдагы көркөм Памир, Ооганстан Памири, Индия, Пакистандын түндүк жагы, Таджикстандагы Мургаб району Памир.) Каракол: (Тянь-шань, Жети-Суу,Хан-Теңри, Ысык-Көл).

 

Кең-Кол: (Соң-Көл, Жумгал, Чүй, Талас, Олуя ата Уралга чейин) Андижан кыргыздары (Ташкентке чейин) деп.

 

Сарыкол — Манас эпосундагы топоним. Манастын чоң атасы Ногой, атасы Жакып, Акбалта жайлаган жер деп берилет. (Сагымбай Орозбаков)[ 3.53.бет.]

 

Кыргыздар Манасты хан көтөрүп, Алтайдан Таласка көчкөндө, Акбалта:

Ардактуу Сары-Кол жерим бар,

Абийирдүү нойгут элим бар,

Биздин нойгут эл-журтта,

Кара эгинден күрүч көп,

Калайынан күмүш көп.

Боз коёндон түлкү көп,

Босого жайган мүлкү көп, — деп өз эл жерине кетүүнү суранат. (Саякбай Каралаев) [1.170.174.бет.]

 

"Манас" эпосунда Каныкей, Манас өлгөндөн кийинТаластагы Ак ордонун тонолгонун көргөндө, Семетейди алып төркүнү Букарга кетээрде,

— Кызырлуу Кең-Кол, кең Талас,

Кайран жерим эсен бол!

Ак калпакчан, көк чепкен,

Коштошо албай баратам,

Кайран элим эсен бол!- деп Кең-Колдогу эл жери менен коштошкону айтылыт. [1.541бет.] («Теңири Манас»)

 

Зубайда апа — Молдо Нурмат казынын кызы. Памирдеги атактуу Токур бек миң башынын кыз жагынан небере кызы (уруусу жаманаң).

 

Атабай казы 300 жыл мурда араб тилинде жазылган кыргыздардын санжырасы, өзү ыр жана кара сөз түрүндө жазып жыйнап жүргөн салт-санаа жана "Көк бөрү" жөнүндө ж.б. маалыматтары болгон 360 китеп китепканасы Кытайда 1936-жылы өрттөлгөн. Күйгөндөн калганыны элдер куран китеп деп таберикке бөлүшүп алып кетишкен дейт Зубайда апа [2005.ж].

 

Опол-Тоо- топоним. Ооганстан, Индия, Пакистан, Кытай жана Алай тоолоруна чектешкен Памир тоолорунда жайгашкан азыркы аталыша "Музтаг-Ата" тоосу. Бийиктиги 7546 м. 1895-жылы Кытай империясынын карамагына өткөн. «Манас» эпосунда адегенде Манастын бабасы Ногойдун ордосу турган, кийин Ороздунун он уулу мекендеген жер катары сүрөттөлөт.

 

Чоң атаң аты Ногой деп,

Картып турду Кашкарды.

Кара шаарга жеткенче,

Кан атаң Ногой башкарды.

Санатын алган Сары-Колду,

Аны самаган душман сап болду.

Ордо кылган Ополду,

Даң-Дүң тоонун оюна,

Далай журтун которду. (Сагымбай Орозбаков) [ 1.50.бет]

 

Акбалта, Жакып — Манас эпосундагы Манастын атасы бай Жакып, авасы Акбалта. [ ]

 

Моголдоров Кубанычбек — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаева айылында туулган.

 

Бузкаши-Оогадык көк бөрү оюну, фарси тилинде буз-эчки ал эми коши-тартыш дегенди түшүндүрөт. Эрежеси боюнча ар бир улакчы топко каршы жеке болуп улак тартышат. [https//ru.m.wikipedia.org.]

 

Кыдыр-Ата — куранда Хизр деп айтылып, Муса пайгамбага үңкүрдө жолуккан 60-82 аятта. Эл арасындагы түшүнүктө ак сакалчан ата, жаныбарлар кебетесинде дагы кубулуп жолочуларга жолугуп жол көргөзгөн олуя ата. (Хыдыр-ата, кожо Хызыр алейки салам.) Курани Карим 60-82 аяттар [315-317.]

 

Бөрү деген уруулар — кыргыз санжырасы [1996.1.413 .]

 

Тотемизм — диндин алгачкы түрлөрүнүн бири, адамдардын тобу (уруусу, расасы) жаныбарлардын бир түрү менен мистикалык байланышта бар деп эсептешкен.

 

Тотем — жан жаныбарлардын элесин туу, желектерге түшүрүп ж.б тамгалар менен жазып ыйык тутушкан.

 

Колдонулган адабияттар:

1. Манас эпосу. Сагымбай Орозбаков [ 1.50.340.]

2. Манас эпосу. Cаякбай Каралаев [1.170.174.]

3. Курани Карим 60-82 аяттар [315-317.]

4. Теңири Манас. Ашым Жакыпбек [ 1.541 ] [1.331.] [1.315,316] 5. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш.

5. Бектемир Жумабаев. [1.3:1.98-153.беттер.]

6. Тотемдер.

7. Кыргыз эл оюндары. Анаркулов.Х.Н. [Ф.1981-ж 79.]

8. Кыргыз санжырасы. С.Закиров. [ 1996.1.413 .]

9. Атабаев А.О. Алтай, Хакас, Тува, Монголя, Кытай, Ооганстан, Памир, Түркия, Өзбекстандан жыйналган маалыматтар. (макалалар) [2005-2010-жылдар.]

10. "Аалам-Кыргыздары"-эл аралык адабий-көркөм журналы.[ 10.4 саны.]

11. А. И Кошелева, П.А. Васильев. Административно- территориальное деление Таджикистана. (исторический очерк) г.Сталинабад. 1948. [111-117.-136]

комментарии

englewdex

Суббота, 11 Августа 2018 08:37

Не совсем согласен!

englewdex

Суббота, 11 Августа 2018 08:37

Спасибо;)

Акылбек

Среда, 01 Августа 2018 15:16

"Сары-кол" сайтына тизе бүгүп, чон ыраазычылыгымды билдирем.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены