№2 Токтогул атындагы орто билим берүү мекемесине 50-жыл

№2 Токтогул атындагы орто билим берүү мекемесине 50-жыл

Бул жылдын 19-сентябрында Кызыл-Рабат жамаатынын №2 Токтогул орто билим берүү мекемесинин айланасында кыргыз (боз) үйлөр тигилип, меймандар кабыл алынып, коноктор күтүлүп, майрамдык шанга бөлөндү. Бул күнү аталган мектептин 50 жылдык юбилейи өткөрүлдү.

 

Райондун суу-сууларынан, жамааттарынан чакырылган коноктор 18-сентябрь күнү кабыл алынып, меймандар Ак-Суулуктардын сыйлуу коноктору болушуп, кечинде Токтогул атындагы билим берүү мекемесинин эмгек коллективинин күчү менен жогорку деңгээлде даярдалган чоң программадагы концерттин күбөсу болушту. Эмгек коллективинин чоң чеберчиликте даярдаган бул концерти меймандардын, жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алардын алкыштарына ээ болушту.

 

Салтанаттуу аземге Мургаб районунун төрагасы, Мажлиси Олинин депутаты Жоошбаев Мурзабай Абилакимоваич өзү баштаган чооң топ райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн кызматчылары, мектеп директору, мектептин ар бир бүтүрүүчү муундарынын өкүлдөрү катышышты. Салтанаттагы райондун төрагасы Жоошбаев М.А. куттуктоо сөзүндө, жалпы Кызыл-Рабат жамаатынын жашоочуларын, мектеп коллективин, окуучуларды ушул 50 жылдык юбилейи менен куттуктап, мектептин жарым кылымдык тарыхындагы басып өткөн тарыхына, жалпы райондун тарыхындагы №2 орто мектебинин ролуна, анда иштеген мугалимдердин эстен кеткис жана унутулгус эмгектерине, булл мектепте билим алышкан жалпы бүтүрүүчүлөрдүн район үчүн, эли-жерибиз үчүн кылган албан эмгектерине кеңири токтолду.

 

Акыркы күндө Улут ажосу, өлкө Президенти Э.Рахмондун жана Тажикистан өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан саясаты, анын ичинде билим берүү тармагы боюнча, жаш муундарга билим берүү жана тарбия берүүдөгү камкордугуна өзгөчө басым жасады. Сөзүнүн акырында бул салтанаттуу юбилей менен №2 Токтогул атындагы билим берүү мекемесинин эмгек коллективин, анда билим алып жатышкан окуучуларын, жалпы Ак-Суулук туугандарды дагы бир жолу куттуктап, аманчылык, тынчылык жана бакубат турмуш-жашоо каалап, эмгек алдынкыларына Мургаб райондук өкмөтүнүн ардак грамоталарын тапшырды жана мектептин керектөөлөрү үчүн беш миң сомони бөлүп берди.

 

Төраганын куттуктоосунан соң билим берүү бөлүмүнүн башчысынын атынан Н.Турдуева куттуктоо сөзүн сүйлөп, билим берүүдө айырмаланган мугалимдерди ардак грамоталары менен сыйлады. Андан кийин куттуктоо сөзүн ар бир бүтүрүүчү муундардын өкүлдүрү алышып, өз муундарынын атынан мектепке, окуткан мугалимдерге алкыштарын, каалоо-тилектерин чын ыкыластан билдирүү менен мектепке окуу китептерин тапшырып жатышты.

 

Дал ушул жетишпеген окуу китептерин алып берип, мектепти колдоо иши ушул салтанаттын ар бир катышуучусунун жүрөгүндө уюду. Ылайым, дал ушул мектепке белек берүүдөгү окуу китептерин алып берип, колдоо көрсөтү демилгеси башка мектептерде да жолго коюлар деген ойго түрттү. Натыйжада, мектепке 165 даана эң зарыл, эң керектүү окуу китептери тапшырылды. Иш чаранын жүрүшүндө ардактуу эс алуудагы кадырлуу агайларга салтанаттын уюштуруучулары тарабынан сый белектери берилип, аларга эмгектери үчүн алкыштар айтылды.

 

Жалпысынан алганда, бул өткөрүлгөн №2 Токтогул мектебинин 50 жылдык маарекеси элдин, эмгек коллективдеринин жогорку деңгээлде уюштурулуп, маарекенин катышуучуларынын купулуна толуп, бул үчүн аталган мектептин администрациясына, директору Р.Жүнүевдин, Кызыл-Рабат жамаатынын төрагасы Д.Осмонбаевдин, жамааттагы мекеме-уюмдардын жетекчилеринин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашып, эл-жерибизде бейпил турмуш өкүм сүрүп, тойлор тойго улансын деп тилек кылышты.

 

"САРЫКОЛ" гезити
сентябрь 2016
www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены